YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 9

9
Абумалик
1Бир күнү Жеруп-Баалдын уулу Абумалик Шекемдеги таякелерине барып, алардын бүт элине мындай деди:
2– Шекемдин элине барып: «Жеруп-Баалдын жетимиш уулу силерге бий болгончо, анын бир эле уулу бий болгону артык эмеспи? Менин силер менен сөөгүм бир, кандашыңар экендигимди унутпагыла» деп айткыла. 3Таякелери Абумаликтин ниетин колдоп, анын сөздөрүн Шекем элине жеткиришти. Шекем жашоочулары «Эмнеси болсо да, Абумалик боор этибиз эмеспи» деп, ага көңүлдөрү ийиди. 4Ошентип, алар Баал-Бериттин үйүнөн жетимиш шекел күмүш алып, Абумаликке беришти. Ал ошол күмүшкө кара мүртөз, оңбогон кишилерди жалдап алып, аларды ээрчитип жүрдү. 5Абумалик атасы Жеруп-Баалдын жетимиш уулун өлтүрүү үчүн ата-журту Опрага кайтып келди. Өз бир туугандарын карматып келип, баарын бир таштын үстүндө өлтүрдү. Бир гана Жеруп-Баалдын кенже уулу Жотам жашырынып, аман калды. 6Андан соң Шекемдин эли менен Бейт-Миллонун эли чогулуп келип, Шекемдин жанындагы эмен дарагынын түбүндө Абумаликти падыша кылып алышты.
Жотамдын ибараты
7Бул окуя тууралуу Жотам укканда, ал Гаризим тоосунун бийик жерине чыгып барып, төмөн жактагыларга мындай деп тоо жаңырта кыйкырды:
– Эй, Шекем эли! Мен айтчу ибаратты уккула, ошондо силерди да Кудай угат! 8Күндөрдүн биринде дарактар чогулуп, өздөрүнө падыша дайындоону чечишти. Алар зайтун дарагына келип:
– Бизге падыша бол! – деп айтышты. 9Бирок зайтун дарагы аларга:
– Башка дарактардын үстүндө бутактарымды термелтип туруш үчүн эле кудайлар менен адамдарга сый көрсөтчү майымды бергенди калтырып коёюнбу? – деп жооп кайтарды.
10– Бизге падыша болуп бер! – деп дарактар эми анжир дарагына келишти.
11– Койсоңорчу, ширин, мөлтүрөгөн мөмөлөрүмдү таштап, башка дарактардын үстүндө бутактарымды теңселтип турганымдан не пайда? – деп ал да макул болбоду. 12Анан алар жүзүмгө барып:
Өзүң эле бизге падыша болсоңчу! – деп айтышты. 13Бирок жүзүм да аларга:
– Кудайлар менен адамдардын көңүлүн көтөргөн нак ширемди таштап, башка дарактардын үстүндө шактарымды термелтип тургандан не пайда? – деп баш тартты. 14Акыры алар тикендүү бадалга келип:
– Өзүң эле бизге падыша болчу! – дешти.
15– Эгерде мени чын ниеттен өзүңөргө падыша кылууну каалап жатсаңар, – деп айтты тикендүү бадал, – анда келип, бутактарымдын алдын башпаанек кылгыла. Эгерде антпесеңер, анда бутактарымдан от чыгып, ал тургай Ливандын зор бал карагайларын да өрттөп жиберет!
16Эми сөз төркүнүн уккула! Абумаликти падыша кылып, адил иш кылдык, абийирибиз таза деп ойлоп жатасыңарбы?! Маркум Жеруп-Баалга, анын бала-чакасына туура кылдык деп жатасыңарбы? Атамдын силерге кылган жакшылыктарына ушул кылганыңар туура келеби? 17Атам силер үчүн согушпады беле? Ал өз өмүрүн тобокелге салып, силерди мидияндардын колунан куткарып алган! 18Бүгүн болсо силер атамдын жууратына каршы баш көтөрдүңөр. Анын жетимиш уулун бир таштын үстүндө өлтүрдүңөр. Анын күңүнөн туулган Абумаликти бир бооруңар болгону үчүн эле Шекем элине падыша кылып алдыңар. 19Эгерде силер чындап эле Жеруп-Баалдын тукумуна адил иш кылып, абийириңер таза болсо, анда эмне дейин, Абумалик силер менен кубансын, силер да Абумалик менен кубангыла! 20Бирок андай болбосо, Абумаликтен жалын чыгып, Шекем менен Бейт-Миллонун элин өрттөп кетсин! Шекем менен Бейт-Миллонун элинен да от чыгып Абумаликти жалмап салсын!
Жотамдын каргышынын орундалышы
21Анан Жотам бир тууганы Абумаликтен качып, Бээрге барып, ошол жерде жашап калды. 22Абумалик болсо Ысрайылга үч жыл бийлик кылды.
23Ушул арада Жараткан Эге Абумалик менен Шекем элинин ортосунда араздашуу чыгарыш үчүн бир рухту жиберди. Ошол себептүү Шекемдин башчылары Абумаликке чыккынчылык кылышты. 24Ошентип, Жеруп-Баалдын жетимиш уулуна жасалган жамандыктын өчү алынды. Жетимиш уулдун төгүлгөн канынын куну өз бир туугандарын өлтүргөн Абумаликтин жана аны колдогон Шекем элинин мойнуна жүктөлүшү үчүн, Кудай ушундай кылды. 25Шекем эли Абумаликке каршы тоолорго буктурма коюп, жолоочуларды карактай баштады. Бул тууралуу Абумаликке кабар жетти.
26Ушул арада Эбеддин уулу Гаал бир туугандары менен Шекемге көчүп келип жашап калды. Ал Шекем элинин ишенимине кирди.
27Ошол күндөрү шекемдиктер талаага чыгып, жүзүмзарларынан түшүм жыйнашты. Анын ширесин сыгып, шарап жасашты да, анан тойлошту. Өз кудайынын үйүндө ичип-жеп, Абумаликти каргап-шилеп жатышты.
28Ошол жерде:
– Биз ага кызмат кылгыдай Абумалик ким болуп калыптыр?! – деп сөз баштады Эбеддин уулу Гаал. – Биз, шекемдиктер ага кызмат кылгыдай, ал ким эле? Ал Жеруп-Баалдын уулу да! Анын вазири Зебулга эмне үчүн баш ийишибиз керек? Андан көрө, Шекемдин атасы Хамордун урпактарына кызмат кылганыбыз жакшы! Эмне үчүн Абумаликке кызмат кылышыбыз керек?! 29Бул эл менин кол алдымда болсо кана! Абумаликти өзүм кууп салмакмын! Абумаликке: «Эр болсоң бүт колуңду чогултуп, майданга аттанып чык!» деп айтмакмын.
30Эбеддин уулу Гаалдын ушул сөздөрү калаа башчысы Зебулга жеткенде, заары бетине чыгып каарданды. 31Ал Абумаликке кабарчыларын тымызын жиберип: «Эбеддин уулу Гаал туугандары менен Шекемге көчүп келип, бүт шаарды сага каршы көтөрүп жатат» деп айттырды. 32«Ошондуктан, түн жамына кишилериң менен келип, шаардын сыртында бугуп жат. 33Таң сүрүп келатканда шаарга күтүүсүздөн кол сал. Гаал жигиттери менен сага каршы чыкканда, ага колуңдан келгенин жасагын!»
34Ошентип, Абумалик жоокерлери менен түн жамына жолго чыгып, Шекемге жетип келди. Аскерлерин төрт топко бөлүп, шаарга жакын жерде бугуп жатышты. 35Эртең менен Эбеддин уулу Гаал шаар дарбазасынын алдында турган. Так ушул убакта Абумалик аскерлери менен буктурмадан чыгып келишти. 36Гаал аларды байкап калып, Зебулга:
– Карасаң, тээ тоо башынан кишилер түшүп келатат! – деди.
– Тоо көлөкөлөрү көзүңө кишилер болуп көрүнүп жатса керек, – деп жооп берди беркиси.
37– Жок, карасаң, тиги кырлардан кишилер түшүп келе жатат! – деп кескин айтты Гаал. – Дагы бир тобу Төлгөөчүлөр эмени тараптан түшүп келе жатышат!
38Ошондо Зебул ага:
– «Биз ага кул болгудай, Абумалик ким болуп калыптыр» деп ооз көптүрүп сүйлөбөдүң беле. Сен ушул жоокерлерди шылдыңдабадың беле. Эми чыгып, алар менен беттеш! – деди. 39Ошондо Гаал Шекем элин баштап чыгып, Абумалик менен салгылашты. 40Бирок, беттеше келгенде, алар артка сүрүлө качып, Абумалик аларды сая кубалады. Шаардын дарбазасына жеткенче сансыз кишилер өлүштү. 41Ошондон кийин Абумалик Арумада туруп калды. Зебул болсо Гаалды туугандары менен кошуп шаардан кубалап чыгып, Шекемден жок кылды.
42Эртеси күнү шекемдиктер талаага чыгарын Абумаликке айтып барышты. 43Ал аскерлерин үч топко бөлүп, талаага буктурма койду. Шаардан элдин чыгып келе жатканын көргөндө, аларга кол салып, элди кыра баштады: 44Абумалик жанындагы жигиттери менен калаага чабуул коюп, шаар дарбазасын колго алды. Калган эки топ болсо, талаадагы элди кырып салды. 45Ошол күнү Абумалик кечке чейин шаар тургундары менен салгылашты. Аягында калааны колго алып, элин толук кырып салды. Шаарды болсо жер менен жексен кылып, ал жерге туз сээп салды. 46Бул окуя жөнүндө алыс эмес жердеги Шекем-Мунаранын төрөлөрү укканда, Эл-Бериттин үйүндөгү бекемделген жерге кирип, жашырынып калышты. 47«Шекем-Мунаранын элинин баары бир жерге чогулушуптур» деп Абумаликке кабар жетти. 48Ошондо Абумалик жанындагы бүт жоокерлерин ээрчитип, Салмон дөңсөөсүнө чыгып барды да, бутактарды балталап кесип, ийнине артып:
– Болгула! Мен эмне кылсам, силер да ошону кылгыла! – деп буйрук кылды. 49Жоокерлердин ар бири бир кучактан кургак бутак кесип алып, Абумаликти ээрчип жөнөштү. Алып келген бутактарды бекемделген жердин тегерегине үйүп, өрттөп жиберишти. Ошентип, Шекем-Мунарадагы аял-эркектин баары – миңге жакын киши курман болду.
50Анан Абумалик Тебеске жөнөдү. Шаарды курчоого алып, аны басып алды. 51Бирок шаардын ичинде бекем мунара бар эле. Калаадагы бүт эл, аял-эркек дебей ошол мунарага кире качып, эшигин бекитип, үстүнө чыгып кетишти. 52Абумалик мунарага чабуул койду. Аны өрттөп жибермекчи болуп, жакындап келди. 53Так ушул убакта мунаранын үстүндө турган бир аял жаргылчактын ташын Абумаликтин башына таштап жиберди эле, таш Абумаликтин башын талкалап кетти. 54Абумалик дароо нөкөрүнө:
– Кылычыңды тез сууруп алып, мени өлтүрүп сал! – деп буйруду, – антпесе элде «Абумаликти катын өлтүргөн» деген сөз калат.
Ошондо нөкөрү кылычы менен Абумаликти сайып өлтүрдү. 55Ысрайылдар болсо Абумаликтин өлгөнүн көрүп, ар ким өз үйүнө тарап кетип калды. 56Атасына кыянаттык кылып, жетимиш кандаш бир тууганын өлтүргөн Абумаликти Кудай ушинтип жазалады. 57Ошондой эле, шекемдиктердин кылган жамандыктарын да Кудай өздөрүнүн башына салды. Ошентип, Жеруп-Баалдын уулу Жотамдын каргышы аларга тийди.

Currently Selected:

Бийлер 9: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in