Таймашка чыккан ар адам жеңишке ээ болууну эңсеп, өзүн өзү тизгиндеп турат. Ал бардык аракетин соолуп кетер гүлтаажыны алууга жумшайт. Биздин аларыбыз болсо эч качан соолубас түбөлүктүү таажы. Дал ошон үчүн мен чуркасам, максаты жок немедей чуркабайм, мушташсам, бекер эле тиер-тийбес муштагылай бербейм.