YouVersion Logo
Search Icon

Римдиктерге 16:25-27

Римдиктерге 16:25-27 КЫРИ

Кудайды даңктайлы! Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялаганым жана Ал Өзү мурда, кылымдар бою адамдардан жашырын сактап, эми ачып берген чындыгын жар салганым аркылуу силердин ишенимиңерди бекемдөөгө Анын кудурети жетет. Түбөлүктүү Кудайдын буйругу менен пайгамбарлар жазып кеткен бул чындыкты жар салганыбыздын максаты – башка элдердин бардыгын ишенимге багындыруу болчу. Бирден бир акылман Кудайыбызга Ыйса Машаяк аркылуу кылымдардан кылымдарга даңк болсун! Оомийин.