1 Корунттуктар 9
9
Машаяктын элчилеринин укуктары жана милдеттери
1Мен эркин адам эмесминби? Же Машаяктын элчиси эмесминби? Мен Эгебиз Ыйсаны көргөн жок белем? Силер болсо Эгеме өтөгөн кызматымдын үзүрү эмей, кимсиңер? 2Башкалар мени элчи катары кабыл албаган күндө да, силер үчүн мен – элчимин! Анткени Эгебиз мени элчиликке дайындаганынын ачык-айкын далили – силерсиңер.
3Мага сын таккандардын алдында кайтарар жообум бул: 4биздин, башкаларга окшоп, азыгыбызды эмгегибизден тапкыдай акыбыз жок бекен? 5Же башка элчилерге жана Эгебиздин бир туугандары менен Петирге окшоп, сапарга чыкканда, жаныбызга ишенимдеш карындашыбыз – өмүрлүк жарыбызды алып жүргүдөй укугубуз жокпу? 6Же болбосо өз нанын маңдай тери менен тапканга милдеттүү болгон Барнап экөөбүз элеби? 7Аскердик кызматын өтөп жүргөндө, өз камын өзү көргөн жоокер барбы? Жүзүм тигип, анын жемишинен ооз тийбеген багбан болобу? Же мал багып жүрүп, саап алган сүтүнөн өзү да ичпеген бар бекен?
8Муну адамдык өңүттөн гана карап айтып жатат дейсиңерби? Тоорат мыйзамы да дал ушуну айтып жатпайбы? 9Муса пайгамбар калтырып кеткен Тоораттан: «Эгин басып жаткан өгүздүн оозун калкалаба»,#9:9 Мыйз. 25:4. – деп жазылганын окусак деле болот. Кудайдын кам көргөнү чын эле өгүзбү? 10Ал муну биз тууралуу айтып жатканы бышык эмеспи? Албетте, бул биз тууралуу, себеби жер айдаган киши да, эгин бастырган киши да өз үлүшүмдү алам деген илгери үмүт менен иштеши керек го. 11Биз араңарга рухий үрөн сээп кеттик эле. Эми оргонубуз күнүмдүк оокат болсо, бул, эмне, көптүк кылабы? 12Эгерде башкалар силерден жардам алып турууга акылуу болушса, биздин буга алардыкынан көбүрөөк акыбыз бар эмеспи?
Бирок ушундай акыбыз бар болсо да, биз андан пайдаланбадык. Анын ордуна, Машаяктын Жакшы Кабары жолтоосуз жайылтыш үчүн, бардыгына чыдап келатабыз. 13Ийбадатканада кызмат кылып жүргөндөр өз тамагын ийбадатканадан, курмандык жайды тейлегендер курмандыктардан аларын билген жок белеңер? 14Дал ошентип, Эгебиз Жакшы Кабарды насыяттап жүргөндөргө да өз ишинин үзүрүнөн күн көрүүнү буюрган.
15Бирок мен ал укуктарымдын биринен да пайдаланган жокмун. Азыр да антейин деп жазып жаткан жерим жок. Эми да ушул сыймыгымды эч кимге жокко чыгартпайм. Анткенден көрө өлгөнүм эле артык! 16Жакшы Кабарды жар салып жүргөнүм мен үчүн мактаныч эмес, парыз. Мен аны аткарууга милдеттүүмүн. Антпесем, башыма каран түн түшкөнү! 17Эгерде мен муну өз ыктыярым менен кылсам, анда ал үчүн эмгек акы алмакмын. Бирок мен кызматымды ыктыярдуу эмес, Кудай тапшырган үчүн аткарып жүрөм. 18Андай болсо, алар сыйлыгым кайсы? Жакшы Кабарды өзүмө тийиштүү укуктардан пайдаланбай, акысыз жар салганымдын өзү эле мен үчүн артыкчылык.
19Анткени эч кимдин кулу эмес, эркин адам болсом да, Машаяктын жолуна көбүрөөк адамдарды түшүрүш үчүн өзүмдү бардыгынын кулу кылдым. 20Иудейлерди Машаякка алып келем деп, алардын арасында иудейдей болдум да, өзүм Тоорат мыйзамына багынбаганым менен, ага багынгандарды Машаяк жолуна салыш үчүн андайлардын арасында мен да ага багынган адамдай болуп жүрдүм. 21Тоорат мыйзамын тааныбагандарды Машаяк жолуна салыш үчүн, өзүм Кудай мыйзамына моюн сунуп, Машаяктын мыйзамы алдында болсом да, башка улуттагылардын арасында мыйзамды билбеген кишидей жүрдүм. 22Ишеними аздарды Машаяк жолуна салыш үчүн, алардын арасында өзүм да ишеними аз немедей жүрдүм. Ошентип, колумдан келишинче аздыр-көптүр адамдарды куткарылууга алып келүүнү көздөп, бардыгына өз болуп бердим.
23Мунун баарын Жакшы Кабардын ийгилиги үчүн, өзүмө да анын батасы тийсин деп кылып жатам. 24Жарышка көп киши катышканы менен, бирөө гана байгени аларын билет эмессиңерби. Андыктан жүгүргөнүңөрдө, байгеге жеткидей болгула. 25Таймашка чыккан ар адам жеңишке ээ болууну эңсеп, өзүн өзү тизгиндеп турат. Ал бардык аракетин соолуп кетер гүлтаажыны алууга жумшайт. Биздин аларыбыз болсо эч качан соолубас түбөлүктүү таажы. 26Дал ошон үчүн мен чуркасам, максаты жок немедей чуркабайм, мушташсам, бекер эле тиер-тийбес муштагылай бербейм. 27Башкаларга Жакшы Кабар тараткан өзүм акырында байгеден куру калбас үчүн, денемди тизгиндеп, өзүмө баш ийдирип келем.
Currently Selected:
1 Корунттуктар 9: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018