Бирок Машаяк бизге тийиштүү каргышты Өзүнө алды, себеби Жазууда: «Жыгачка асылып өлтүрүлгөн ар кимди каргыш урат», – деп айтылган. Ошону менен Ыбрайымга берилген ак бата Ыйса Машаяк аркылуу башка элдерге да тарап, биз болсо убада кылынган Ыйык Рухту ишеним аркылуу кабыл алышыбыз үчүн Машаяк бизди Тоорат мыйзамында айтылган каргыштан бошотуп алды.