1 Жакан 4
4
Рухтарды ажырата билгиле
1Сүйүктүүлөрүм, ар кандай эле рухка ишене бербегиле. Кудайданбы же башкаданбы, текшерип көргүлө, анткени көптөгөн жалган пайгамбарлар дүйнөгө толуп кетишти. 2Кудайдын Рухун мындан билсеңер болот: Ыйса Машаяк адам болуп келген деп билген рух Кудайдан, 3ал эми Ыйсаны танган рух Кудайдан эмес, Машаяктын душманынан. Силер мурда Машаяктын душманы келет деп укканыңардай, ал азыр дүйнөдө. 4Балдар, силер Кудайдын жетегиндесиңер жана аларды жеңип чыктыңар, анткени силердин ичиңердеги Рух бул дүйнөдөгү рухтан күчтүү. 5Алар бул дүйнөдөн, ошондуктан дүйнөнүкүн сүйлөшөт жана бул дүйнөнүн адамдары аларды угат. 6Биз болсо Кудайдын жетеги мененбиз. Кудайды тааныгандар бизди угушат. Кудайдын жетегинде эместер бизди укпайт. Акыйкаттын Руху менен алдамчылыктын рухун ушундан ажыратып тааный алабыз.
Кудай – сүйүү
7Сүйүктүүлөрүм, бири бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү – Кудайдан. Сүйө билген адамдын атасы Кудай жана ал Кудайды билет. 8Сүйө билбеген адам Кудайды билбейт, анткени Кудай – сүйүү. 9Ал бул дүйнөгө жалгыз Уулун жиберип, бизди Ал аркылуу чыныгы өмүргө ээ болсун деди. Кудайдын бизге болгон сүйүүсү ушундан белгилүү болду. 10Биз Кудайды эмес, Кудай бизди сүйүп, күнөөлөрүбүздүн куну төлөнүшү үчүн Уулун жиберди. Сүйүүнүн чыныгы мааниси мына ушунда. 11Сүйүктүүлөрүм, Кудай бизди ушундай сүйүп жаткан соң, биз да бири бирибизди сүйүшүбүз керек. 12Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес. Эгерде бири бирибизди сүйсөк, анда Кудай жүрөгүбүздө жашап, Анын сүйүүсү биз аркылуу толук көрүнгөнү.
13Өзүбүздүн Кудай менен жана Кудайдын биз менен чогуу жашап жатканын Анын берген Руху аркылуу билебиз. 14Кудай Атабыз Өз Уулун бул дүйнөнүн Куткаруучусу катары жибергенин көрүп, муну башкаларга айтып жатабыз. 15Кимде ким Ыйсаны Кудай Уулу деп ачык айтса, анда Кудай аны менен жана ал Кудай менен тыгыз байланышта жашайт. 16Кудай бизди сүйгөндүгүн жакшы түшүнүп, Ага терең ишендик. Кудай – сүйүү. Сүйүп жашаган ар ким Кудай менен, а Кудай болсо аны менен жашайт. 17Кудайдын сүйүүсү биз аркылуу толук көрүнөт да кыямат кайымда жүзүбүз жарык болот, анткени биздин бул дүйнөдөгү жашообуз Машаяктын жашоосундай. 18Сүйүүдө коркунуч болбойт, анткени коркунуч жаза менен байланыштуу, ошондуктан чыныгы сүйүү коркунучту сүрүп чыгарат. Ал эми корккон адамда болсо сүйүү жетилген эмес.
19Биз болсок сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйдү. 20Эгер кимдир бирөө «мен Кудайды сүйөм» деп, бирок өз боордошун жек көрүп турса, анда ал алдамчы, анткени көзү көрүп турган боордошун сүйбөгөн, эч көрбөгөн Кудайды кантип сүйө алат? 21Ал бизге мындай осуят калтырган: «Кудайды сүйгөн киши боордошун да сүйсүн».
Currently Selected:
1 Жакан 4: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018