1 Жакан 3
3
Биз Кудайданбыз
1Карагылачы, бизди балдарым деп, Кудай Атабыз кандай чоң сүйүүсүн көрсөткөн. Биз чынында эле Анын балдарыбыз. Бул дүйнөнүн бизди кабыл албаган себеби – Ыйсаны таанып-билген эмес. 2Сүйүктүүлөрүм, азыр биз Кудайдын балдарыбыз жана келечекте ким болорубуз али так анык эмес. Ошондой болсо да, Ыйса кайра көрүнгөндө Ага окшоп каларыбызды билебиз, анткени Анын кандай экенин көрүп калабыз. 3Ушундай үмүт менен жашаган ар бир адам Ыйсадай таза болуш үчүн, өзүн да тазалап турат.
4Күнөө кылган ар адам Кудайдын мыйзамын бузат, анткени күнөө – бул Кудайдын мыйзамын бузгандык. 5Ыйсанын күнөөлөрдү Өз мойнуна алуу үчүн бул дүйнөгө көрүнгөнүн жана Анын Өзүндө эч кандай күнөө жок экенин силер билесиңер. 6Ким Ыйса менен тыгыз мамиледе жашаса, ал күнөө кылбайт. Күнөө кылуучу ар адам Ыйсаны такыр таанып-билген эмес.
7Балдар, эч ким силерди ак жолдон адаштырбасын. Адил жашаган ар ким Ыйсанын Өзү сыяктуу адил. 8Ким күнөө кыла берсе, анда ал ибилистин жетеги менен жашайт, анткени ибилис башынан бери эле күнөө кылып келатат. Кудай болсо Өз Уулун ибилистин иштерин талкалоо үчүн ушул дүйнөгө көрсөттү. 9Кимдин атасы Кудай болсо, ал күнөө жасай бербейт, анткени анын жан-тенинде Кудай жашайт. Ал күнөө жасай да албайт, анткени Кудайдын баласы. 10Кудайдын балдарын ибилистин балдарынан мындайча ажыратып билсек болот: адил өмүр сүрбөгөн, андан да, өз боордошун сүйбөгөн адам Кудайдын баласы эмес.
Бири бирибизди сүйөлү
11Силер эң башында уккан кабар бул: биз бири бирибизди сүйүшүбүз керек. 12Азгыруучунун ишин кылып өз инисин өлтүргөн Кабыл өңдүү болбойлу! Ал өз инисин эмне үчүн өлтүрдү? Анткени жасаган иши жаман болчу, ал эми инисиники Кудай алдында жакшы эле. 13Боордоштор, эгер бул дүйнө силерди жек көрүп жатса, таң калбагыла! 14Биз өлүмдөн өмүргө өтүп кеткенибизди билебиз, анткени боордошторубузду сүйөбүз. Ал эми боордошторун сүйбөгөн адам али өлүм кучагында. 15Өз боордошун жек көргөн ар бир адам – киши өлтүргүч. Ал эми силер билесиңер: киши өлтүрүүчүнүн бири да Кудай берчү түбөлүк өмүргө ээ эмес. 16Сүйүүнүн кандай экенин мындан билебиз: Ыйса биз үчүн Өз жанын кыйды. Биз да өз боордошторубуз үчүн жаныбызды кыйышыбыз керек. 17Эгер оокаттуу бир адам боордошунун муктаждыгын көрүп туруп, кайрым кылбаса, анда кантип анын ичинде Кудайдын сүйүүсү жашасын?
18Балдар, сөз жана тил менен эмес, иш жүзүндө чындап сүйөлү. 19Өзүбүздүн акыйкаттын жетегинде экенибизди ушундан билебиз жана жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз. 20Бизди жүрөгүбүз айыптап жатса да, баарын билген Кудай биздин жүрөгүбүздөн да бийик Айыптоочу. 21Сүйүктүүлөрүм, эгерде бизди жүрөгүбүз айыптабаса, анда Кудай алдында жүзүбүз жарык болот 22жана Андан эмне сурасак да алабыз, анткени Анын осуяттарын сактап, каалоолорун аткарып жүрөбүз. 23Кудайдын осуяты – бул Анын Уулу Ыйса Машаяктын атына ишенип, Ал калтырган осуяттагыдай бири бирибизди сүйүшүбүз. 24Кудайдын осуяттарын сактап өмүр сүргөн адам Кудай менен бирге, ал эми Кудай болсо аны менен бирге жашайт. Кудайдын биз менен бирге жашап жаткандыгын Анын бизге берген Рухунан билебиз.
Currently Selected:
1 Жакан 3: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018