YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 3

3
Канаанда калган элдер
1-2Ысрайыл элинин канаандыктар менен болгон согуштарынын бирин да көрбөгөн жаңы муунду сынаш үчүн, алар согушканды үйрөнүшү үчүн, Жараткан Эге бул элдерди калтырып койду: 3пелиштилердин беш төрөсү, канаандыктардын бүт калдыгы, сидондуктар, Баал-Хермон тоосунан баштап, Хаматка кире бериш жерине чейинки Ливан тоолорунда жашаган хиби эли. 4Жараткан Эге ал элдерди ысрайылдарды сыноо үчүн, Муса аркылуу ата-бабаларына берген буйруктарын аткарат бекен деп текшериш үчүн калтырды. 5Ошентип, ысрайылдар канаан, хет, амор, периз, хиби, жебус элдеринин арасында жашап калышты. 6Анан ошол элдер менен кыз алышып, кыз беришип, алардын кудайларына кызмат кыла башташты.
Ысрайылдын Кушан-Ришатайымдын кол алдында калышы
7Ысрайыл эли Жараткан Эгеге жакпаган иштерди кыла баштады. Жараткан Эгени, өздөрүнүн Кудайын унутуп, Баал менен Аштерот кудайларына кызмат кылып жатышты. 8Ошондо ысрайылдарга Жараткан Эгенин каары тутанып, аларды Арами-Нахарайым падышасы Кушан-Ришатайымдын колуна салып берди. Алар сегиз жыл Кушан-Ришатайымдын бийлиги астында болушту.
Отниел бий
9Ошондо ысрайыл эли жардам сурап Жараткан Эгеге жалынды. Жараткан Эге аларга азаттык берүү үчүн куткаруучуну берди. Ал – Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел эле. 10Жараткан Эгенин Руху Отниелге түшүп, ал Ысрайылга бий болду. Ал согушка аттанып чыкты. Жараткан Эге Арами падышасы Кушан-Ришатайымды анын колуна салып берип, Кушан-Ришатайымды жеңди. 11Ошентип, Кеназдын уулу Отниел каза болгонго чейин өлкөдө кырк жыл бою бейпилдик өкүм сүрдү.
Ысрайылдардын мааптын кол алдында калышы
12Ысрайылдар Жараткан Эгенин алдында жийиркеничтүү иштерин кайрадан кыла баштады. Алар жаман иштерди кылганы үчүн Жараткан Эге маап падышасы Эглонду Ысрайылга каршы келе алгыдай күчтүү кылды. 13Падыша Эглон аммондор менен амаликтерден кол курап, Ысрайыл менен согушууга жортуулга чыкты. Ал ысрайылдарга кол салып, Курма шаарын басып алды. 14Ошентип, ысрайылдар он сегиз жыл маап падышасы Эглондун букарасы болушту.
Эхут бий
15Ошондо ысрайыл эли жардам сурап Жараткан Эгеге жалынды. Жараткан Эге элди куткаруу үчүн бенжамин уруусунан Геранын уулу Эхутту чыгарды. Ал сологой жигит эле.
Бир күнү ысрайылдар маап падышасы Эглонго Эхут аркылуу салык берип жиберишти. 16Эхут өзүнө узундугу бир чыканак кош миздүү канжар жасап, кийиминин ичинен, оң капталына байлап алды. 17Ал салыктарды Эглон падышанын алдына алып келди. Падыша болсо абдан семиз киши эле.
18Эхут Эглонго салыктарды бергенден кийин, чогуу келген кишилери менен кайра артка жол тартты. 19Бирок Гилгалдагы таш буркандардын алдына жеткенде жигиттерин узатып коюп, өзү падышанын алдына кайтып келди. Ал:
– Өкүмдарым, сизге айтчу жашыруун сөзүм бар эле, – деп айтты.
– Акырын! – деди да, падыша кызматчыларынын баарын сыртка чыгарып жиберди.
20Падыша үстүнкү салкын бөлмөдө жалгыз калды. Өз тактысында олтурган падышага Эхут жакындап келип:
– Өкүмдарым, сизге Кудайдын кабарын айтайын дедим эле, – деп айтканда, падыша тактысынан өйдө турду.
21Эхут оң капталында байланган канжарды сол колу менен сууруй калып, падышанын курсагына матырып алды. 22Курч канжар анын курсагын жарып кирип, сабына чейин матырылып, учу чычаңынан чыгып калды. Эхут шамшарын кайра сууруп алган жок, анткени курсактын майы жарылган жерди бүтөп калган эле. 23Эхут үстүнкү бөлмөнүн эшиктерин ичинен бекитип, далиске чыкты да, кетип калды. 24Ал кетип калгандан кийин, падышанын кызматчылары келип, үстүнкү бөлмөнүн эшигинин бек экенин көрүштү. «Падышабыз салкын бөлмөдө даарат ушатып жатса керек» деп ойлошту. 25Алар көпкө күтүштү, бирок бөлмөнүн эшигин эч ким ачпагандыктан, ачкычты алып келишти да, эшикти ачып киришип, өкүмдарынын сулап өлүп жатканын көрүштү.
26Ушул убакыттан пайдаланып, Эхут ал таш буркандар турган жерден өтүп, Сейрага качып кетти. 27Эпрайым тоолоруна келери менен сурнай тартып бүт ысрайыл элин согушка чакырды. Эхут ысрайыл уулдарын баштап тоодон түшүп келди. 28Анан баарына кайрылып:
– Менин артымдан жүргүлө, – деп айтты. – Жараткан Эге душманыбыз мааптарды колубузга салып берди.
Бүт элдик кошуун анын артынан ээрчип жөнөдү. Алар Иордан дарыясынын маап элине өтчү кечүүсүнө түшүп келип, кечүүнү ээлеп алып, бир да кишини аркы өйүзгө өткөрбөй коюшту.
29Ошол күнү алар мааптын 10 000 алп, күчтүү жоокерин кырып салышты. Алар кайраттуу жигиттер эле, бирок бирөө да аман калган жок. 30Ошол күнү ысрайылдар мааптарды багынтышты. Ошентип, өлкөдө сексен жыл бою бейпилдик өкүм сүрдү.
Шамгар бий
31Эхуттан кийин Анаттын уулу Шамгар ысрайыл элин куткарган бий болду. Бир жолу ал өгүз айдаган шиш таягы менен эле пелиштинин 600 кишисин өлтүргөн.

Currently Selected:

Бийлер 3: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

Video for Бийлер 3