Бийлер 10
10
Тола жана Жайыр бийлер
1Абумаликтин мезгилинен кийин Ысрайылдын душмандарынан куткаруучусу болуп исахар уруусунан чыккан Пуванын небереси, Додонун уулу Тола чыкты. Ал Эпрайым тоолорундагы Шамир шаарында жашачу. 2Тола ысрайыл элинде жыйырма үч жыл бою бий болуп турду. Ал көз жумганда сөөгү Шамирде жерге берилди.
3Андан кийин гилаттык Жайыр бийликке келип, Ысрайылда жыйырма эки жыл бий болуп турду. 4Анын отуз уулу бар эле. Алар отуз эшекке минип, Гилат аймагындагы отуз шаарга ээлик кылчу. Ал шаарлар ушул күнгө чейин «Жайырдын шаарлары» деп аталат. 5Жайыр бий дүйнөдөн өткөндө, анын сөөгү Камон деп аталган жерге коюлду.
Ысрайылдын аммондордун кол астында калышы
6Ысрайыл эли кайрадан Жараткан Эгеге жакпаган жийиркеничтүү иштерди кыла баштады. Алар Баал менен Аштерот кудайларынын буркандарына табынып, арамилердин, мааптардын, сидондуктардын, аммондордун, пелиштилердин да кудайларына табынчу болушту. Жараткан Эгеден терс бурулуп, Ага кызмат кылбай калышты. 7Ошондо Жараткан Эге Ысрайылга каарданып, аларды пелиштилер менен аммондордун колуна салып берди. 8Алар ошол жылдан тартып Иордандын аркы өйүзүндөгү мурда аморлордун жери болгон Гилатта олтурукташып калган ысрайылдарды он сегиз жыл бою кысымга алып, аёосуз эзишти. 9Аммондор Иордан дарыясынан өтүп келип, иуда, бенжамин жана эпрайым урууларына кол салды. Ошол себептен ысрайыл эли оор абалда калды. 10Ошондо Ысрайыл жамааты:
– Биз Сенин алдыңда күнөө кылдык! Өз Кудайыбыздан жүз буруп, Баалдын буркандарына табынып кеттик! – деп Жараткан Эгеден жардам сурап жалынды. 11Жараткан Эге аларга мындай деди:
– Силерди мисирликтер, аморлор, аммондор, пелиштилер, 12сидондуктар, амаликтер, маондор эзгенде, Мага жалбарганыңарда, силерди алардын колунан куткарбадым беле?! 13Бирок силер Менден терс бурулуп, башка кудайларга табынып кеттиңер. Болду, мындан ары силерди куткарбайм! 14Эми барып, өзүңөр тандап алган кудайларыңарга жалынгыла. Ошолор силерди азаптуу күндөрдөн куткарып алсын!
15– Биз күнөө кылдык! Бизге эмне кылсаң, Өзүң бил, бирок бизди душмандарыбыздан азыр куткара көр! – деп ысрайылдар Жараткан Эгеге жалбарышты. 16Анан алар бөтөн кудайларын жок кылып, Жараткан Эгеге табына башташты. Ысрайыл элинин азап тартып жатканын көрүп, Жараткан Эге аларды аяды.
17Ошол күндөрү аммондор кошуун курап келип, Гилатта ордо курушту. Муну көрүп, ысрайыл эли да кол чогултуп, Миспада ордо тургузду. 18Ошондо Гилаттагы эл башчылар өз-ара акылдашып, «Аммондор менен согушка ким колду баштап барса, ошол адам бүткүл Гилат элине башчы болсун» деп чечишти.
Currently Selected:
Бийлер 10: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018