Элчилер 25
25
Пабылдын губернатор Фесттин алдында суракка алынышы
1Фест губернатор болуп дайындалган аймакка келгенине үч күн болгондон кийин, Кесариядан Иерусалимге барды. 2Иерусалимде жогорку динкызматчылар менен эл башчылары ага келишип, Пабылды каралап, жалаа жабышты. 3«Бизге жакшылык кылып, аны Иерусалимге которуп бериңиз», – деп өтүнүштү. Мындай өтүнүшкөнүнүн себеби, Пабылды Иерусалимге алып келе жатышкан жеринен кол салып, өлтүрөбүз деп, өздөрүнчө сүйлөшүп алышкан болчу. 4Бирок Фест Пабылдын азыр Кесарияда камакта экенин, өзүнүн да жакында ошол жакка кайтайын деп турганын айтты.
– 5Барчу адамдарыңар мени менен бирге барсын да, алиги кишинин кылмышы болсо, ошерден айтсын, – деди ал.
6Фест алар менен беш-он күн турган соң, Кесарияга кайтты. Эртеси күнү сот орундугуна олтуруп, Пабылды алдыртты. 7Пабылды алып келишкенде, Иерусалимден келген иудейлер аны тегеректеп алышып, көптөгөн оор айыптарды тагышты, бирок айткандарын өздөрү далилдей алышпады. 8-9Пабыл өзүн коргоп:
– Мен иудей мыйзамына да, касиеттүү ийбадатканага да, Рим падышасына да каршы эч кандай жаман иш кылган жокмун, – деп сүйлөй баштаганда, иудейлерге жагынгысы келген Фест:
– Сени Иерусалимге алып барып, бул айыптар боюнча ошол жерден суракка алышымды каалайсыңбы? – деди.
10Пабыл:
– Мен азыр Рим падышасынын сотунун алдындамын, ошондуктан ушул жерде соттолушум керек. Менин иудейлерге эч кандай жамандык кылбаганымды сиз жакшы эле билип турасыз. 11Эгер кылган болсом, анда өлүмдөн баш тартпас элем. Бирок эгерде булардын мага койгон айыптары негизсиз болсо, анда мени эч ким алардын колуна салып бере албайт. Мен падышанын сотун талап кылам, – деди.
12Фест кеңешчилери менен акылдашкан соң, Пабылга:
– Сен падышанын сотун талап кылдың, ошондуктан падышанын алдына барасың, – деди.
13Арадан бир нече ай өткөндө, Фестти куттуктап, падыша Агрипа карындашы Бернике менен Кесарияга келди. 14Алар бир топ күн турганда, падышага Фест Пабылдын иши тууралуу айтып берди:
– Бул жерде Феликс камакта калтырып кеткен бир киши бар. 15Мен Иерусалимде болгонумда, жогорку динкызматчылары менен эл башчылары аны айыпташып, менден өлүмгө өкүм чыгарып берүүмдү суранышкан эле. 16Мен аларга: «Рим салты боюнча айыпталган адамды айыптоочулары менен бетме-бет сүйлөштүрбөй жана коюлган айыптардан актанууга сөз бербей туруп, өлүмгө өкүм чыгарууга болбойт», – деп жооп бердим. 17Ошондуктан алар мени менен бирге бул жерге келишкенде, маалкатпастан, эртеси күнү эле сот орундугуна отуруп, ошол кишини алып келүүнү буюрдум. 18Бирок аны айыптагандар мен күткөндөй айыптардын бирин да мойнуна коё алышпады. 19Тескерисинче, алардын бу киши менен талашканы өздөрүнүн динине байланыштуу маселелер менен кайсы бир Ыйса деген өлгөн киши жөнүндө экен. Пабыл аны тирүү деп жатат. 20Мен бул маселени кантип чечишти биле албадым. Ошондуктан андан: «Бул маселени Иерусалимге барып, ошол жактан чечсек кандай болот?» – деп сурадым. 21Бирок ал өзүнүн маселесин падыша чечсин деп талап кылган соң, падышага жөнөткүчө аскерлерге кайтартып койдум.
22Агрипа Фестке:
– Ошо кишини мен да уккум келип турат, – дегенде, Фест:
– Анда эртең эле угасыз, – деди.
Пабыл падыша Агрипанын алдында
23Эртеси күнү падыша Агрипа карындашы Бернике экөө чоң үлпөт менен келип, миң башылар менен шаардын атактуу адамдарынын коштоосунда сот залына кирди. Фесттин буйругу менен Пабылды алдыртышты. 24Биринчи сөздү Фест алды:
– Урматтуу падыша Агрипа жана ушул жерде биз менен бирге отургандар! Иерусалимде да, бул жерде да иудейлердин баары алдыңыздарда турган мына бул кишинин үстүнөн мага арызданышты. Алар бул кишини өлүм жазасына тартыш керек деп менден талап кылып, жанымды койбой чуулдашты. 25Мен болсом андан өлүмгө кескендей айып таппадым. Бирок бул киши өзү Август падышанын сотун талап кылгандыктан, аны ошого жиберүүнү чечтим. 26Ал эми улуу даражалуу өкүмдарга жаза турган, бул кишиге байланыштуу маалымат менде азыр жок. Ошондуктан аны сиздерге, баарынан да, урматтуу Агрипа падыша, өзүңүздүн алдыңызга алдырып олтурам. Тергеп бүткөн соң, жазганга маалымат топтолор. 27Анткени камактагы адамдын айыптарын аныктабай туруп, падышага жиберүү, менимче, жарабаган иш.
Currently Selected:
Элчилер 25: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018