Бийлер 4
4
Ысрайылдардын канаан падышасынын кол астында калышы
1Эхут көз жумгандан кийин ысрайыл эли Жараткан Эгеге жакпаган иштерин кайрадан кыла баштады. 2Ошондуктан Жараткан Эге аларды Хасордо бийлик кылган канаан падышасы Жабинге багындырды. Анын аскер башчысы Сисра Харошет-Агойимде жашачу. 3Сисранын 900 темир майдан арабасы бар эле. Ал ысрайылдарды жыйырма жыл аёосуз эзгенде, ысрайыл эли жардам сурап Жараткан Эгеге жалынды.
Дебора бий
4Ал кезде Лапидоттун зайыбы, пайгамбар аял Дебора Ысрайылда бий болуп турган. 5Ал Эпрайым тоолорундагы Рама менен Бейтел шаарларынын ортосундагы «Деборанын курмасы» деп аталган курма дарагынын астында отуруп, калыстык издеп келген элди кабыл алчу.
6Бир күнү Дебора чабарман жөнөтүп, Напталы уруусунун жериндеги Кедеш шаарынан Абынаамдын уулу Баракты чакыртып алып:
– Жараткан Эге, Ысрайылдын Кудайы сага мындай деген буйрук берди: «Напталы менен забулун урууларынын уулдарынан 10 000 кишини чогултуп, Табор тоосуна алып чык. 7Мен болсо падыша Жабиндин аскер башчысы Сисраны майдан арабалары, түмөн аскери менен Кишон сайына алып келип, сенин колуңа салып берем» – деди.
8Барак Деборага:
– Эгерде сен мени менен барсаң, мен да барам, эгерде мени менен барбасаң, мен да барбайм, – деди.
9– Макул, сени менен барайын, бирок бул согушта атакка ээ болбой каларыңды билип кой. Анткени Жараткан Эге Сисраны аял кишиге багынтып берет, – деди да, Дебора камданып, Барак менен чогуу Кедешке жөнөдү. 10Барак забулун менен напталы урууларын Кедешке чогултту. 10 000 киши чогулуп, Баракты ээрчип жөнөдү. Дебора да алар менен кетти.
11Кейни элинен Хебер ысымдуу бир киши урук-туугандарынан бөлүнүп, Кедештен алыс эмес Сананимдеги зор эмен дарагынын жанына көчүп барган эле. Ал киши Мусанын кайнагасы Хобаптын урпактарынан болгон.
12Абынаамдын уулу Барак кол курап, Табор тоосуна чыгыптыр деген кабар Сисрага жетти. 13Сисра бардык атчан аскерин, 900 темир майдан арабасын, бүт жоокерлерин чогултуп, Харошет-Агоимден Кишон дарыясын көздөй жөнөдү. 14Ошондо Дебора Баракка:
– Кана эми, аттангын! Бүгүн Жараткан Эге Сисраны сенин колуңа салып берет. Ал Өзү сени жоого каршы баштап барат, – деп айтты. Ошондо Барак 10 000 аскерине баш болуп, Табор тоосунан түшүп келди. 15Барак чабуул койгондо Жараткан Эге Сисраны, анын бардык майдан арабалары менен бүт кошуунун дүрбөлөңгө салды. Сисра болсо майдан арабасынан түшө калып, жөө качып жөнөдү. 16Барак жоонун майдан арабалары менен жоокерлеринин артынан Харошет-Агоимге чейин сая кубалап барды. Сисранын бүт кошууну кылычтан кырылып, бири да аман калган жок.
17Сисра кейни элинен чыккан Хебердин аялы Жаелдин чатырына качып барды, анткени Хасор падышасы Жабин менен Хебердин уругу өз-ара ынтымакта болчу. 18Жаел Сисраны алдынан тосуп чыгып:
– Кадамыңыз кут болсун, төрөм, чатырга кириңиз. Эч кооптонбоңуз, – деди.
Сисра чатырга киргенде, анын үстүнө кийиз жаап, жашырып койду. 19Сисра аялга:
– Суу берчи, таңдайым катып кетти, – деди.
Аял сүт куюлган чаначтын оозун чечип, ага сүт ичирди да, үстүн кайрадан чүмкөп койду. 20Колбашчы кайрадан аялга:
– Чатырдын оозунда тур. Эгерде бирөө-жарым келип: «Чатырда ким бар?» деп сураса, «Эч ким жок» деп жооп бергин, – деп дайындады.
21Сисра жаны жер тартып чарчагандыктан, талыкшып уктап кетти. Ошол убакта Хебердин аялы Жаел чатырдын казыгын, барсканды колуна алды. Шырп алдырбай басып келди да, казыкты анын чыкыйына туштай уруп, жерге кадап салды. Сисра ошол жерде мүрт кетти. 22Ушул арада Сисраны кубалап жүргөн Барак келип калды. Жаел аны утурлай чыгып, ага:
– Ичкери кириңиз. Мен сизге издеп жүргөн кишиңизди көрсөтөйүн, – деди. – Барак чатырга кирсе, чыкыйына казык кадалган Сисра өлүп жатыптыр. 23Жараткан Эге ошол күнү ысрайылдарга канаан падышасы Жабинди багынтып берди. 24Ысрайыл эли улам күч алып, акыры канаан падышасы Жабиндин кошуунун толук жок кылды.
Currently Selected:
Бийлер 4: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018