YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 7

7
Гидондун мидияндарды жеңиши
1Ошентип, Жеруп-Баал деген атка конгон Гидон таң эрте камданып, жоокерлери менен Харот булагынын жанына жайгашты. Мидияндар болсо алардан түндүк тараптагы Море адырларынын жанындагы өрөөнгө аскер ордосун курушту. 2Жараткан Эге Гидонго:
– Сенин адамдарың ашыкча көп экен. «Жоону өзүм эле жеңип алдым» деп Ысрайыл Мени каратып туруп мактанбашы үчүн, мидияндарды алардын колуна салып бербейм, – деп айтты. 3– Ошондуктан, «Ким коркуп, жүрөксүнүп жатса, Гилат тоосунан өз үйүнө кайтып кете берсин» деп элге угуза айт.
Ошондо 22 000 киши келген тарабына кайтып кетип, 10 000 киши калды. 4Бирок Жараткан Эге Гидонго:
– Жоокерлериң дагы эле көптүк кылат, – деди. – Аларды сууга алып түш. Мен аларды иргеймин. Кимисин «Сени менен барсын» десем, ал сени менен барсын. Кимисин «Сени менен барбасын» десем, ошол сени менен барбасын. 5Гидон аскерлерин сууга алып түштү. Жараткан Эге Гидонго:
– Сууну кочуштап ичкендерди өзүнчө, тизелеп олтуруп алып ичкендерди өзүнчө бөл, – деди.
6Ошондо сууну кочуштап ичкендердин саны 300 киши болду. Калгандары болсо чөк түшүп алып ичишти. 7Жараткан Эге Гидонго:
– Кочуштап суу ичкен ушул 300 жигитиңдин күчү менен силерди куткарып, мидияндарды колуңарга салып берем. Калган элди болсо коё бер, үйлөрүнө кайтып кете беришсин, – деди.
8Гидон өзүнө 300 жигитти калтырып, калгандарынын азыгы менен сурнайларын алып калып, өз үйлөрүнө кетирип жиберди.
Мидияндардын ордосу болсо төмөнкү өрөөндө жайгашкан эле. 9Ошол түнү Жараткан Эге Гидонго мындай деди:
– Жөнө! Мидияндардын ордосуна кол сал! Мен аларды сенин колуңа салып бердим! 10Эгерде чабуул койгондон коркуп жатсаң, анда алгач нөкөрүң Пурахты ээрчитип ордого түшүп бар. 11Мидияндардын сөзүн тыңша, ошондо шерденип, ордого кол саласың.
Ошентип, Гидон нөкөрү Пурахты ээрчитип алып, мидиян аскер ордосунун четиндеги күзөт тобуна жакындап барды. 12Мидияндар, амаликтер жана башка чыгыш элдери өрөөндө чегирткедей кыжылдап жатышыптыр. Алардын төөлөрү да деңиз жээгиндеги кумдай сан жеткис экен. 13Гидон жакындап келсе, бир адам жанындагысына көргөн түшүн айтып берип жатыптыр:
– Уксаң, мен бир түш көрдүм! Түшүмдө арпадан жасалган тегерек бир нан мидиян ордосуна тоголонуп келип, чатырга катуу урунду эле, ал чатыр ооп барып, кулап калды. 14Тиги болсо:
– Бул түшүң ысрайылдык Жааштын уулу Гидондун кылычы жөнүндө турбайбы! – деди. – Кудай мидияндарды ордосу менен кошуп анын колуна салып берген экен! 15Гидон түш тууралуу сөздү, анын жорулушун угар замат Кудайга таазим кылып, дароо Ысрайыл аскер ордосуна кайтып келди да:
– Тургула! Жараткан Эге мидиян ордосун колубузга салып берди! – деп айтты. 16Гидон 300 жигитин үч топко бөлүп, ар биринин колуна бирден сурнай менен ичине шамана салынган бирден кумура берди. 17Анан аларга: – Менден көзүңөрдү албагыла! Мен ордого жакындап келгенде, эмне кылсам, силер да так ошону кылгыла! – деп айтты. 18– Ордону курчап алгыла. Мен жанымдагы жигиттер менен сурнай тартканымда, силер да сурнай тартып: «Жараткан Эге үчүн! Гидон үчүн!» деп ураан чакырып кыйкыргыла.
19Түн жарымындагы тозотчулар алмашкан убакта Гидон 100 жигити менен ордого жакындап келди да, сурнайларын тартып, кумураларын талкалай башташты. 20Ошентип, үч топ тең сурнайларын тартып, кумураларын талкалашты. Алар сол колуна шаманаларын кармап, оң колуна тарткан сурнайларын алып: «Жараткан Эге үчүн! Гидон үчүн!» деп ураан чакырышты. 21Ошондо ар бир жоокер өз ордунан жылбай аскер ордосун тегеректеп турду. Ордодогулардын болсо баары дүрбөлөң түшүп, кыйкырып, туш-тушка качып жөнөштү. 22300 сурнай тартылганда, Жараткан Эге душманды бири-бирине каршы кылыч шилтетип койду. Келген жоо Серейрага бараткан жолдогу Бейт-Ашитке чейин качып жөнөдү. Алар Табатанын жанындагы Абел-Мекеланын чек арасына чейин качышты. 23Ошол арада напталы, ашыр жана менаше урууларынан ысрайылдар чакыртылып, алар да мидияндарды кубалап жөнөштү. 24Анан Гидон Эпрайымдын бүткүл тоолуу аймагына жасоолдорун жиберип: «Төмөнгө түшүп келип, мидияндарга чабуул койгула. Бейт-Барыга чейин Иордан дарыясын толук ээлеп, кечүүлөрдү көзөмөлгө алгыла!» деп айттырды. Ошондо бүт эпрайымдар чогулуп келип, Иордан дарыясынын Бейт-Барыга чейинки бүт кечүүлөрүн ээлеп алышты. 25Алар мидияндардын Ореп жана Зейеп деген эки аскер башчысын колго түшүрүштү. Орепти кийин Басур-Ореп деп аталып калган таштын жанында, Зейепти болсо кийин Баэгеп-Зейеп деп аталып калган жүзүм сыккычынын жанында өлтүрүштү. Алардын баштарын болсо Иордандын берки өйүзүндөгү Гидонго алып келишти.

Currently Selected:

Бийлер 7: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

Video for Бийлер 7