Римдиктерге 1
1
Саламдашуу
1Машаяк Ыйсанын кызматчысы болгон жана Кудай Өз элчилигине чакырып, Жакшы Кабарын жарыялоого дайындаган Пабылдан салам кат.
2Дал ушул Жакшы Кабарын жиберем деп Кудай байыртадан Ыйык Жазууда Өз пайгамбарлары аркылуу убада кылган. 3-4Бул кабар – Анын Уулу, Эгебиз Ыйса Машаяк тууралуу. Адамдык ата-тегин алсак, Ал Дөөттүн урпагы болгон. Бирок өлгөндөн тирилгени менен Ал Ыйык Рух аркылуу Өзүнүн Кудайдын кудуреттүү Уулу экенин айгинеледи. 5Анын урматына бардык элдерди ишенимге моюн сундуруш үчүн, Кудай бизге Ал аркылуу ырайымын жаадырып, Өз элчилери кылды. 6Кудайдын тандалгандары катары Ыйса Машаякка таандык болгон силер да ошол элдердин бирисиңер.
7Кудайдын мээри түшкөн, Анын ыйык эли болууга чакырылган бардык римдик боордошторум:
Кудай Атабыз жана Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылып, тынччылыгын берсин!
Ыраазычылык келтирүү
8Силердеги зор ишеним тууралуу кабар бүтүндөй жер жүзүнө тарап жаткандыктан, эң алды мен баарыңар үчүн Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга ыраазычылык келтирем. 9Уулу жөнүндөгү Жакшы Кабарды жар салып, бардык дитимди коюп кызмат кылып жүргөн Кудайым Өзү күбө: силерди эч эсимден чыгарбай, 10Кудайым буюруп, жакын арада силерге барып калгай элем деп сыйынган сайын жалынып жүрөм. 11Анткен себебим, силерди көрүүгө зармын: барып калсам, рухий касиеттеримди бөлүшкөнүм силерди бекемдемек. 12Менин айтайын дегеним, бири-бирибизди колдоп, менин ишенимим силерге, силердин ишенимиңер мага дем бермек.
13Боордоштор, билип алгыла, башка элдердин арасындагы кызматым кандай үзүрлүү болсо, силерден да анын ошондой эле үзүрүн көрүүгө ынтызар болуп, канча ирет барууга ниеттендим эле, бирок азыркыга дейре бир нерсе жолумду бөгөп, ошондон улам гана бара албай жатам. 14Бардык элдерге: маданияттууларына да, маданиятсыздарына да, билимдүүлөрүнө да, билимсиздерине да Жакшы Кабар таратуу менин парызым. 15Андыктан Рим шаарында жашаган силерге да барып, Жакшы Кабар таратууга даярмын.
Жакшы Кабар кудурети
16Мен Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды жар салганыма сыймыктанам. Иудейлерден баштап, башка улуттагыларга чейин, ишеним туткандардын бардыгын куткаруучу Кудайдын кудурети – ошол кабарда. 17Адам баласын кантип актай тургандыгын жана ал актык толугу менен ишенимге гана байланыштуу болгонун Кудай Жакшы Кабар аркылуу белгилүү кылган. Ыйык Жазууда айтылгандай, «ишенгенинен улам ак деп табылган адам өмүргө ээ болот».#1:17 Абак. 2:4.
Адамзаттын күнөөсү
18Кудай асмандан адамдардын бардык азгындыгы менен адилетсиздигине канчалык каарданганын көрсөттү, анткени алар өз адилетсиздиги менен чындыктын жолун тороп жатышат. 19Кудай Өзүн аларга белгилүү кылып, Ал тууралуу эмнелерди билүү мүмкүн болсо, ошонун баары айдан ачык көрүнүп турат. 20Себеби дүйнө жаралгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөс түбөлүк кудурети менен кудайлык табиятын Ал жараткан нерселерди карап туруп эле билсе болот. Андыктан адам баласынын актангыдай эч жөнү жок. 21Бирок Кудайды билишсе да, алар Аны Кудай катары даңазалашпады, Ага алкыш айтышпады. Анын ордуна курулай ой жүгүртүүлөргө берилишип, эч нерсени туйбаган акыл-эсин караңгылык басты. 22Акылдуусунушуп, чындыгында акылынан айрылып калышты. 23Өтүп кетпес Кудайга ийбадат кылуунун ордуна, алар өтүп кетер адамдын, куштардын, төрт аяктуу же сойлоочу жандыктардын сөлөкөттөрүнө табына башташты.
24Андыктан Кудай аларды арамдыкка баткан бойдон калтырып, өздөрүнүн ышкы-кумарларына берилген алар өз денелерин өздөрү булгашты. 25Кудайдын чындыгын жалганга айырбаштап, Жаратуучуга эмес, жаратылган нерсеге табынып кызмат кылышты. Бардык алкышка болсо бир гана Кудай татыктуу. Оомийин.
26Кылган иштерин көрүп, Кудай алардын уятсыз кумарга батуусуна жол берип койду. Ошентип аялдар табигый жыныстык катнаштарды таштап, табиятка каршы катнаштарга берилишти. 27Ошондой эле эркектер да табиятын бузуп, аял денесинин ордуна, бири-бирине кумарлана башташты да, бири-бири менен жыныстык катнашка киришип, өздөрү кылган уятсыз иштерден улам Кудай алардын сазайын колуна берди.
28Бул адамдар Кудайды таанып билүүдөн баш тарткандыктан, Кудай аларды пейили бузулган бойдон калтырып, уятсыз нерселерди кылууларын тыйбады. 29Алар ар түрдүү адилетсиздикке, кыянаттыкка, дүнүйөкорлукка, зулумдукка, көрө албастыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, доолашууга, алдамчылыкка жана кара ниеттикке берилишти. Алар бири-бирин ушакташып, 30жалаа жаап, Кудайга акарат келтиришип, башкаларды басынтышып, мактанышып, кекирейип, жамандыкты ойлоп тапкыч, эне-атасына моюн сунбаган, 31акылсыз, ишенимсиз, таш боор, ырайымсыз болушту. 32Кудайдын мындай иш кылгандар өлүмгө татыктуу деген өкүмүн билишсе да, алар өздөрү гана ошентпестен, ошондой кылган башкаларды да колдошот.
Currently Selected:
Римдиктерге 1: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018