Римдиктерге 4
4
Ыбрайым ишеним аркылуу акталган
1Андай болсо, бабабыз Ыбрайым туурасында биз эмне деп айтмакчыбыз? Ал эмне болду эле? 2Эгерде ал кылган иши менен акталса, бул мактоого татырлык, бирок Кудай алдында эмес. 3Жазууда айтылгандай, «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Кудай алдында ак деп табылды».#4:3 Башт. 15:6. 4Иш кылган адамдын алган акысы белек болуп эсептелбейт, бул анын ишине жараша алган тиешеси. 5Ал эми ким кылган ишине таянбастан, адилетсиз адамды кечирип актай алар Кудайды эш тутса, ишенгенин көрүп, Кудай аны Өзү актап алат. 6Дөөт да ушуну эске алып, кылган ишине карабай Кудай Өзү актап алган адам ырыстуу деп айткан.
7«Адилетсиз иштери кечирилип,
Күнөөлөрү жабылгандар ырыстуу!
8Мойнуна күнөөлөрүн Жараткан Ээ
Койбогон ар бир адам ырыстуу!»#4:7-8 Забур 31:1-2.
9Дөөт айткан ырыстуулук сүннөткө олтурган иудейлерге гана тийиштүүбү, же сүннөткө олтургузулбаган башка улуттагыларга дагыбы? Биз азыр эле Ыбрайымдын Кудайга ишенип, ошону менен Кудай алдында ак деп табылганын айтпадыкпы.#4:9 Башт. 15:6. 10А бул качан болгон? Ыбрайым сүннөткө олтургандан кийинби же ошого чейинби? Сүннөттөлгөндөн кийин эмес, ага чейин. 11Анын сүннөтү кийин кесилип, сүннөттүн өзү Кудай аны сүннөткө отура электе эле ишенгендиги үчүн актап алгандыгынын белгиси болгон. Ошентип, сүннөткө олтурбаганына карабай, Кудайга ишенгени үчүн актала тургандардын баарынын түпкү атасы Ыбрайым болуп калды. 12Ошондой эле ал сүннөткө олтургандардын, бирок, сүннөттөн тышкары, анын сүннөттөлгөнгө чейинки ишениминдей ишенимге ээ болгондордун да атасы.
Кудайдын убадасына ишеним аркылуу ээ болсо болот
13Кудай Ыбрайымдын жана анын урпактарынын энчисине бүткүл дүйнө тиерин убада кылганда, Ал муну Ыбрайым мыйзам талаптарын аткарган үчүн эмес, ишенип, ишеним аркылуу ак деп табылган үчүн кылган. 14Эгерде мыйзам талаптарын аткаргандар мураскор болушса, анда ишеним куру бекер болуп, убада өз күчүн жоготмок. 15Мыйзам Кудайдын каарын гана алып келе алат, бирок мыйзам жок жерде аны бузуу да жок.
16Ошентип, Кудайдын убадасы ишенимге негизделип, Анын ырайымы катары Ыбрайымдын бардык урпактарына: мыйзамды аткаргандарына да, Ыбрайымга окшоп ишенгендерине да бекер берилери кепилдикке алынды. Ал – биздин баарыбызга ата. 17Ыйык Жазууда айтылгандай, «Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылдым».#4:17 Башт. 17:5. Өлгөндөргө кайрадан өмүр берип, жок нерсени бар кылуучу Кудайга ишенген үчүн ал ушундай убадага ээ болгон. 18Үмүтүнөн кол үзгүдөй болгон кезде да Ыбрайым үмүтүнөн жазбай, Ыйык Жазууда «укум-тукумуң сан жылдыздай көп болот»#4:18 Башт. 15:5. деп жазылгандай, убадага ылайык «көптөгөн элдердин атасы» болоруна ишене берди. 19Жашы жүзгө барып, денесинин өлүк болгону калганын жана аялы Саранын бала төрөр мезгили эбак өтүп кеткенин туйганда да ал ишенимин жоготподу. 20Ишеними өчпөгөн Ыбрайым Кудай Өз убадасын аткарарынан эч күмөн санабады. Ишениминен кубат алып, ал Кудайды мактап турду. 21Кудай эмнени убада кылса, ошону аткарууга кудуреттүү экенине ал толук ишенди. 22Мына ошондуктан ишенгени үчүн Ыбрайым «Кудай алдында ак деп табылды».#4:22 Башт. 15:6. 23-24Ыйык Жазуудагы бул сөз жалгыз ага гана тийиштүү болбостон, Эгебиз Ыйсаны өлгөндөн тирилткен Кудайга ишенип, ошол ишенимибиз аркылуу актала турган биз үчүн да жазылган. 25Күнөөбүздүн кунун төлөш үчүн Ыйса курмандыкка берилип, бизди Кудай алдында акташ үчүн өлгөндөн кайра тирилген.
Currently Selected:
Римдиктерге 4: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: