YouVersion Logo
Search Icon

Элчилер 24

24
Пабыл губернатор Феликстин алдында
1Арадан беш күн өтүп, башкы динкызматчы Анания менен бир нече эл башчылары Тертул деген бир юристти алып, Кесарияга келишип, Пабылды каралай турган арыздарын губернаторго беришти. 2Пабылды сот залына чакырышканда, Тертул айыптоо сөзүн мындайча баштады:
– Сиздин башкарууңуздун алдында биз аман-эсен, бейпил жашап келе жатабыз. Элибиздин турмушу жакшырып, көптөгөн өзгөрүүлөр кирүүдө. Буга сиздин көрөгөчтүгүңүз, көсөмдүгүңүз себеп. 3Биз бул кылгандарыңыздын баарын качан болбосун, кайда болбойлу чоң ыраазычылык менен мойнубузга алабыз, улуу урматтуу Феликс. 4Мен сиздин убактыңызды алып, бекер убара кылгым келбейт. Ошондуктан өзүңүзгө мүнөздүү болгон чоң сабырдуулугуңуз менен бизге бир аз көңүл буруп, угуп коюшуңузду өтүнөм.
5Биз мына бул кишини эл үчүн жугуштуу оору сыяктуу коркунучтуу деп таптык. Анткени бүткүл дүйнөдөгү эврейлерди көтөрүлүш чыгарууга үндөгөн эл бузар жана «назареттиктер» деген диний сектанын жетекчиси ушул экен. 6Ал тургай ийбадаткананы да арамдамакка аракет кылган жеринен биз токтотуп калдык.#24:6 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз. 8Муну өзүңүз сурап көрсөңүз, биздин айткандырыбыздын аныгын билесиз.
9Ошердеги иудейлер да бир ооздон «айткандары ырас» дешип, Тертулду колдоп кетишти.
Пабылдын губернатор Феликстин алдында сүйлөгөн сөзү
10Губернатор кезек берип, сүйлө деп ишарат кылган соң, Пабыл сөзүн мындайча баштады:
– Сиздин көп жылдардан бери бул элди сурап келатканыңызды билем, ошондуктан сиздин алдыңызда мен өзүмдү актап сүйлөөгө мүмкүнчүлүгүмдүн бар экенине кубанычтамын.
11Ийбадат кылуу үчүн Иерусалимге келгениме он эки күн болду. Муну өзүңүз да тактап билсеңиз болот. 12Ийбадатканада болгонумда да, синагогаларды кыдырып жүргөнүмдө да бирөө-жарым менен талашып-тартышып жатканымды же шаардын ичинде элди чогултуп алып, көтөрүлүшкө үндөгөнүмдү булар көрүшкөн жок. 13Сиздин алдыңызда мага таккан азыркы айыптарын өздөрү да далилдей алышпайт. 14А менин сиздин алдыңызда моюнга алып, ачык айтарым – булар «диний секта» деп аташкан Кудайдын жолунда ата-бабабыз сыйынган Кудайга кызмат кылып жүргөнүм. Мен Тоорат менен пайгамбарлар жазууларында айтылгандын баарына ишенемин. 15Бул олтурган айыптоочуларым сыяктуу эле, мен да адилдер менен күнөөкөрлөрдүн кайра тирилерине ишенип, Кудайга үмүтүмдү артамын. 16Ошондуктан Кудай алдында да, пенде алдында да ар дайым абийиримди таза сактап жүрүүгө аракеттенем.
17Иерусалимге келе элегиме көп жыл болду. Бу сапар эврей боордошторума акча жеткизип, Кудайга арнап курмандык чалайын деген тилек менен келгем. 18Ушундай максат менен ийбадатканада тазалануу расмисинен өтүп жүргөн жеримден булар мени көрүшкөн эле. Жанымда эч кандай эл да, тополоң да жок болчу. 19Ошол жерде мени Асия аймагынан келген иудейлердин бир нечеси көрүшкөн. Алардын мага каршы бир нерсеси болсо, анда азыр ушул жерге келип, сиздин алдыңызда айтышат эле го. 20Же бул жерде тургандар өздөрү айтышсын: жогорку кеңештин алдында турганымда менден кандай күнөө табышты эле? 21А балким, ошондогу: «Мен өлгөндөр кайра тирилет деп ишенип, үмүт кылганым үчүн соттолуп жатам!» – деп катуу кыйкырганым үчүн күнөөлүү чыгармын?
Пабылдын эки жылга камалышы
22Ошондо Эгебиз Ыйсанын жолунан жакшы кабардар болгон Феликс иудейлерге кайрылып:
– Бул чатагыңарды миң башы Лусий келгенде чечем, – деп кийинкиге калтырды.
23Пабылды жүз башыга тапшырып:
– Муну камап ташта, бирок жеңилдик берилсин, жоро-жолдоштору менен кезигишине тыюу салынбасын! – деп буюрду.
24Арадан бир нече күн өткөндө, Феликс Друсила аттуу эврей аялы менен келип, Пабылды алдыртты да, анын Машаяк Ыйсага болгон ишеними тууралуу сурап, сөзүнө кулак салды. 25Бирок Пабыл адилеттик жөнүндө, напсини тыюу жөнүндө жана келечекте боло турган Кудайдын сурагы тууралуу сөз кылганда, Феликстин жүрөгү түшүп:
– Азырынча бара бер, кийин убакыт таап, чакыртам, – деп аны кетирди.
26Ал пара береби деп үмүттөнүп, Пабылды улам-улам чакыртып, аны менен сүйлөшүп турду.
27Эки жылдан кийин, Феликстин ордуна Порки Фест губернатор болду. Ал эми Феликс иудейлердин көңүлүн алуу максатында Пабылды камакта калтырып кетти.

Currently Selected:

Элчилер 24: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in