YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 49

49
Атанын батасы
1Жакып уулдарын чакырып алып, мындай деди:
– Чогулгула, келечегиңер кандай болорун айтайын:
2Эй, Жакыптын уулдары,
Жыйналып кулак салгыла,
Атаңар Ысрайылды уккула!
3Рубен, менин тунгучум,
Эркектана күчүмдүн,
Сен баштапкы жемиши.
Кадырың сенин жогору,
Кудуретиңдин чеги жок.
4Бирок оргуштадың суудай сен,
Эң биринчи болбойсуң
Мындан ары, анткени
Төшөгүнө атаңдын
Кирип, аны булгадың!
5Ысман, Леби, ага-ини,
Бул экөөнүн кылычы –
Зомбулуктун куралы.
6Кеңешине катышпайм,
Чогулушса, кошулбайм.
Анткени алар каарданып,
Адамдарды кырышты,
Каалаганын кылышып,
Тарамышын буканын
Кыя чаап салышты.
7Наалат болсун алардын
Ачуусуна аёосуз,
Каргыш болсун алардын
Мынчалык катаал каарына.
Арасына Жакыптын
Бөлүп салам аларды,
Чачыратып жиберем
Ысрайылдардын ичине.
8Оо, Иуда, макташат
Сени бир туугандарың.
Кастарыңды желкеден
Колуң менен кармайсың.
Бүт уулдары атаңдын
Сага таазим кылышат.
9Жаш арстансың, Иуда.
Олжоңду алып, оо, уулум,
Кайтып келе жатасың.
Арстанга окшоп суналып,
Жерге жатып алганда,
Деги кимдер даай алат
Тургузууга эми аны?
10Акыйкат менен бийликтин
Элдерди моюн сундурар
Чыныгы ээси келгенче,
Өкүмдарлык таягы
Иуданын кетпейт колунан.
11Өз эшегин байлайт ал
Жыгачына жүзүмдүн.
Дагы байлайт кодигин
Бутагына жүзүмдүн.
Кийимин жууп шарапка,
Чапанын болсо жүзүмдүн
Ширесине чайкайт ал.
12Шараптан кара көздөрү,
Сүттөн ак анын тиштери.
13Забулундун турагы
Жайылат деңиз жээгине,
Кемелер келчү жай болот.
Алыскы чек арасы
Сидонго чейин созулат.
14Ысахар – эки оор таңгактын
Ортосунда жайгашкан
Карылуу кежир эшектей.
15Бирок ал жаткан жеринин
Жайлуулугун көргөндө,
Өлкөсүнүн эң сонун
Жер экенин билгенде,
Жону ийилип оор жүктөн,
Эрксиз кулга айланат.
16Дан ысрайыл элинин
Бир уруусун башкарып,
Жүргүзөт өкүм калкына.
17Жолдун жаткан боюнда
Чоң жыланга окшош Дан.
Аттын бутун чакканда,
Үстүндөгү кишиси
Кулайт жерге чалкадан.
18Жараткан Эге, Өзүңдөн
Эңсеп, күтөм куткаруу!
19Баскынчылар топтошуп
Гадга келип кол салат.
Бирок мизин душмандын
Гад кайтарып, алардын
Аркасынан кубалайт.
20Оокат-ашы Ашырдын
Берекелүү, мол болот.
Падышага ылайык
Азык-түлүк жеткирет.
21Напталы эркин маралдай,
Улактары мойтойгон.
22Мөмөлүү шак – Жусубум.
Ал – булактын башында
Өсүп турган жүзүмдөй.
Жүзүмдүн ошол бутагы
Ашып өтөр дубалдан.
23Аябастан, жаачылар
Аткылашты, жоо сымал,
Огун ага жаадырып.
24Ошентсе да, Жакыптын
Кудуреттүү Кудайы
Жаасын катуу, каруусун
Кубаттуу бойдон калтырды.
Ал ысрайыл элинин Койчусу,
Өз элинин тиреги.
25Эми атаңдын Кудайы
Жардам берсин өзүңө,
Кудуреттүү Кудайың
Сени жалгап, алкасын.
Үстүңдөгү асмандан
Берекесин жаадырсын,
Астыңдагы түпкүрдөн
Берекесин агызсын.
Урпактарың көбөйсүн.
26Баталары атаңдын
Тээ абалкы тоолордун
Ашсын берекесинен,
Дөбөлөрдүн түбөлүк
Ашсын ырыскысынан.
Бир туугандар ичинен
Тандаганым – Жусуптун
Батам консун башына.
27Жырткыч бөрү – Бенжамин.
Кармаган аңын таңда жеп,
Олжосун кечте бөлүшөт.
28Ысрайылдын он эки уруусу ушул. Атасы аларга бул сөздөрдү айтып, ар бирине өзүнө ылайык батасын берди.
Жакыптын керээзи
29Ушундан соң, Жакып балдарына мындай керээзин айтты:
– Мен ата-бабамдын жанына кеткени жатам. Мени ата-бабаларымдын жанына, хет Эфрондун талаасындагы үңкүргө алпарып койгула. 30Бул үңкүр Канаан жеринде, Мамреге жакын жердеги Махпела талаасында. Аны Ыбрайым хет Эфрондон көрүстөнгө сатып алган. 31Ал жерге Ыбрайым жана анын аялы Сарый, Ыскак жана анын аялы Рабига коюлган. Мен Леяны да ошол жерге койгом. 32Ал талаа үңкүрү менен хеттерден сатылып алынган.
33Жакып балдарына керээзин айтып бүтүп, бутун төшөгүнө сунуп жатты да, жаны үзүлүп, ата-бабасынын жанына кетти.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in