YouVersion Logo
Search Icon

Элчилер 26

26
Пабылдын падыша Агрипанын алдындагы сөзү
1Агрипа Пабылга:
– Өзүңдү актап сөз айтууга уруксат, – деди.
Ошондо Пабыл колун өйдө көтөрүп, жыйналгандар көңүл бурган соң, өзүн актап сүйлөй баштады:
2Урматтуу падышам, иудейлер койгон айыптардан бүгүн сиздин алдыңызда өзүмдү коргоп, сөз сүйлөп турганыма кубанычтамын. 3Анткени сиз иудейлердин бардык салт-санаасы менен талаш-тартыштарын жакшы билесиз. Ошондуктан мени чыдамдуулук менен угуп коюшуңузду суранам.
4Жашымда өз жеримде, кийин Иерусалимде кандай жашаганым жалпы эврей калкына белгилүү. 5Анткени алар мени мурдатан таанышат, атүгүл, эгер чындыкты моюнга алгылары келишсе, мен биздин динибиздин эң күчтүү агымы – фарисейчиликтин мыйзамдары боюнча жашап келгендигимди да айтып бере алышат. 6Азыр болсо мен Кудайдын биздин ата-бабаларыбызга берген убадасына ишенип, үмүт артканым үчүн соттолуп жатам! 7Биздин он эки уруубуз да ошол убада качан аткарылар экен деп, күн-түн дебей, тынбастан Кудайга ийбадат кылышууда. Мен да ошондой үмүт кылганым үчүн иудейлердин айыптоолоруна кириптер болдум, оо, падышам. 8Эмне үчүн сиздер Кудайдын өлгөндөрдү кайра тирилтерине ишенбейсиздер? 9Мурда мен да назареттик Ыйсанын наамына каршы күрөшүүнү өз парызым деп ойлочумун. 10Муну Иерусалимде аткарып да жүрдүм. Жогорку динкызматчылардан уруксат алып, ыйыктардын канчаларын түрмөгө каматып, аларды өлтүрүп жаткандарды кубаттадым. 11Синагогадан синагогага барып, аларды далай кыйнап, Ыйсанын атына тил тийгизип, Аны кордоого мажбурладым. Ушунчалык катуу өчөшкөндүктөн, чет жердеги шаарларга барып алып да, алардын сары изине чөп салып, куугунтукка алгам. 12Бир жолу ушундай максат менен жогорку динкызматчылардан аларды байлап, Иерусалимге алып келүүгө укук бере турган буйрук кат жаздырып алып, Дамаскка бараткам. 13Түш ченде жолдо элем. Оо, падышам, аңгыча күндөн да жарык бир нур көктөн жарк эте түштү. Ошол нур менин да, шериктеримдин да айланасын жарык кылып жиберди. 14Баарыбыз жерге жыгылдык. Анан мага эврей тилинде сүйлөгөн бир үн угулду. «Шабыл, Шабыл, – деди ошол үн, – неге Мени куугунтуктап жүрөсүң? Эгеңдин эркине каршы чыксаң, өзүңө кыйын». 15Мен: «Сиз кимсиз, оо, Кудурет?» – деп сурадым. «Сен куугунтуктап жүргөн Ыйсамын, – деп жооп берди Эгем Ыйса. – 16Өйдө тур, сени Өзүмө кызмат кылууга дайындаш үчүн сага көрүндүм. Мындан ары бүгүнкү көргөнүң тууралуу адамдардын алдында күбөлүк бересиң, аларга Мен сага көрсөтө турган нерселерди жеткизесиң. 17Мен сени өз элиңе жана башка элдерге жиберип, алардын сага кыла турган кыянаттыктарынан куткарам. 18Сен алардын көзүн ачып, караңгыдан жарыкка, шайтандын бийлигинен Кудайдын бийлигине кайтарасың. Алар Мага ишенип, күнөөлөрү кечирилип, Кудайдын тандаган адамдарынын арасынан орун алышсын!»
19Ошентип, падышам, асмандан келген аянда айтылган сөзгө баш ийбей коюга дитим барбады. 20Андыктан адегенде Дамасктагыларды, анан Иерусалим менен бүткүл Иудеядагыларды, кийин иудей эместерди ниетин өзгөртүп, Кудайга кайрылууга чакырып, анысын иш жүзүндө көрсөтүп жашоого үндөдүм. 21Ушундай кылганым үчүн иудейлер мени ийбадатканада жүргөнүмдө кармап алып, өлтүрмөкчү болушту. 22Бирок Кудай ушул күнгө чейин мени сактап, коргоп келди. Ошондуктан азыр да мына бул олтурган улуу-кичүүнүн алдында күбөлүк берип, бул жерде турам. Менин айткандарым Муса жана андан башка пайгамбарлардын алдын ала айткандары менен бирдей. 23Тагыраак айтканда, Машаяк өлтүрүлүп, кийин өлгөндөрдүн ичинен түбөлүк өлбөстүккө биринчи болуп кайра тирилип, анан эврейлер менен башка элдерге куткарылуу нуру тийгенин жарыя кылыш керек болчу.
24Пабыл ушул жерге келгенде, Фест үнүн катуу чыгарып, сөзүн бөлүп:
– Эй, Пабыл, сен дөөрүп жатасың! Ашыкча көп окуп, айнып калыпсың! – деди.
25Мен дөөрүгөн жокмун, улуу урматтуу Фест, – деди Пабыл жооп кайтарып, – менин айткандарым акыйкат жана жөндүү. 26Падыша мунун баарын билет, ошондуктан анын алдында ачык айтып жатам. Бул окуялардын эч бири андан жашырын болгон эмес деп ойлойм, анткени алар адам көрбөй кала турган булуң-бурчта өткөн эмес. 27Падыша Агрипа, сиз пайгамбарларга ишенесизби? Билем, ишенесиз.
28Ошондо Агрипа Пабылга:
– Кыска убакыттын ичинде мени Ыйсанын Машаяк экенине ишендирип сала аласыңбы? – деди. 29Пабыл:
– Азбы, көппү, айтор бир убакта сиз гана эмес, бүгүн мени угуп тургандардын баары, мына бул кишенимден башка, дал мендей болушун Кудайдан тилейм.
30Пабыл ушундай дегенде, падыша Агрипа ордунан турду. Аны менен бирге губернатор Фест, падышанын карындашы Бернике жана залда отургандардын баары жапырт ордуларынан турушту. 31Залдан чыгып баратканда, бири бирине:
– Бул кишинин өлүмгө кескидей же түрмөгө камагыдай айыбы жок экен, – дешти.
32Агрипа Фестке:
– Эгер өзү падышанын өкүмүн талап кылбаганда, бошотуп жиберсе болор эле, – деди.

Currently Selected:

Элчилер 26: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in