YouVersion Logo
Search Icon

1 Петир 2

2
1Ошондуктан ар кандай жамандыктан: жалганчылыктан, эки жүздүүлүктөн, көрө албастыктан жана бирөөлөрдү каралоодон арылышыңар керек. 2Жаңы төрөлгөн наристе сүт издегендей таза, рухий сүткө умтулгула. Андан тамактанып, өсүп, анан куткарылууга жетесиңер, 3себеби «Эгебиздин кайрымдуу экенин өзүңөр деле билип калдыңар».#2:3 Забур 33:9. 4Адамдар четке какса да, Кудай тандап алып, өтө урмат көрсөткөн «тирүү таш» Машаякка келгиле. 5Силер рухий үйгө коюлган тирүү таш сыяктуусуңар жана ал жерде Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандык чалган динкызматчысыңар. 6Анткени Ыйык Жазууда минтип айтылат эмеспи:
«Мына эми Сион аттуу шаарыма
Пайдубалдуу, кымбат баалуу, тандалган
Мен таш коём. Ошол ташка таянган
Адамдардын уят болбойт бири да».#2:6 Ышая 28:16.
7Андыктан Ага таянган силер үчүн бул таш асыл-кымбат, ал эми таянбагандар үчүн андай эмес.
«Куруучулар жаратпай,
Таштап салган таш эле,
Пайдубалдын негизи
Болуп калды ал эми»#2:7 Забур 117:22.
8жана
«Адам бутун чалынткан таш,
Адамдарды кулаткан таш»#2:8 Ышая 8:14.
деп да жазылган. Алардын чалынып жаткан себеби – Кудай сөзүн угушпагандыгы. Алардын жазмышы ошондой.
9Ал эми силер – Кудай тандаган тукум,#2:9 Чыгуу 19:5 – 6. Падышанын динкызматчылары, ыйык эл жана Анын даражасын жар салууга чакырылган адамдарсыңар.#2:9 Ышая 43:21; 61:6. Ал силерди караңгылыктан Өзүнүн укмуштуу жарыгына чакырып алган.
10Бир кездерде Кудай эли болбогон,
Силер эми Анын эли болдуңар.
Буга чейин Кудай мээрин көрбөгөн,
Эми Анын кайрымын да көрдүңөр.#2:10 Ошуя 2:23.
Кудайдын кулундай жашагыла
11Сүйүктүүлөрүм, бу дүйнөдө коноктор менен качкындар сымал жашаган силерден жалынып суранарым: жан дүйнөңөр менен күрөшкөн пас каалооңордун жетегинде жүрбөгүлө. 12Ыйсага ишенбегендер арасында ак жашагыла. Анан силерди жамандык кылуучулар деп айыптаган алар жакшы ишиңерди көрүп, кыямат күнү Кудайды даңктай турган болушат.
13Эгебиз адамдар койгон бардык бийликке баш ийүүңөрдү каалайт. Силер баарын башкара турган падышага, 14анан эл бийлөөчүлөргө да баш ийишиңер керек, себеби падыша аларды жамандык кылгандарын жазалап, жакшылык кылгандарын мактоо үчүн жиберет. 15Кудай адал иш кылуу менен акылы жоктордун наадан сөздөрүн токтотконуңарды каалайт. 16Силер эркинсиңер, эми ушул эркиндикти жамандык кылганга шылтоо катары пайдаланбастан, кайра Кудайдын кулундай жашагыла. 17Баарына сый көрсөткүлө, ишенимдеш боордошторду сүйгүлө, Кудайдан корккула, а падышаны урматтагыла.
Машаяктан үлгү алгыла
18Кулдар, кожоюнуңарга баш ийгиле, кайрымдуу, кичипейилдерине гана эмес, катаалдарына да толук урмат көрсөткүлө. 19Эгер кимдир бирөөң адилетсиз кыйынчылык тартып, аны Кудайдын эрки катары көтөрсөңөр, анда Ал силерге батасын берет. 20Ал эми жамандык кылганыңар үчүн таяк жеп, ага чыдап жатсаңар, анда кандай мактоо болот? Тескерисинче, кылган жакшылыгыңар үчүн азап тартып, ага чыдап атсаңар, мунуңар Кудайга жага турган иш. 21Силер ушуга чакырылгансыңар, себеби Машаяк дагы силер үчүн азап чегип, үлгү калтырган. Андыктан Анын артынан ээрчигиле. 22Анткени «Ал бир да күнөө кылган эмес, оозунан эч кандай калп чыккан эмес».#2:22 Ышая 53:9. 23Аны кемсинтишкенде, аларга кемсинтүү менен жооп кайтарган эмес, азап тартып жатканда коркутпастан, кайра адилеттүү Соттоочуга Өзүн толук тапшырган.#2:23 Ышая 53:7.
24Ал айкаш жыгачта күнөөлөрүбүздүн айыбын Өз мойну менен тартты. Муну күнөөлөрдөн бошонуп, адилеттүү жашашыбыз үчүн жасады. Анын жаракаттары менен силер айыктыңар.#2:24 Ышая 53: 5 – 6. 25Мурда адашкан койлордой элеңер, эми болсо Койчуңарга, Сактоочуңарга кайрылып келдиңер.

Currently Selected:

1 Петир 2: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy