Башталыш 48
48
Жакыптын Эпрайым менен Менашеге берген батасы
1Бир канча убакыт өткөн соң, Жусупка «атаңыз ооруп жатат» деген кабар жетти. Ал эки уулун – Менаше менен Эпрайымды алып, атасына келди. 2Жакыпка «уулуңуз Жусуп келди» дешкенде, ал күчүн жыйнап, төшөгүнө олтурду. 3Ошондо Жакып Жусупка мындай деди:
– Кудуреттүү Кудай мага Канаан жериндеги Луздан көрүнүп, батасын берген. 4Ал мага: «Мен сенин өркүнүңдү өстүрүп көбөйтөмүн. Сенден көптөгөн элдерди жаратам. Бул жерди сенден кийинки тукумуңа түбөлүккө энчилеп берем» – деген. 5Мен Мисирге келе электе бул жерде төрөлгөн эки балаң Эпрайым менен Менаше эми меники болот. Алар Рубен менен Ысман сыяктуу эле меники. 6Алардан кийин туула турган балдарың өзүңдүкү болот. Алар Эпрайым менен Менашеге караштуу жерлерден үлүш алат. 7Мен Паддандан келатканда, Канаан жеринде, Эфратага аз калганда Рахел кайтыш болду. Аны Эфратага, азыркы Бейт-Лехемге барчу жолдун боюна койдум.
8Жакып Жусуптун уулдарын көрүп:
– Булар кимдер? – деп сурады.
9Жусуп атасына:
– Булар – Кудай мага ушул жерде берген уулдарым, – деп жооп берди.
Анда Жакып:
– Аларды бери алып келчи, батамды берейин, – деди.
10Карылыктан Жакыптын көзү жакшы көрбөй калган эле. Жусуп уулдарын жакын алып келгенде, Жакып аларды өөп, кучагына кысты. 11Анан Ысрайыл Жусупка:
– Мен сенин жүзүңдү көрбөйм деп ойлогом, эми, мынакей, Кудай балдарыңды да көрүүнү насип кылды, – деди.
12Жусуп балдарын атасынын алдынан тургузуп, өзү ага жерге жете таазим этти. 13Анан Жусуп Эпрайымды өзүнүн оң жагына, Ысрайылдын сол колуна тууралап тургузду. Менашени болсо өзүнүн сол жагына, Ысрайылдын оң колуна тууралап тургузду. 14Бирок Ысрайыл оң колун, кичүүсү болсо да, Эпрайымдын башына, ал эми сол колун Менашенин башына койду. Менаше тун уул болсо да, Ысрайыл колдоруна кайчылаштырып атайын ушундай кылды. 15Анан Жусупка мындай деп батасын берди:
– Ыбрайым да, Ыскак да,
Бабаларым дайыма
Табынып келген Кудайым,
Туулгандан бери кам көрүп,
Койчум болгон Кудайым.
16Жамандыктын баарынан
Периштеси сактады.
Алдымдагы уулдарга
Кудайым берсин батасын.
Менин ысмым жана да
Бабаларым Ыбрайым,
Ыскактын да ысымы
Балдарында жашасын.
Тукуму жер бетинде
Эсеп-сансыз көбөйсүн.
17Атасы оң колун Эпрайымдын башына койгонун Жусуп жактырбады. Атасынын колун Эпрайымдын башынан алып, Менашенин башына коймокчу болуп, 18атасына:
– Жок, ата, тунгучу бул, оң колуңузду анын башына коюңуз, – деди.
19Бирок атасы макул болбой:
– Билем, уулум, билем. Менашеден да бир улуу эл чыгат. Бирок иниси андан улуу болуп, тукумунан көп элдер чыгат, – деди.
20Ошол күнү аларга батасын берип, мындай деди:
– Ысрайыл эли «Кудай сени Эпрайым менен Менашедей кылсын!» деп, силердин атыңар менен бата бере турган болушат.
Ушундайча Жакып Эпрайымды Менашеден жогору койду. 21Анан Ысрайыл Жусупка:
– Менин ичээр суум түгөндү. Бирок Кудай силер менен болуп, силерди ата-бабаңардын жерине кайра алып барат. 22Мен сага бир туугандарыңдын жеринен жогорураак жерди да кошуп берем. Аны мен амор элинин колунан кылыч-жаам менен тартып алгам, – деди.
Currently Selected:
Башталыш 48: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018