YouVersion Logo
Search Icon

Матай 22

22
Үйлөнүү тою тууралуу ибарат
1Ыйса ибарат менен сүйлөгөнүн улантып, мындай деди:
2Асман Падышачылыгы баласын үйлөнтүп, той берген падыша сыяктуу. 3Ал үйлөнүү үлпөтүнө чакырылган конокторго «тойго келиңиздер» деп айттырып, кулдарын жөнөтөт. Бирок тигилердин келгенге көңүлү жок болду. 4Ошондо падыша кайрадан бөлөк кулдарын жумшап:
– Баргыла, чакырылгандарга: «Тамак даяр, букаларым да, бордолгон малдар да союлуп, баары даяр. Тойго келиңиздер», – деп айткыла, – деди. 5Тойго чакырылган коноктор болсо падышанын сөзүн этибарга албай, туш-тушка басып кетишти: бири айдоо талаасына кетсе, экинчиси соодасына, 6дагы башкалары болсо кулдарын кармап алып, кордоп, анан өлтүрүп салышты. 7Ошондо падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберип, жанагы канкорлорду кырып, шаарын өрттөдү. 8Анан кулдарына айтты:
– Үйлөнүү тою го даяр болчу, бирок чакырылгандар татыксыз экен. 9Ошондуктан жөнөгүлө да жолдордун кесилиштерине барып, жолуккандардын баарын тең тойго чакыргыла! 10Баягы кулдар жолдорго барып, жамандарды да, жакшыларды да, иши кылып жолуккан адамдардын баарын чогултуп келишти. Ошентип, той үйү жамбаштап жаткандарга жык-жыйма толду. 11Аларды көргөнү келген падыша той кийимин кийбеген бирөөнү байкады. 12Анан ага мындай деди:
– Эй, дос, той кийимисиз бул жакка кантип кирип кеттиң? Тигил болсо үн катпады. 13Ошондо падыша кызматчыларына:
– Мунун колу-бутун байлап туруп, сырттагы караңгылыкка ыргытып таштагыла! Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратып, өкүрүшөт! – деди.
14Анткени чакырылгандар көп болот, бирок тандалгандар аз.
Салык төлөө маселеси
15Ушундан кийин фарисейлер кетип калышты да, Ыйсанын кебинен бир кынтык таап, сөзүнөн кармайлы деп акылдашышты. 16Анан Ыйсага өзүнүн шакирттери менен Ироддун жолун жолдоочуларды кошуп, мындай деп айтыш үчүн жөнөтүштү:
– Устат, сиздин чынчыл экениңизди билебиз. Бирөөгө жагынууга аракет кылбайбыз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарды Кудайдын акыйкат жолун окутасыз! 17Эми бизге айтыңызчы, сиз кандай ойлойсуз: Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу? 18Ыйса алардын мындай жаман оюн билип:
– Эй, эки жүздүүлөр, эмнеге Мени сынап жатасыңар? 19Мага салыкка төлөнө турган бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү! – деди.
Алар бир күмүш теңгени алып келишти.
20Анан бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? – деди Ыйса ошондо аларга карап.
21Падышаныкы, – дешти алар.
Ыйса:
– Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! – деди.
22Тигилер мындай сөздү укканда, таң калышып, Ыйсаны калтырып, кетип калышты.
Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү жөнүндө суроо
23Ошол эле күнү өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти:
24Устат, Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн тукумсуз өтүп кетсе, анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын!»#22:24 Мыйз. 25:5-6 – деп жазып кеткен. 25Бизде жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү. 26Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. Анан үчүнчүсү да ошондой болду. Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту. 27Эң аягында аял да көз жумду. 28Эми, кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы.
29Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Ыйык Жазууларды да, Кудайдын кудуретин да билбегендиктен жаңылып жүрөсүңөр! 30Анткени адамдар өлүмдөн кайра тирилгенде, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт, алар асмандагы периштелер сыяктуу болушат. 31-32Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилери тууралуу Кудайдын силерге эмне дегенин окуган эмес белеңер? Ал: «Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын»#22:31-32 Чыг. 3:6. деген. Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы!
33Ошондо Ыйсанын таалимин угуп турган калайык Анын сөзүнө таң калышты.
Улуу осуят
34Ыйсанын садукейлердин оозун жапканын уккан фарисейлер өзүнчө чогулуп келишти. 35Алардын арасынан бир дин мугалими Ыйсаны сынап мындай суроо берди:
36Устат, Тоораттагы эң улуу осуят кайсы?
37Ыйса ага мындай жооп берди:
– «Кудай Эгеңди чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бардык акыл-оюң менен сүй!»#22:37 Мыйз. 6:5. 38Бул эң улуу жана биринчи осуят. 39Экинчиси буга окшош: «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй!»#22:39 Леб. 19:18. 40Мусанын мыйзамы да, пайгамбарлардын окутуулары да мына ушул эки осуятка негизделген.
Машаяк тууралуу суроо
41Фарисейлер чогулганда, Ыйса мындай суроо берди:
42Машаяк тууралуу кандай ойдосуңар? Ал кимдин тукуму?
– Дөөттүн, – деп жооп беришти алар.
43Ыйса аларга мындай деди:
– Анда кандайча Дөөт Ыйык Рух аркылуу Аны Эгем деп айткан? 44Ал:
«Жараткан Эге Эгеме деди мындай,
Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,
Олтура тур, сыйлуу жер – оң жагымда»,#22:44 Заб. 109:1.
– деген. 45Демек, эгер Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот? – деди аларга.
46Эч ким бул суроого жооп бере албай койду. Ушул күндөн тартып эч ким батынып, Ага суроо бере албады.

Currently Selected:

Матай 22: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in