Биз күнөөкөр бутпарас эмес, иудей болуп туулганыбыз менен, адам баласы Кудай алдында эч качан Тоорат мыйзамын аткаруу менен акталбастан, Ыйса Машаякка ишенгени менен гана акталарын билебиз. Биз дагы Тоорат мыйзамын аткаруу аркылуу эмес, Ыйсага арткан ишенимибиз аркылуу Кудай алдында акталыш үчүн Ыйсага ишенгенбиз. Себеби Тоорат мыйзамын аткаруудан «адамдардын бири дагы актала албайт».