2 Корунттуктар 13
13
Эскертүү жана соңку сөз
1Мына, мен силерге эми үчүнчү жолу бара жатам. «Ар бир айыптоо эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталышы керек».#13:1 Мыйз. 19:15. 2Силерге экинчи сапар барганымда, мурда күнөө кылгандарды, дегеле баарыңарды эмки жолу келгенимде ар күнөөкөрдүн сазайын колуна карматам деп эскерткем болчумун. Мына эми, силерден алыс жүргөнүмдө, ошону дагы бир ирет эскертем. 3Анткени силер мен аркылуу чындыгында эле Машаяк сүйлөп жаткандыгынын далилин талап кылып жатасыңар. Далили мына: араңарда иштегенде, Машаяк алсыз эмес, кудуреттүү. 4Ал айкаш жыгачка керилип өлтүрүлгөндө алсыз болсо да, эми Кудайдын кудурети аркылуу жашап жатат. Анын бир кездеги алсыздыгына окшоп, биз да алсызбыз. Бирок Машаяк менен бирге Кудайдын кудуретине таянып жашаганыбызды силер көрөсүңөр.
5Өзүңөрдүн ишеним менен жашаган-жашабаганыңарды сынап көргүлө. Ичиңерде чындыгында Ыйса Машаяк жашап жатканын текшерип көргүлө. Эгерде Ал ичиңерде жок болсо, анда силер ишеним жолунда эмессиңер. 6Биз ишеним жолунда жүргөнүбүзгө көзүңөр жетет деген үмүттөмүн. 7Кудайга сыйынып, силерге жамандык кылууга жол бербөөсүн өтүнүп турабыз. Мындагы максатыбыз, өзүбүздү жакшы көрсөтүү эмес, кайра өзүбүз ишеним жолунда турбагандай көрүнсөк да, силердин туура иш кылышыңар. 8Биз чындыкка каршы иш кыла албайбыз. Чындыкты айгинелеп иш кылууга гана кудуреттүбүз. 9Өзүбүз алсыз болсок да, силер күчтүү болсоңор, ошого кубанабыз. Ал турсун силердин жеткилең болушуңар үчүн сыйынабыз. 10Андыктан барып калганымда силерге катуу сүйлөп, Эгебиз берген бийликтен пайдаланбайын деп, ушуларды алдын ала, силерден алыс болгонумда айтып жатам. Эгебиздин бийлиги мага силерди кыйратыш үчүн эмес, бекемдеш үчүн берилген!
11Акырында айтарым, боордоштор, кубангыла. Жүрүм-турумуңарды өзгөртүп, бири бириңерге жигер берип жүргүлө, бир ойдо болуп, ынтымакта жашагыла. Кудайдын сүйүүсү менен тынччылыгы силер менен болсун.
12Бири бириңер менен боордошчо беттен сүйүп учурашкыла. Мындагы ыйыктардын баары силерге салам жолдошту.
13Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы, Кудайдын мээрими жана Ыйык Рухтун катышы баарыңар менен болсун.
Currently Selected:
2 Корунттуктар 13: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018