YouVersion Logo
Search Icon

Галатиялыктар 2

2
Пабыл тараткан Жакшы Кабардын калган элчилер тарабынан ырасталышы
1Кийин, он төрт жыл өткөн соң, мен Барнап менен кайрадан Иерусалимге барып, аякка өзүм менен кошо Титти да ээрчитип алган элем.
2Ал жакка барышым керек экенин Кудай мага аян кылган болчу. Барганымда, аттуу-баштуу катары эсептелгендерине өзүнчө жолугуп, жарышка түшүп иштеп жатканым бекер эмес бекен деп, башка элдерге жарыялап жүргөн Жакшы Кабарымдын мазмунун аларга айтып бердим.
3Алар болсо Титти да грек экенине карабай, сүннөткө олтурууга мажбурлашпады. 4Бул маселе арабызга айрым жалган боордоштордун тыңчы сымал кирип кеткенинен улам келип чыккан эле. Алардын максаты биздин Ыйса Машаяк аркылуу алган эркиндигибизди астыртан билип, бизди кайрадан Тоорат мыйзамынын кулчулугуна кайтаруу болчу.
5Бирок Жакшы Кабар силерге өзүнүн чыныгы маанисин жоготпос үчүн биз алардын кысымына бой бербедик.
6Ал эми аттуу-баштуу деп эсептелгендер (мындай айтканымдын себеби, алардын ким болгону мен үчүн эч маанисиз: Кудай адам өңүнө карабайт эмеспи) тараткан Кабарыма эч нерсе кошумчалашкан жок. 7Тескерисинче, Петирге иудейлердин арасында Жакшы Кабар таратуу тапшырылган сыяктуу, мага да башка элдерге Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылганына ынанышты. 8Анткени иудейлерге элчилик кызмат кылууга Петирге дем берген Кудай, мага да дал ошондой башка элдердин арасында кызмат кылууга дем берген.
9Мен дагы Кудайдын ырайымы боюнча элчи болгонумду таанышып, ишенгендердин тиреги болуп эсептелген Жакып, Петир жана Жакандар, биздин кызматташ экенибиздин белгиси катары, Барнап экөөбүз менен кол алышты. Ошентип, Барнап экөөбүз башка элдерге, алар болсо эврейлерге баралы деп бир келишимге келдик. 10Болгону алар Иерусалим жыйынындагы бей-бечараларды унутпай жүрүүбүздү өтүнүштү. Мен муну өзүм да дилгирлик менен орундатчу элем.
Пабылдын Петирге каршы туруп Жакшы Кабардын чыныгы маанисин коргошу
11Бирок Петир Антахияга келгенде, анын айыптай турган иш кылганынан улам мен ага ачыктан-ачык каршы чыктым. 12Ал жакка Жакыптын жиберген кишилери келе электе, ал башка улуттагылар менен бир дасторкондо даам татышкан экен. Тигилер келгенден кийин эврей жердештеринен чочулаганынан улам, башка улуттагылардан бөлүнүп, алардан оолактай баштады. 13Аны туурап, калган эврей боордошторубуз да ошентишти. Петирдин эки жүздүүлүгү ал тургай Барнапты да адаштырып салды. 14Алардын түз жолдон адашып, Жакшы Кабар акыйкатына жараша иш кылбаганын көрүп, мен бардыгынын көзүнчө Петирге мындай дедим:
– Сен эврей болуп туруп эврейлердей эмес, башка улуттагылардай жашасаң, анда башка улуттагыларга эврейлердин жашоосун таңуулаганың кандай?
Кудай бизди Тоорат мыйзамы аркылуу эмес, ишеним аркылуу актайт
15Биз күнөөкөр бутпарас эмес, иудей болуп туулганыбыз менен, 16адам баласы Кудай алдында эч качан Тоорат мыйзамын аткаруу менен акталбастан, Ыйса Машаякка ишенгени менен гана акталарын билебиз. Биз дагы Тоорат мыйзамын аткаруу аркылуу эмес, Ыйсага арткан ишенимибиз аркылуу Кудай алдында акталыш үчүн Ыйсага ишенгенбиз. Себеби Тоорат мыйзамын аткаруудан «адамдардын бири дагы актала албайт». 17Ал эми биз Ыйсага биригүү менен Кудай алдында акталууну издеп жатып, өзүбүз башкалардан эч айырмабыз жок күнөөкөр болуп чыксак, анда эмне, Машаяк бизди күнөөгө түртүп жатабы? Андай болушу дегеле мүмкүн эмес! 18Эгерде мен мурда өзүм жокко чыгарган мыйзамды калыбына келтире баштасам, бул менин кылмыш кылганымды айгинелеп турат. 19Анткени Кудай үчүн жашагандай болушум үчүн Тоорат мыйзамы мени өлүм жазасына кести. Анын алдында мен өлгөн кишимин. Мен Машаяк менен кошо айкаш жыгачта керилгем. 20Мындан ары мен өзүм жашабастан, менин ичимдеги Ыйса жашайт. Азыркы жашаганым – Кудай Уулуна ишенип гана жашаганым. Ал мени сүйүп, мен үчүн Өз жанынан кечкен. 21Муну билип туруп, мен Кудайдын ыроологон ырайымын кантип четке кагып салайын? Анткени адам баласы Тоорат мыйзамы аркылуу Кудай алдында актала алса, анда Машаяктын Өз жанын курмандыкка бергени бекер болбойбу?!

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in