1 Жакан 5
5
Ишеним менен сүйүү
1Ким Ыйсанын Машаяк экенине ишенсе, ал Кудайдын баласы. Атасын сүйгөндөр баласын да сүйөт. 2Кудайдын балдарын сүйөрүбүздү Анын Өзүн сүйгөндүгүбүздөн жана осуяттарын сактаганыбыздан билебиз. 3Кудайдын осуяттарын сактаганыбыз – Аны сүйгөндүгүбүз. Кудайдын осуяттарын сактоо болсо оор эмес. 4Ким Кудайдын баласы болсо, бу дүйнөнү жеңет. Бул дүйнөнү биз ишенимибиз менен жеңебиз. 5Бу дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экенине ишенүүчү адамдан башка ким жеңе алат? Эч ким!
Ыйса Машаяк ким?
6Ыйса Машаяк бизге келгенде сууга чөмүлүү жол-жобосунан өткөн жана канын төккөн. Суу эле эмес, суу жана кан аркылуу келген. Ыйык Рух буга күбө. Анткени Ыйык Рух – акыйкаттын өзү. 7Демек, үч күбө бар: 8Рух, суу жана кан. Үчөөнүн айтканы бирдей.#5:8 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз. 9Биз пенделердин күбө сөздөрүн кабыл алып жүрөбүз, ал эми Кудайдыкы болсо алардыкынан салмактуураак, анткени Ал бизге Өз Уулу тууралуу айткан. 10Кудай Уулуна ишенген адамдын дилинде Кудайдын ушул сөзү жашайт. Кудайга ишенбеген адам Аны калпычы кылып көрсөтөт, анткени Кудайдын Өз Уулу тууралуу айткан сөзүнө ишенбейт. 11Мына, бул Кудайдын сөзү: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди жана бул өмүр Анын Уулунда. 12Дилинде Кудай Уулу жашаган адамда өмүр бар, ал эми дилинде Кудай Уулу жашабаган адамда өмүр жок.
Кудайдын Уулу бизди күнөөдөн сактап, түбөлүк өмүр берет
13Мен бул сөздөрдү Кудай Уулуна ишенген силер түбөлүк өмүргө ээ болгонуңарды билип алсын деп жаздым. 14Кудайдын эркине жаккан бир нерсе сурасак, Ал бизди угат деп терең ишенебиз. 15Эмне сурасак да бизди уккандыгын билсек, демек, сураганыбызды бергендигин да билебиз.
16Боордошунун өлүмгө алып барбай турган күнөө кылып жатканын көргөн адам ошол үчүн сурансын, ошондо Кудай анын өмүрүн сактап калат. Сурансын дегенде өлүмгө алып барчу күнөө жөнүндө айткан жокмун. 17Адилсиздиктин баары күнөө, бирок өлүмгө алып барбай турган да күнөө бар. 18Биз кимдин атасы Кудай болсо, ал күнөө жасай бербесин билебиз. Кудай Уулу аны сактагандыктан азгыруучу ага зыян кыла албайт. 19Биз өзүбүздүн Кудайдын жетегинде экенибизди жана бүткүл дүйнө азгыруучунун бийлиги алдында жатканын билебиз. 20Кудай Уулу келип, чыныгы Бирөөнү таанып-билгенге бизге акыл-эс бергенин билебиз. Ошондой эле, биз өзүбүздүн чыныгы Бирөө менен, башкача айтканда, Кудайдын Уулу Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта экенибизди билебиз. Чыныгы Кудай жана түбөлүк өмүр – Ошол.
21Балдар, буркандардан сак болгула.
Currently Selected:
1 Жакан 5: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018