YouVersion Logo
Search Icon

Римдиктерге 2

2
Кудайдын адилеттүү соту
1Башканы айыптап жаткан адамга айтарым бул: сен ким болсоң да, минткениң үчүн актала албайсың, себеби башканы айыптаганың менен сен өзүңдү гана айыпка жыгасың, анткени башканы айыптап жатып, ал кылганды өзүң деле кылып жатпайсыңбы. 2Ырас, жогорудагыдай кыянаттыктарды кылгандарга Кудай калыстык менен өкүм чыгарарын биз билебиз. 3Бирок сен, жамандык кылгандарды айыптап, өзүң болсо ошондой эле иштерди жасап жаткан адам, ошенткениң менен Кудайдын жазасынан качып кутулам деп ойлойсуңбу? 4Же, балким, ниетин өзгөртөр бекен деп Кудай өзүңө да ырайым кылып жатканын билбей, Анын улуу ырайымын, чыдамдуулугу менен сабырдуулугун барк албай жаткандырсың? 5Бирок сен мойнуң жар бербей, ниетиңди өзгөрткүң жок. Кудайдын адилеттик менен соттоочу күнү келгенде, шишиң толгон сен Анын каарына калып жүрбөгүн. 6Анткени Кудай ар бирибизге кылган ишибизге жараша өз тиешебизди берет.#2:6 Нак сөз. 24:12. 7Талыкпай жакшылык кылып, ошол аркылуу атак-даңкка, урмат-сыйга жана өлбөстүккө жетүүнү эңсегендерге Кудай түбөлүк өмүр берет. 8Ал эми менменсинип, акыйкатка баш ийбей, анын ордуна кыянаттыкка берилгендер болсо Кудайдын каарына калып, жазасын тартышат. 9Кыянаттык кылган ар бир адамдын, эң алды иудейдин, анан иудей эместин, башына каран түн түшөт. 10Жакшылык кылгандардын баары болсо, эң алды иудейлер, анан иудей эместер, урмат-сый менен кадыр-баркка татып, тынччылыкта болушат. 11Анткени Кудайда эч кандай өң карамалык жок.#2:11 Мыйз. 10:17.
12Тоорат мыйзамын билбей күнөө кылышкандар мыйзамы жок эле курут болушат. Тоорат мыйзамын билип туруп күнөө кетиришкендер ошол мыйзам боюнча айыпталышат. 13Анткени мыйзам айткандарына кулак салып койгондор эле эмес, анын талаптарын аткаргандар гана Кудай алдында акталышат. 14Тоорат мыйзамы жок башка улуттагылар ички туюмунан эле мыйзамга ылайык иш кылышса, анда колунда мыйзамы жок болуп турса да, мыйзамы бардай болушат. 15-16Кудайдын мыйзамы талап кылган нерселер жан-дилине жазылгандыгы алардын өздөрүнөн эле көрүнүп турат, анткени, мен тараткан Жакшы Кабарга ылайык, Кудай адамдардын жашырын ойлорун Машаяк Ыйса аркылуу соттогон күнү акталарын же айыпталарын аларга өз абийири айта алат.
Иудейлер жана Тоорат мыйзамы
17Мына сен иудей аталып, мыйзамга таянып жашап, Кудайың менен мактанып жатасың. 18Кудай сенин эмне кылышыңды каалаганы сага маалым болуп, кандай кылганың туура болорун сен Тоорат мыйзамынан үйрөнгөнсүң. 19Өзүңдү сокурларга жол көрсөтө алам, караңгыда жүргөндөргө жарык бере алам деп, 20«акылы жокторго» насаатчы, «жетиле электерге» устат боло алам деп ойлойсуң, анткени өз ичине бардык билим менен чындыкты камтыган мыйзамды билесиң. 21Айтчы, башкаларды окутуп жатып, эмне үчүн өзүңдү да окутпайсың? «Уурдаба» деп наасат айтып, эмне үчүн өзүң уурулук кыласың? 22Эмне үчүн «никени бузба» дейсиң да, өзүң нике бузасың? Буркандарды жек көрүп, өзүң бутпарастардын ийбадатканаларын тоногонуң кандай? 23Колуңда Кудайдын мыйзамы бар болгону менен мактанасың да, ошол мыйзамды бузганың менен Кудайды мазактап жатасың. 24Жазууда айтылгандай, «силердин айыңардан башка улуттагылар Кудайдын атына тил тийгизип жатышат».#2:24 Ышая 52:5.
25Сүннөткө олтуруу мыйзамды аткарганда гана пайдалуу. Ал эми мыйзамды бузуп жатсаң, андан сүннөткө олтурганың олтурбай калганыңа эле тете. 26Эгерде сүннөткө олтурбаган башка улуттагы адам мыйзам талаптарын аткарса, анда Кудай аны сүннөткө олтурган адамдай көрбөйбү? 27Андай болсо, сени – колунда жазылган мыйзамы бар, сүннөтү да кесилгенине карабай, мыйзамды бузуп жаткан иудейди сүннөткө олтурбаса да, мыйзамды аткарган башка улуттагы адам соттойт. 28Чыныгы иудей – бул сыртынан эле иудей көрүнгөн же болбосо денесинде сүннөттүн сырткы белгиси бар адам эмес. 29Дилинен иудей болгон адамды гана чыныгы иудей, жүрөгүнүн сүннөтү кесилген адамды гана сүннөттөлгөн десе болот. Бул болсо жөн гана мыйзамда жазылган жободон эмес, Рухтан келе турган нерсе. Мындайлар эң алды адамдын эмес, Кудайдын да мактоосуна татыйт.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in