Бийлер 14
14
Шимшон жана тимнахтык кыз
1Күндөрдүн биринде Шимшон Тимнах шаарына барды. Тимнахта бир пелишти кызына Шимшондун көзү түштү. 2Үйүнө кайтып келгенде:
– Мен Тимнахта бир пелишти кызын көрдүм. Ошого куда түшүп келгилечи, – деп ата-энесинен суранды. 3Бирок атасы менен энеси:
– Өз уруубузда, ал тургай бүт Ысрайылда кыз жок бекен? Сен чындап эле сүннөтсүз пелиштилердин кызын алганы калдыңбы? – дешти. Бирок Шимшон:
– Ооба, так ошол кызды мага алып бергиле, ал мага жагып калды, – деп туруп алды.
4Шимшондун ата-энеси бул иш Жараткан Эгеден экенин билген жок. Жараткан Эге Ысрайылга ошол кезде үстөмдүк кылган пелиштилерди жазалоо үчүн себеп издеп жаткан. 5Акыры Шимшон ата-энеси менен Тимнахка кайра жөнөдү. Алар Тимнахтагы жүзүмзарга жакындап калганда, анын алдынан жаш арстан аркырап чыга калды. 6Ошол көз ирмемде Жараткан Эгенин Руху Шимшонго келип түшүп, ал күчкө толду. Ошондо анын колунда эч нерсе болбосо да, улакты жиликтеп бөлгөндөй кылып, арстанды айрып-жулуп салды. Бирок бул тууралуу атасы менен энесине айткан жок. 7Анан Шимшон кыздын алдына барып, аны менен сүйлөшүп көрдү. Ал бийкеч Шимшонго аябай жакты.
8Көп өткөрбөй, Шимшон кызга үйлөнмөкчү болуп, Тимнахка кайра жол тартты. Жол-жолокой баягы арстандын тарпын көргөнү кайрыла калды. Караса, арстандын кургап калган сөөгүнө аарылар уюк салып алышыптыр, уюкта бал да бар экен. 9Шимшон балдан кочуштап алып, жолду ката жеп кете берди. Андан ата-энесине да берип, алар да жешти. Бирок балды арстандын кургап калган сөөгүнөн алганын аларга айткан жок#14:9 Сандар 6:1-6 караңыз..
10Анан Шимшондун атасы да кыздын үйүнө келди. Салт боюнча Шимшон күйөө бала катары кайын журтунда той берди. 11Кыздын төркүндөрү анын жалгыз экенин көргөндө, отуз жигитти ага күйөө жолдош кылып коюшту. 12Шимшон ошол жигиттерге:
– Мен силерге бир табышмак айтайын. Эгерде аны ушул жети күндүк той күндөрүндө жандыра алсаңар, ар бириңерге зыгырдан токулган бирден ички кийим, бир сыйрадан сырт кийим берем, – деп сунуш кылды. 13– Эгерде жообун айта албасаңар, анда силер мага зыгырдан токулган отуз ички кийим, отуз сырт кийим бересиңер.
– Ошондо жигиттер:
– Табышмагыңды айта бер, угуп көрөлү, – деп жооп беришти.
14– Шимшон аларга:
– Жеп койчунун ичинен жей турган нерсе чыкты, күчтүүнүн ичинен таттуу нерсе чыкты – деп айтты.
Арадан үч күн өттү, бирок жигиттер табышмакты жандыра алышкан жок.
15Тойдун төртүнчү күнү алар Шимшондун колуктусуна келип:
– Силер бизди тоноп алыш үчүн чакырган турбайсыңарбы? Бол! Күйөөңдү азгырып, табышмактын жообун билип бер, – деп айтышты. – Болбосо, сени да, атаңдын үй-ичиндегилерди да өрттөп жиберебиз! 16Ошондо колукту Шимшондун алдына келип:
– Сен мени жаман көрөт турбайсыңбы, мени сүйбөйт турбайсыңбы, – деп шолоктоп ыйлады. – Сен элимдин жигиттерине айткан табышмактын жандырмагын мага айтпай койдуң!
– Муну карасаң! – деди ага Шимшон. – Ата-энеме айтпаган табышмактын жандырмагын сага айта салайынбы? 17Бирок колуктусу жети күнгө созулган той бүткөнчө анын мазесин алып ыйлай бергендиктен, акыры Шимшон табышмактын жообун ага айтып берди. Кыз болсо дароо жандырмакты өз элинин жигиттерине айтып салды. 18Жетинчи күнү күн бата электе баягы жигиттер Шимшондун алдына келип:
– Аселден ширин азык барбы?
Арстандан күчтүү айбан барбы? – деп табышмактын жообун айтып беришти. Ошондо Шимшон аларга:
– Кунаажынымды кошко салып айдабаганыңарда, акылыңар жетмек эмес табышмакка, – деп айтты. 19Так ошол көз ирмемде Жараткан Эгенин Руху Шимшонго түшүп, ал күчкө толду. Шимшон Ашкелон шаарына жөнөп кетти. Ал жерде ашкелондук отуз кишини өлтүрүп, үстүндөгү кийимдерин сыйрып алды. Аларды табышмактын жандырмагын тапкандарга алып келип берди да, каарданган бойдон атасынын үйүнө кетип калды. 20Шимшондун колуктусун болсо анын күйөө жолдошуна узатып жиберишти.
Currently Selected:
Бийлер 14: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018