Элчилер 23
23
Пабылдын жогорку кеңештин алдында сүйлөгөн сөзү
1Пабыл жогорку кеңештин мүчөлөрүнө тике карап:
– Агайындар, мен ушул күнгө чейин Кудай алдында таза абийирим менен жашап келатам, – деди.
2Муну уккан башкы динкызматчы Анания жанында тургандарга:
– Тигинин оозун талкалагыла! – деп буйруду.
3Ошондо Пабыл ага:
– Эй, акталган дубал, сени Кудай талкалайт! Сен мени Тоорат мыйзамы боюнча соттогону жатып, эмне менин оозумду талкалатып, кайра өзүң ошол мыйзамды бузганы турасың? – деди.
4Жанында тургандар:
– Эй, сен Кудайдын башкы динкызматчысына да ушундай сүйлөйсүңбү! – дешти.
5Пабыл:
– Боордоштор, анын башкы динкызматчы экенин билсем, мындай демек эмесмин. Анткени Тооратта: «Өз элиңдин башчысына жаман сөз айтпа!»#23:5 Чыгуу 22:28. деп жазылган, – деди.
6Пабыл алардын кээси садукей, кээси фарисей тобунан экенин билип, үнүн бийик чыгарып, жогорку кеңешке:
– Боордоштор, мен өзүм фарисеймин, атам да фарисей. Мен өлгөндөр кайра тирилет деп ишенип, үмүт кылганым үчүн соттолуп жатам! – деди.
7Пабыл ушундай дегенде, фарисейлер менен садукейлердин ортосунда талаш чыгып, жогорку кеңеш экиге бөлүнүп кетти. 8Анткени садукейлер өлгөндөрдүн кайра тирилишине, периштелер менен рухтардын бар экенине ишенишпейт. Фарисейлер болсо булар бар деп ишенишет. 9Ушул себептен талаш кызып, өздөрүнчө уу-дуу болуп кетишти. Ошондо фарисей дин мугалимдеринен бир нечеси алдыга чыгып:
– Биз бу кишиден эч кандай жамандык таба албадык. Балким, чындап эле ага кайсы бир рух же периште сүйлөгөндүр! – дешти кызууланып.
10Жаңжал барган сайын күчөй берди. Эл Пабылды тытмалап салабы деп корккон миң башы жоокерлерине ылдый түшүп, Пабылды алардын арасынан сууруп чыгып, сепилге киргизүүнү буйруду.
11Ошол түнү Эгебиз Ыйса Пабылга келип, мындай деди:
– Коркпо, Пабыл! Сен Иерусалимде Мага кандай күбө болсоң, Римде да ошондой күбө болууга тийишсиң.
Пабылды өлтүрүү жөнүндө бүтүм
12Эртеси күнү таң эрте бир топ иудейлер чогулуп, Пабылды өлтүрмөйүн оозубузга наар албайбыз деп антташып, жашырын бүтүмгө келишти. 13Ушундай максат коюп, өз ара антташкандардын саны кырктан ашып кетти. 14Алар жогорку динкызматчылар менен эл башчыларына келип:
– Биз Пабылды өлтүрмөйүн эч нерсе жебейбиз деп антташтык. 15Эми сиздер жогорку кеңештин мүчөлөрү менен бирге миң башыга барыңыздар да, Пабылдын маселесин жакшыраак карап чыгабыз деген шылтоо менен аны өзүңүздөргө алдырыңыздар. Биз болсо, аны бул жакка жеткиче, жолдон өлтүрүп салууга даярбыз, – дешти.
16Алардын бул оюн Пабылдын жээни угуп калып, сепилге жүгүрүп келди да, ичине кирип, Пабылга айтып берди. 17Ошондо Пабыл жүз башынын бирин чакырып алып, ага:
– Бу баланы миңбашыга алып барууңузду суранам. Ага айтар сөзү бар экен, – деди.
18Жүз башы баланы миң башыга ээрчитип барып, ага:
– Камактагы Пабыл мени чакырып, бул баланы сизге алып барууну өтүндү. Мунун сизге айта турган сөзү бар экен, – деди.
19Миң башы баланы колунан алып, четке чыгарды да:
– Эмне сөзүң бар эле? – деди.
20Бала:
– Иудейлер өз ара макулдашып, Пабылдын маселесин аныгыраак текшеребиз деген шылтоо менен эртең аны жогорку кеңештин алдына чыгарып берүүңүздү суранганы келишти. 21Сиз макул болбоңуз. Себеби кырктан ашык адам Пабылды аңдып, жолдо бекинип жатышат. Алар аны өлтүрмөйүн оозубузга эч нерсе албайбыз деп өз ара антташып алышкан. Ошолор азыр сиздин уруксатыңызды күтүп, даяр турушат, – деди.
22Миң башы:
– Муну башка эч кимге айтпа! – деп баланы коё берди.
Пабылдын Кесариядагы губернатор Феликске жиберилиши
23Миң башы эки жүз башысын чакырып алып, мындай буйрук берди:
– Кечки саат тогузга Кесарияга барганга эки жүз жоокерди, жетимиш атчан аскерди жана эки жүз жаачыны даярдагыла. 24Пабылды губернатор Феликстин алдына аман-эсен жеткириш үчүн көлүк камдагыла!
25Анан төмөндөгүдөй кат жазды: 26«Клавдий Лисийден улуу урматтуу губернатор Феликске салам кат. 27Бул кишини иудейлер кармап алып, өлтүргөнү жаткан жеринен анын Рим жараны экенин билип, жоокерлерим менен жете барып, алардын колунан куткарып калдым. 28Кандай айып табышканын билейин деп, жогорку кеңешке салдым. 29Алар муну өздөрүнүн диний мыйзамына байланыштуу маселе боюнча айыпка жыгып жатышыптыр. Бирок өлтүрүүгө же түрмөгө камоого ылайык эч айып таппадым. 30Эми, иудейлердин бул кишиге каршы уюштурган оюн билип калып, дароо сизге жиберип отурам. Бул кишини айыптагандарга болсо, айтар сөзүңөрдү өзүңүздүн алдыңызда айткыла деп буйрудум. Саламатта болуңуз».
31Жоокерлер буйрукту аткарып, ошол түнү Пабылды Антипатырга алып барышты. 32Эртеси Пабыл менен бирге андан ары баруу үчүн атчандарды калтырып, өздөрү сепилге кайтышты. 33Алар Кесарияга келип, Пабылды губернатордун алдына алып барышты да, катты колуна тапшырышты. 34Губернатор катты окуп чыгып, Пабылдын кайсы аймактан экенин сурады. Пабылдын Киликиядан экенин билген соң, ага:
– 35Сени айыптагандар келсин, ишиңди ошондо карайм, – деди.
Анан жоокерлерине:
– Бул киши Ироддун акимчилигинде кайтарууда болсун, – деп буюрду.
Currently Selected:
Элчилер 23: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018