YouVersion Logo
Search Icon

Элчилер 22

22
Пабылдын ийбадаткананын сыртында сүйлөгөн сөзү
1Урматтуу агайындар жана аталар! Мен өзүмдү актап айтып турган сөзүмө кулак салгыла! – деди.
2Тигилер Пабылдын эврей тилинде кайрылып жатканын укканда, ого бетер тынчый түшүштү. Пабыл сөзүн улады:
3Мен иудеймин, туулган жерим Киликиянын Тарс деген шаары, бирок ушул шаарда чоңоюп, белгилүү дин мугалими – Гамалиелдин кол алдында тарбияландым. Ата-бабабыз туткан мыйзамды кылдаттык менен карманып, ушул турган сиздер сыяктуу эле Кудайга өтө катуу берилген адам элем. 4Ыйсанын жолун жолдоочуларды эркек-аял дебестен байлап келип, түрмөгө каматып, өтө катуу куугунтуктачумун. 5Мына, башкы динкызматчы менен эл башчыларыбыздын баары буга күбө. Мен булардан тил кат жаздырып алып, Ыйсанын шакирттерин Иерусалимге байлап келип, жазалатам деген максатта Дамаскка бараткам. 6Дамаскка жакындаганымда, убакыт түшкө маал болчу. Капыстан көктөн бир нур төгүлүп, айланамды жапжарык кылып жиберди. 7Мен жерге кулап түштүм. Ошондо баягы нурга бөлөнгөн неменин мага: «Шабыл, Шабыл, эмне үчүн Мени куугунтуктап жүрөсүң?» – деген үнүн уктум. 8Мен: «Оо, Кудурет, сиз кимсиз?» – дегенде, ал: «Мен сен куугунтуктап жүргөн назареттик Ыйсамын», – деди. 9Жанымдагылар жарыкты көрүшүптүр, бирок мага сүйлөгөн үндү угушпаптыр. 10Мен ага: «Эми мен эмне кылайын, Эгем?» – дедим. Ошондо Эгем мага мындай деди: «Өйдө бол да, Дамаскка кир. Эмне кылыш керек экендигиңдин баарын ошол жерден айтып беришет». 11Ошол нурдан көзүм тунарып, көрө албай калган экем, жанымдагылар колуман жетелеп, Дамаскка алып келишти. 12Дамасктагы иудейлердин арасында кадыр-барктуу, динге абдан катуу берилген Анания аттуу бир киши бар экен. 13Ошол киши жаныма келип: «Иним Шабыл, көзүң ачылсын!» – деди. Ошондо дароо көзүм ачылып, а кишини көрдүм. 14Ал мага мындай деди: «Биздин ата-бабабыз сыйынган Кудай сени Өз эркин билсин, адилеттүү Кызматчысын көрсүн, Анын сөзүн уксун деп тандаптыр. 15Сен эми уккан-көргөнүңдү бардык адамдарга айтып бересиң. 16Кана, эмнени ойлонуп турасың? Ордуңан туруп, Ыйсанын атын оозанып, сууга чөмүлүп, күнөөлөрүңдөн тазар!»
Пабылдын башка улуттагы элдерге Жакшы Кабар айтуу үчүн дайындалышы
17Мен Иерусалимге кайтып келген соң, ийбадатканада сыйынып жатып, өзүмдү жоготуп коюптурмун. 18Ошондой абалда Эгем Ыйсаны көрдүм. Ал мага: «Шабыл, сен тез арада Иерусалимден чыгып кет. Бул жердегилер Мен жөнүндөгү күбөлөндүрүүңдү кабыл алышпайт!» – деди. 19Мен: «Эгем, Сага ишенгендерди зынданга салып, синагогаларда уруп-сабаганымды алар жакшы билишет да. 20Сенин күбөң Степанды таш бараңга алып жатышканда, мен да бар элем. Ал тургай ошого курсант болуп, өлтүрүп жаткандардын кийимин кайтарып тургам», – дедим. 21Ошондо Ал мага мындай деди: «Кой, сен азыр бул жерден кетип кал. Мен сени алыстагы элдерге жиберем».
Пабыл – Рим атуулу
22Ушул убакка чейин Пабылга кулак төшөп отурган эл анын акыркы сөзүн угары менен чуулдап кирди.
– Жер менен жексен кылыш керек мындайды! Көзүн тазалаш керек! – деп бакырышып, 23чапандарын чечип ыргытышып, ошердин чаңын асманга сапырышты.
24Ошондуктан миң башы Пабылды сепилге алып кирди. Элдин Пабылга мынчалык катуу каршы болгонунун себебин билүү үчүн, аны сабоого буйрук берди. 25Желдеттер кайыш менен байлап жатканда, Пабыл жанында турган жүз башыга:
– Рим атуулун сурак-сотсуз сабаганга кандай укугуңар бар? – деди.
26Жүзбашы муну укканда, миң башыга келип:
– Сиз эмне кылганы жатасыз, бу киши Рим атуулу турбайбы, – деди.
27Миң башы Пабылга басып келип:
– Сен эмне, Рим атуулусуңбу? – деп сурады.
– Ооба, – деди Пабыл ага.
28Миң башы:
– Мен бул атуулдукту көп акчага сатып алган болчумун, – деди.
Пабыл:
– А мен болсом төрөлгөндөн эле Рим атуулумун, – деп жооп берди.
29Ошондо Пабылды суракка алмакчы болгондор дароо кетенчиктей калышты. Миң башы Пабылдын Рим атуулу экенин билгенде, аны байлатып салганынан улам, өзү да сестейе түштү. 30Эртеси миң башы Пабылдын кишендерин чечтирип, иудейлер эмне себептен айыптап жатканын жакшылап билгиси келди. Бул үчүн жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңеш мүчөлөрүнө чогулууну буйруду. Андан соң, Пабылды сепилден ылдый алып түшүп, алардын алдына тургузду.

Currently Selected:

Элчилер 22: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in