Бийлер 15
15
Шимшондун пелиштилерден өч алуусу
1Арадан күндөр өттү. Буудай оруу-жыйуу убагында Шимшон бир улакты алып, аялына жолукканы келди.
– Мен аялымдын бөлмөсүнө кирмекчимин, – деди Шимшон.
Бирок кайнатасы аны киргизбей койду.
2– Мен сени кызымды таштап кетти деп ойлоп, аны өзүңдүн күйөө жолдошторуңдун бирине узатып жибергем. Бирок кийинки кызым андан да чырайлуураак, анын ордуна ошол сиңдисин ал, – деди.
3– Эми пелиштилерге кандай жамандык кылсам да айыпсыз боломун, – деди Шимшон.
4Ал барып, 300 түлкү кармап, аларды эки-экиден кылып куйруктарынан байлап, бирден шамананы кошо байлады. 5Анан шаманаларды күйгүзүп, түлкүлөрдү пелиштилердин эгин талаасына коё берди. Алар качып жөнөшкөндө боолонгон чөмөлөлөр да, орок тие элек эгин да, жүзүмзарлар да, зайтун бактары да өрттөнүп кетти. 6Муну көргөн пелиштилер «Бул ишти ким кылды?» деп сураштыра башташты. «Муну тимнахтык бир кишинин Шимшон деген күйөө баласы кылыптыр. Анткени кайнатасы анын аялын өзүнүн күйөө жолдошуна берип салган экен» деп айтышты. Ошондо пелиштилер келишип, атасын да, кызын да өрттөп жиберишти. 7Шимшон бул жөнүндө укканда:
– Ушундай кылганыңар үчүн, силерден өч алмайынча жаным жай албайт! – деп, 8аларга кол салды. Алардын шыйрактары менен жамбаштарын сындырып салды. Анан ал Эйтам аскасына барып, ошол жердеги бир үңкүрдү пааналап калды.
9Көп өтпөй пелиштилер Иудага келип, ордо орнотушуп, Лехи шаарына кол салышты. 10Ошондо иудалар пелиштилерден:
– Эмне үчүн биз менен согушууга келдиңер? – деп сурашты. Алар болсо:
– Биз Шимшонду байлап, бизге кылган жамандыгын өз башына салуу үчүн келдик, – деп жооп беришти. 11Ошондо Иуда элинен 3 000 киши чогулуп, Эйтам аскасына келишти. Алар Шимшонго:
– Сен эмне, пелиштилер бизге үстөмдүк кылып жатканын билбейсиңби? Бул эмне кылганың?! – дешти. Шимшон болсо:
– Мен болгону алардын мага кылган жамандыгын өздөрүнүн башына салдым, – деп жооп берди. 12Тигилер болсо Шимшонго:
– Биз сени байлап алып кеткени келдик, – деп айтышты. – Сени байлап, пелиштилердин колуна салып беребиз.
– Жарайт, – деди Шимшон, – бирок сени өлтүрбөйбүз деп убада бергиле.
13– Макул, сени өлтүрбөйбүз, – деп жооп кылышты келгендер. – Биз сени байлап, алардын колуна өткөрүп берсек болду.
Иудалар Шимшонду эки жаңы аркан менен байлап, үңкүрдөн алып чыгышты. 14Шимшон Лехиге жакындаганда, пелиштилер айкырык салып, ага карай чуркашты. Ошол көз ирмемде Жараткан Эгенин Руху Шимшонго түштү. Анын колдору байланган аркандар от тийген кендир жибиндей үзүлүп түштү. 15Шимшон эшектин кургай элек жаак сөөгүн таап алып, аны колуна алды да, аны менен 1 000 кишини чаап өлтүрдү. 16Ошондо Шимшон:
Жаак сөөгү менен эшектин
Миң кишини өлтүрдүм.
Жаак сөөгү менен эшектин
Үйүп салдым өлүктөрүн, – деп айтты.
17Ушуну айтып, Шимшон жаак сөөктү ыргытып салды да, ал жерди Сөөк-Дөбө деп атап койду.
18Ошол убакта Шимшон өлөрчө катуу суусаганын сезди. Шимшон:
– Сен Өз кулуңа ушундай улуу жеңишти бердиң. Азыр болсо каным катып, өлүп баратам. Эми сүннөтсүздөрдүн колуна түшүп каламынбы? – деп Жараткан Эгеге жалынып жиберди. 19Кудай аны укту. Ошол жерде бир ойдуң жер жарылып, оргуштап суу чыкты. Шимшон сууну кана ичти, анын боюна кайрат кирип, жандана түштү. Ошондон улам аны Зар-Булак деп атап койду. Ошол булак Лехиде ушул күнгө чейин бар.
20Пелиштилер үстөмдүк кылган ошол заманда Шимшон Ысрайылда жыйырма жыл бий болуп турду.
Currently Selected:
Бийлер 15: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018