Бийлер 13
13
Шимшон бийдин төрөлүшү
1Ысрайыл эли кайрадан Жараткан Эгеге жакпаган иштерди кыла баштады. Жараткан Эге аларды кырк жылга пелиштилердин колуна салып берди. 2Ошол заманда Сорада Дан уруусунан болгон Манояк деген киши жашачу. Анын аялынын согончогу канабагандыктан, перзенти жок эле.
3Күндөрдүн биринде Жараткан Эгенин периштеси Манояктын аялына көрүнүп:
– Сен ушул күнгө чейин төрөбөс болчусуң, эми кош бойлуу болуп, уул төрөйсүң, – деди. 4– Мындан кийин шарап да, башка күчтүү ичимдикти да ичпе, арам деп эсептелген тамакты жегенден да сак бол. 5Жүктүү болуп, уул төрөйсүң. Бала курсагыңда жатканда эле Кудайга багышталган назир болот, ошондуктан анын башына устара тийбеши керек. Ал ысрайыл элин пелиштилердин колунан куткара баштайт. 6Анан аял күйөөсүнө:
– Бүгүн мага Кудайдын кишиси келди. Анын көрүнүшү Кудайдын периштесиндей сүрдүү экен. Анын кайдан келгенин сурабай калыптырмын. Өзү да мага ысымын айткан жок, – деп айтып келди. 7– Ал мага «Сен кош бойлуу болуп, уул төрөйсүң. Ошондуктан шарап да, күчтүү ичимдик да ичпе, арам деп саналган тамакты да жебе. Анткени уулуң курсакта жаткандан баштап, өмүрү өткөнчө Кудайдын назири болот», – деп айтты. 8Ошондо Манояк Жараткан Эгеге:
– Оо, Эгедерим, Өзүң жиберген ошол Кудайдын адамын дагы бир ирет жиберсең экен. Ал келип, төрөлө турган балага эмне кылышыбыз керектигин үйрөтүп кетсин, – деп жалынды.
9Кудай Манояктын үнүн укту. Аял талаада жүргөн убакта Кудайдын баягы периштеси аялга кайрадан келди. Бирок ошол маалда күйөөсү жанында эмес эле. 10Аял ошол замат шашыла күйөөсүнө барып:
– Ал бул жерде. Баягыда мага келген киши кайра келди, – деп кабарлады. 11Манояк аялы менен ошол кишинин алдына келип:
– Менин аялым менен сүйлөшкөн сен белең? – деп сурады.
– Ооба, мен болчумун, – деп жооп берди бейтааныш киши.
12– Сенин айткандарың орундалганда, баланы кантебиз, эмне кылышыбыз керек? – деп Манояк сурады. 13Жараткан Эгенин периштеси Маноякка:
– Аялың мен айткан нерселердин баарынан сактансын, – деп буйруду. 14– Жүзүмдөн жасалган эч нерсени оозго албасын. Шарапты, күчтүү ичимдикти таптакыр ичпесин, арам деп саналган эч бир тамакты жебесин. Буйруктарымдын баарын сактасын! 15Ошондо Манояк Жараткан Эгенин периштесине:
– Сени бир азга кармай турсак болобу? Бир улак союп, тамак жасай салалы, – деди.
16– Макул, кармала турайын, бирок ошондо деле даярдаган тамагыңдан жебейм. Эгерде улагыңды Жараткан Эгеге арнап бүт өрттөлчү курмандыгына чала турган болсоң, анда соё бер, – деди Жараткан Эгенин периштеси.
Манояк анын Жараткан Эгенин периштеси экендигин билген жок.
17– Сенин атың ким? – деп сурады Манояк Жараткан Эгенин периштесинен, – айткандарың орундалганда сага сый-урмат көрсөтөлү.
18– Менин атымды эмне үчүн сурап жатасың? Ал – сырдуу керемет! – деди Жараткан Эгенин периштеси.
19Ошондо Манояк бир улакты соё салып, аны дан тартуусуна кошуп, Жараткан Эгеге арнап чоң таштын үстүндө өрттөдү. Так ошол убакта Манояк менен аялынын көз алдында Жараткан Эге бир керемет иш кылды. 20Курмандык жайдан жалын жогору көтөрүлгөндө, Жараткан Эгенин периштеси алоолонгон от ичинде асманга көтөрүлүп кетти. Муну көргөндө Манояк аялы экөө тең жүздөмөндөп жерге жыгылышты. 21Периште Манояк менен анын аялынын көз алдында кайып болуп кеткенде, Манояк анын Жараткан Эгенин периштеси экенин түшүндү.
22Манояк аялына:
– Коку-уй! Биз Кудайды көрдүк, эми сөзсүз өлөбүз! – деп боздоп ийди. 23Бирок аялы:
– Эгерде Жараткан Эге бизди өлтүргүсү келсе, бүт өрттөлчү жана дан тартууларыбызды биздин колдон кабыл алмак эмес. Бизге керемет көрсөтүп, Өз ниетин да билдирмек да эмес, – деп жооп берди.
24Арадан убакыт өтүп, Манояктын аялы уул төрөп, ысымын Шимшон коюшту. Бала Кудайдын колдоосунда чоңоюп жатты.
25Шимшон Сора менен Эштаул шаарларынын ортосундагы Махане-Данда жашап жаткан күндөрдөн баштап, Жараткан Эгенин Руху аны жетектей баштады.
Currently Selected:
Бийлер 13: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018