Галатиялыктар 1
1
Саламдашуу
1Мен, адамдын эмес, Эгебиз Ыйса Машаяктын жана Аны өлгөндөрдөн кайра тирилткен Кудай Атабыздын тандаган элчиси Пабыл, 2жана жанымдагы башка боордоштор Галатия жериндеги жыйындарга саламыбызды айтабыз. 3Силерге Кудай Атабыздын жана Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы менен тынчтыгын тилейбиз. 4Машаяк бизди ушул кыянаттык өкүм сүргөн замандын бийлигинен бошотуш үчүн, Кудай Атабыздын эркине моюн сунуп, Өзүн биздин күнөөлөрүбүз үчүн курмандыкка чалган.
5Кудай Атабызга түбөлүк даңк болсун! Оомийин.
Бир эле Жакшы Кабар бар
6Силерди Машаяктын ырайымы аркылуу Өзүнө чакырып алган Кудайдан четтеп, башкалардын «Жакшы Кабар» сөрөйүнө ооп баратканыңарды билип, айран таң калып отурам.
7Алардын айтканы Жакшы Кабар деле эмес. Алар Машаяктын Жакшы Кабарын бурмаламакчы болуп, силерди адаштырып жатышат. 8Бирок ким болсо да, биз өзүбүзбү же атүгүл асмандан түшүп келген периштеби, биз тараткан Жакшы Кабардан бөлөк кабар таратса, аны каргыш урсун! 9Мурда айткандарды дагы бир жолу кайталап айтам: кимде-ким силер мурда уккан Жакшы Кабардан бөлөк кабар таратса, аны каргыш урсун!
Пабыл тараткан Жакшы Кабар адамдыкы эмес
10Эми силер мени кимдин колдоосун издеп жатат дейсиңер, адамдынбы же Кудайдынбы?! Же мен чындап эле адамга жагынайын деп жатамбы?! Эгерде дагы да ошентип жаткан болсом, анда мен Машаяктын кулу болмок эмесмин.
11Боордошторум, билип алгыла, мен тараткан Жакшы Кабар адамдыкы эмес. 12Мен аны бир дагы адамдан укканым жок, аны мага эч ким окуткан да жок. Бул кабарды мага Ыйса Машаяк Өзү аян кылган.
13Силер менин иудей дининде жүргөн кезимде кылгандарымды, Кудай жыйынын жер менен жексен кылам деп, артынан сая түшүп куугунтуктаганым тууралуу уккан чыгарсыңар. 14Ата-бабаларыбыздын адат-салттары дегенде, эт-бетимен кетип, динчилдигим менен өз элимде көптөгөн курбу-курдаштарымдан алдыда тургам.
15-16Бирок мени энемдин курсагынан эле тандап алып, ырайым этип, Өз кызматына чакырган Кудай Ыйса жөнүндө Жакшы Кабарды башка элдерге таратышым үчүн Өз каалоосу менен мага Уулунун ким экенин аян кылганда, мен эч ким менен кеңешкен жокмун. 17Иерусалимге барып, менден мурда элчи болгондорго да жолукканым жок. Анын ордуна Арабия жерине барып, андан кийин кайра Дамаск шаарына кайттым.
18Үч жыл өткөн соң, кийин, Петир менен таанышайын деп, Иерусалимге келдим да, аныкында он беш күнчө эле жүрдүм. 19Ошондо мен Эгебиздин иниси Жакыптан башка бир дагы элчиге кезикпедим. 20Ушул жазгандарым чындык экенине Кудай Өзү күбө.
21Кийин мен Сирия менен Киликия аймактарына бардым.
22Ал кезде мен Иудеядагы машаякчылардын жыйындарына али тааныла элек болчумун. 23Алар башкалардын: «Мурда бизди куугунтуктап жүргөн адам эми өзү бир кезде жок кылмакчы болгон ишенимди таратып жүрөт», – деп айтканын гана угушкан.
24Муну укканда, алар мени ишенимге алып келген Кудайды даңкташты.
Currently Selected:
Галатиялыктар 1: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018