YouVersion Logo
Search Icon

Римдиктерге 3

3
Иудейлердин артыкчылыгы
1Деги иудей болуунун артыкчылыгы эмнеде? Сүннөткө олтуруунун кандай пайдасы бар? 2Иудейлердин көп жагынан артыкчылыгы бар! Бул артыкчылык эң алды Кудай сөзү иудейлерге берилгенинде. 3Ал эми алардын кээ бири ишенимсиз болгон болсочу? Бул Кудай ишенимдүүлүгүн жокко чыгарабы? 4Албетте, чыгарбайт! Адамдардын ар бири жалганчы болгон күнү да Кудай ишенимдүү бойдон кала берет. Ыйык Жазууда айтылгандай,
«Андыктан эмне айтсаң, сөзүң – чындык,
Соттошсоң, доого жыгып, жеңиш – Сенде».#3:4 Заб. 50:6.
5Бирок биздин адилетсиздигибиз аркылуу Кудайдын адилеттиги ачык-айкын көрүнсө, анда эмне дешибиз керек? Кудай Өз каарын төккөндө адилетсиз болуп чыгабы? (муну мен адамдык акылга салып айтып жатам). 6Албетте, андай эмес! Андай болгондо Кудай дүйнөнү кантип соттомок эле?
7Ал эми мен жалган айтканым аркылуу Кудайдын чындыгы гана артып, улуулугу мурдагыдан көбүрөөк көрүнсөчү? Андай болсо, менин дале күнөөкөр катары айыпталганымдын жөнү эмнеде? 8Анда жакшылык болуш үчүн жамандык кылбайлыбы? Кээ бири мени дал ушуга үйрөтүп жатат деп, мага жалаа жаап жүрүшөт. Бирок Кудай калыс. Ал алардын өздөрүн айыпка жыгат.
Бир дагы адилеттүү адам жок
9Демек, биз, иудейлер, башкалардан артык экенбиз да? Жок, андай эмес. Анткени мен буга чейин эле көрсөткөндөй, иудейлер да, иудей эместер да – баары күнөөнүн бийлиги астында турушат. 10Ыйык Жазууда айтылгандай:
«Адил болгон эч ким жок,
Бирин дагы таппайсың,
11Акыл-эстүү бири жок,
Кудайды эч ким издебейт.
12Кудайдан баары баш тартып;
Жарамсыз болду бардыгы;
Жакшылык кылган эч ким жок,
Таба албайсың бирин да».#3:10-12 Заб. 13:1-3; Заб. 52:4.
13«Сөздөрү оозу ачылган көрдөй сасык;
Тилдери жалган гана айтып турат,#3:13 Заб. 5:10.
Жыландын заарын чачат эриндери».#3:13 Заб. 139:4.
14«Ооздоруна ачуу сөз, каргыш толгон».#3:14 Заб. 9:28.
15«Буттары кан төккөнгө шашылууда;
16Кайда барса, кыйроо, кайгы алпкелүүдө.
17Ынтымак эмне экенин билбейт алар».#3:15-17 Ыш. 59:7-8.
18«Кудайдан коркуу деген дээринде жок».#3:18 Заб. 35:2.
19Биз билгендей, мыйзамда жазылгандын баары мыйзам алдында жашагандарга тийиштүү. Ал өзүн актайм дегендерди ооз ачырбай, бүтүндөй дүйнөнү Кудай сотунда жооп бергендей кылат. 20Себеби мыйзам талаптарын аткаруу менен Кудай алдында эч ким актала албайт. Мыйзам аркылуу биз өзүбүздүн күнөөкөр экенибизди гана түшүнө алабыз.
Кантип Кудай алдында акталса болот
21Бирок эми Кудай адам баласына акталуунун жолун белгилүү кылды. Тоорат менен пайгамбарлардын жазгандарында акталуунун жолдору жөнүндө кеп болгону менен, акталуунун өзү мыйзамды аткаруудан келбейт. 22Кудай адамдарды алардын Ыйса Машаякка арткан ишеними аркылуу актайт. Ыйса Машаякка ишенип акталуу ишенгендердин бардыгы үчүн берилген: эч бир адамдын башкалардан айырмачылыгы жок, 23себеби баары күнөө кетиришип, Кудайдын улуулугунан куру алакан калышты. 24Эми болсо Кудайдын ырайымы менен бардыгы бекер акталууга ээ болушту. Бул акталуу күнөөбүздүн кунун төлөп, бизге эркиндик берген Машаяк Ыйса аркылуу келет. 25-26Адамдардын мурда кылган күнөөлөрүн Кудай чыдамдуулук менен жазалабай келди. Эми, Өзүнүн адилеттүү экенин көрсөтүү үчүн, Ал Машаякты биз үчүн курмандыкка берди. Машаяктын каны Ага ишенгендердин баарын күнөөдөн арылтты. Муну менен Кудай адилеттүү экенин жана Ыйсага ишенген ар кимди актап койгонун көрсөттү.
27Андай болсо, биздин сыймыктангыдай эмнебиз бар? Эч нерсебиз! Актанганыбыз эмненин негизинде? Мыйзам талаптарын аткарганыбыздынбы? Жок, ишенгенибиздин. 28Анткени биз адам баласы Кудай алдында мыйзам талаптарын аткаруу менен эмес, тек гана ишеним менен акталат дебедикпи. 29Ал эми Кудайчы? Ал иудейлердин гана Кудайыбы? Же иудей эместердин да Кудайыбы? Албетте, алардыкы да. 30Кудай – бирөө. Ал сүннөттөлгөндү да, сүннөттөлбөгөндү да ишенгени үчүн актайт. 31Демек, ишенимибиз менен биз мыйзамды жокко чыгарат турбайбызбы? Жок, андай эмес. Ишенимибиз аркылуу мыйзам бекемделет.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in