Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Жалбыз, адырашман, зиренин түшүмүнүн ондон бирин зекетке бересиңер, ал эми мыйзамдагы маанилүү нерселер: калыстык, боорукердик жана Кудайга ишенимдүүлүктү калтырып койдуңар. Силер ушуларды сактап, тигилерди да калтырбашыңар керек болчу.