1
1 Петир 2:9
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ал эми силер – Кудай тандаган тукум, Падышанын динкызматчылары, ыйык эл жана Анын даражасын жар салууга чакырылган адамдарсыңар. Ал силерди караңгылыктан Өзүнүн укмуштуу жарыгына чакырып алган.
Compare
Explore 1 Петир 2:9
2
1 Петир 2:24-25
Ал айкаш жыгачта күнөөлөрүбүздүн айыбын Өз мойну менен тартты. Муну күнөөлөрдөн бошонуп, адилеттүү жашашыбыз үчүн жасады. Анын жаракаттары менен силер айыктыңар. Мурда адашкан койлордой элеңер, эми болсо Койчуңарга, Сактоочуңарга кайрылып келдиңер.
Explore 1 Петир 2:24-25
3
1 Петир 2:10
Бир кездерде Кудай эли болбогон, Силер эми Анын эли болдуңар. Буга чейин Кудай мээрин көрбөгөн, Эми Анын кайрымын да көрдүңөр.
Explore 1 Петир 2:10
4
1 Петир 2:2
Жаңы төрөлгөн наристе сүт издегендей таза, рухий сүткө умтулгула. Андан тамактанып, өсүп, анан куткарылууга жетесиңер
Explore 1 Петир 2:2
5
1 Петир 2:11-12
Сүйүктүүлөрүм, бу дүйнөдө коноктор менен качкындар сымал жашаган силерден жалынып суранарым: жан дүйнөңөр менен күрөшкөн пас каалооңордун жетегинде жүрбөгүлө. Ыйсага ишенбегендер арасында ак жашагыла. Анан силерди жамандык кылуучулар деп айыптаган алар жакшы ишиңерди көрүп, кыямат күнү Кудайды даңктай турган болушат.
Explore 1 Петир 2:11-12
6
1 Петир 2:5
Силер рухий үйгө коюлган тирүү таш сыяктуусуңар жана ал жерде Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандык чалган динкызматчысыңар.
Explore 1 Петир 2:5
7
1 Петир 2:1
Ошондуктан ар кандай жамандыктан: жалганчылыктан, эки жүздүүлүктөн, көрө албастыктан жана бирөөлөрдү каралоодон арылышыңар керек.
Explore 1 Петир 2:1
8
1 Петир 2:4
Адамдар четке какса да, Кудай тандап алып, өтө урмат көрсөткөн «тирүү таш» Машаякка келгиле.
Explore 1 Петир 2:4
9
1 Петир 2:16
Силер эркинсиңер, эми ушул эркиндикти жамандык кылганга шылтоо катары пайдаланбастан, кайра Кудайдын кулундай жашагыла.
Explore 1 Петир 2:16
10
1 Петир 2:15
Кудай адал иш кылуу менен акылы жоктордун наадан сөздөрүн токтотконуңарды каалайт.
Explore 1 Петир 2:15
Home
Bible
Plans
Videos