Элчилер 27
27
Пабылдын Римге сапар тартышы
1Биздин Италияга сүзүп кетерибиз аныкталган соң, алар Пабыл менен дагы камактагы бир нече адамды «Император кошууну» деп аталган аскер бөлүгүнүн жүз башысы болгон Жулий деген кишинин колуна тапшырышты. 2Биз Адрамит шаарынан чыгып, Асия аймактарын бойлоп өтө турган кеме менен сүзүп жөнөдүк. Тесалоникадан келген македониялык Аристарх да биз менен кошо чыкты. 3Эртеси күнү Сидон шаарына келдик. Жулий Пабылга ырайым кылып, ага достору менен жолугуп, муктаж болгон нерселерин камдап алууга уруксат берди. 4Ал жактан чыкканда, ачык деңизде бет маңдайыбыздан шамал сокконунан улам, Кипр аралын пааналап сүзүп отурдук. 5Анан Киликия менен Памфилия аймактарын жандап өтүп, Лукия аймагындагы Мира шаарына келдик. 6Жүз башы ал жерден Италияга кете турган александриялык кемени таап, бизди ошого салды.
7Бир нече күн бою зор кыйынчылыктар менен араң сүзүп отуруп, акыры Книт деген шаарга жакындадык. Бирок кургакка жеткенге бет маңдайыбыздан соккон шамал мүмкүнчүлүк бербегендиктен, багытыбызды өзгөртүп, Крит аралынын далдаасынан Салмона тумшугун айланып өттүк. 8Жээкти бойлоп сүзүп, Ласая шаарына жакын жайгашкан «Жакшы порт» аттуу жерге араңдан зорго жеттик.
9Биз ал жерде көп убакыт туруп калгандыктан, андан ары кеме менен сүзүү коркунучтуу боло баштады. Анткени Орозо күнү деген майрам да өтүп кеткен убак болчу. Ошондуктан Пабыл кемедегилерге:
– 10Туугандар, менимче мындан ары жолго чыгуу кеме менен жүк үчүн гана эмес, өмүрүбүз үчүн да кооптуу, – деп эскертти.
11Бирок жүз башы Пабылга караганда, кеменин кожоюну менен капитанга көбүрөөк ишенчү. 12Анын үстүнө бул жердин шарты кыштаганга ыңгайсыз болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү да мында кыштагандан көрө сапарды улап, мүмкүн болсо Финик портуна жетүүгө аракет кылууга көңүлдөнүштү. Финик Крит аралынын түштүк-батышы менен түндүк-батышындагы порт-шаар эле.
Деңиздеги бороон-чапкын
13Түштүктөн сыдырым жел жүрө баштаганда, кемечилер максатыбызды ишке ашыра алат окшойбуз деп ойлоп, кемени кемеказыгынан бошотушту да, жээк бойлой сүзүп жөнөштү. 14Бирок көп өтпөй, арал тараптан «Түндүк-Чыгыш» аталган абдан катуу шамал башталды. 15Шамал күчөп келип, кемеге бир тийди эле, биз кеменин тумшугун бороонго каршы кармай албай, акыры бардык аракетибизди таштап, толкундардын айдоосуна багынып, шалдайып отуруп бердик. 16Кабыда деген бир чакан аралдын шамалдан далдараак жагынан өтүп баратканыбызда, кеменин артына байланган кайыкты зор кыйынчылык менен эптеп атып кеменин үстүнө тартып алганга үлгүрдүк. 17Кайыкты чыгарган соң, кемени аркандар менен чырмап, таңып салышты. Кемечилер Ливиянын бет маңдайындагы тайыз жерлердеги кумга тыгылып калбайлы деп чочулашып, парустарды түшүрүштү да, кемени шамалдын эркине коюшту. 18Бороон болсо токтобостон сого берди. Ошондуктан эртеси күнү кемедеги жүктү сууга ыргыта башташты. 19Үчүнчү күнү болсо, кеменин жабдыктарын ыргыта башташты. 20Көп күн бою күндү да, жылдыздарды да көрө албадык, а бороон болсо басаңдабады. Акырында аман каларыбыздан түңүлдүк.
21Кемедегилер көптөн бери наар сызбаган соң, Пабыл алардын ортосуна чыгып, мындай деди:
– Туугандар, мени угуп, Криттен кетпегениңерде, мындай кыйынчылыктарга туш болуп, зыян тартмак эмеспиз. 22Эми, кайрат кылгыла, себеби кемеден башка эч кимиңер зыян тартпайсыңар. 23Анткени мен кызмат кылган Кудай Эгемдин периштеси түндө жаныма келип: 24«Пабыл, коркпогун, сен падышанын алдына барышың керек. Ырайымдуу Кудай сен үчүн сапарлаштарыңдын баарынын өмүрүн сактап калат», – деди. 25Ошондуктан, туугандар, ындыныңарды өчүрбөгүлө. Мен Кудайдын убадасына ишенем. 26Менимче, шамал кемени бир аралга сүрүп таштайт болуш керек.
Кеменин кыйрашы
27Арадан эки жума өтүп, биз дале Адрия деңизинде шамалдын айдоосунда бараттык. Түн жарымына жакын кемечилер бир аралдын тушунан өтүп баратканыбызды сезип, 28суунун тереңдигин өлчөп көрүшсө, кырк метр чыкты. Бир аз убакыт күтүп, дагы өлчөштү эле, отуз метр болду. 29Суунун түбүнөн оркоюп чыгып турган аскаларга урунуп алуудан коркуп, кемечилер кемеказыктан төртөөнү сууга ыргытышты да, батыраак таң атса экен деп, Кудайдан тилешти. 30Анан качууга камданышып, кемеказыкты кеменин тумшугунан таштайбыз демиш болуп, кайыкты сууга түшүрө баштаганда, 31Пабыл жүз башыга кайрылып:
– Эгер алар кемеде калышпаса, анда сиздер кутула албайсыздар! – деди.
32Ошондо жоокерлер аркандарды кыя чабышып, кайыкты сууга бош түшүрүп жиберишти.
33Таңдын атышына аз калганда, Пабыл кемедегилерге:
– Эки жумадан бери наар сызган жоксуңар. 34Эй, айланайындар, тамактанып алгылачы, аман калышыңар үчүн тамактанышыңар керек. Башыңардан бир да тал чач түшпөйт, коркпогула, – деди.
35Пабыл ушундай деген соң, бир нанды колуна алды да, баарынын көзүнчө Кудайга ыраазычылыгын айтып, сындырып, жей баштады. 36Ошондо баары кайрат кылып, тамактанганга киришти. 37Кемеде баарыбыз болуп эки жүз жетимиш алты киши бар элек. 38Алар каалашынча тамактанып бүткөндө, кемедеги буудайды деңизге ыргытышып, кеменин жүгүн жеңилдетишти.
39Таң сүргөндө, кемечилер кайсы жерге келгенин ажырата алышпаса да, бир кумдуу булуңду байкашты. Ылаажы болсо кемени булуңга киргизели деп, ошонун аракетинде болушту. 40Кемеказыктарды байлаган аркандарды кыркып, ошону менен бир убакта рулду байлаган аркандарды да чечип жиберишти. Анан кеменин тумшугундагы парустарды шамалга тосушуп, шамалдын күчү менен кемени кургактыкка айдашты. 41Бирок кургактыкка жетпей, кеме тайыз жердеги кумга тыгылып калды. Кеменин тумшугу кумга батып калгандыктан, куйругу толкундардын күчүнөн кычырап, сына баштады. 42Ошондо аскерлер камактагылардын бирөө-жарымы сүзүп качып кетпесин деп, аларды өлтүрмөкчү болушту. 43Бирок жүз башы Пабылды сактап калгысы келип, алардын бул оюн ишке ашыртпады. Ал сүзгөндү билгендер биринчи болуп сууга секирип, жээкке чыксын деген буйрук берди. 44Калгандарынын кээси тактай минип, кээси кеменин сыныктарын кучактап, жээке сүзүп жөнөштү. Ошентип, кемедегилердин баары аман-эсен жээкке чыгышты.
Currently Selected:
Элчилер 27: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018