Мага салыкка төлөнө турган бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү! – деди.
Алар бир күмүш теңгени алып келишти.
– Анан бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? – деди Ыйса ошондо аларга карап.
– Падышаныкы, – дешти алар.
Ыйса:
– Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! – деди.