YouVersion Logo
Search Icon

2 Жакан 1

1
Саламдашуу
1Жыйын жетекчисинен Кудай тандаган айымга жана анын балдарына.#1:1 «Айым жана анын балдары» деген сөздөр жыйынды жана анын мүчөлөрүн билдирет. Силерди мен гана эмес, акыйкатты таанып калгандардын баары чын жүрөктөрүнөн жакшы көрүшөт. 2Анткени жүрөгүбүздөгү акыйкат түбөлүккө биз менен болот. 3Ылайым Кудай Атабыз жана Анын Уулу Ыйса Машаяк баарыбызга акыйкаты менен сүйүүсүн, ырайымын, мээримин жана тынчтыгын ыроолосун.
Сүйүү деген эмне?
4Балдарыңдын ичинен Атабыз осуят кылган акыйкат менен жашап жүргөндөрү жөнүндө укканымда абдан сүйүндүм. 5Эми да, сенден өтүнөөрүм, урматтуу айым, баарыбыз бири бирибизди сүйөлү. Мен сага жаңы осуят жазып жаткан жокмун, мындай осуят бизде тээ башынан эле бар. 6Сүйүү дегеним – бул Кудайдын осуяттары боюнча жашаганыбыз. Ал эми осуят дегеним, башынан эле өзүңөр уккандай, өз ара сүйүүдө жашооңор.
Жалган окутуудан сак болгула
7Анткени Ыйса Машаяктын адам кейпинде келгенине ишенбеген алдамчылар дүйнөгө толуп кетти. Мындай адамдар алдамчы жана Машаяктын душманы. 8Ошондуктан мээнетиңер текке кетпей, сыйлыгыңарды толук алууңар үчүн өзүңөргө сак болгула! 9Машаяктын окутуусунан четтеп, ал боюнча жашабаган ар кимдин Кудай менен мамилеси жок. Ал эми Машаяктын окутуусу боюнча жашаган адамдын Кудай Атабыз жана Анын Уулу менен мамилеси бар. 10Ким силерге ушул окутууну үйрөтпөсө, андайды үйүңөргө да киргизбегиле, салам да бербегиле. 11Анткени ага салам берген ар ким анын жаман иштерине тилектеш, ортоктош.
Соңку сөз
12Силерге айтар сөзүм көп, ошондуктан, андан көрө силерге барып, орой көз чарай сүйлөшүп, бир черимди жазсам деген ниетим бар. 13Сага Кудай тандап алган эжеңдин#1:13 «Эжең» деген сөз жыйынды билдирет. балдарынан ысык салам.

Currently Selected:

2 Жакан 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in