YouVersion Logo
Search Icon

Римдиктерге 16

16
Жеке саламдар
1Силерге Кенхрея жыйынында кызмат өтөгөн карындашыбыз Фойбаны тааныштырып, ал тууралуу жылуу сөз айтып кетким келет. 2Эгебиздин урматына аны ыйыктар бири бирин кандай кабыл алууга тийиш болсо, ошондой тосуп алгыла да, ага бардык керектүү жардамыңарды берип койгула, анткени ал өзү канчаларыбызга, алардын ичинде мага да, көп жардам берди.
3Машаяк Ыйсага мени менен бирге кызмат кылган Приска менен Акилага салам жолдойм. 4Алар мен үчүн канча ирет өз жандарын тобокелге салышкан. Аларга мен гана эмес, башка элдердеги жыйындардын баары ыраазы. 5Экөөнүн үйүндө чогулган жыйынга да саламымды айтып койгула.
Асия аймагынан биринчи болуп Машаякка ишенген сүйүктүү боордошум Эпейнетке да менден дубай салам. 6Силер үчүн көп мээнеттенген Мариямга да саламымды айткыла. 7Ошондой эле мени менен бирге туткунда болгон, элчилердин арасында атагы чыгып, Машаякка менден мурда ишенишкен мекендештерим Андроник менен Жунияга да салам айткыла.
8Эгебизге ишенген сүйүктүү боордошум Ампилийге, 9ошондой эле Машаякка биз менен бирге кызмат кылган Урбанга жана сүйүктүү досум Стахка, 10Машаякка берилгендигин иш жүзүндө көрсөткөн Апелге жана Аристабылдын үйүндөгүлөргө саламымды жолдойм.
11Мекендешим Иродионго, Наркистин үй-бүлөсүндөгү ишенгендерге, 12Эгебизге кызмат кылып жүргөн Трифайна менен Трипозага, Эгебизге көп эмгегин жумшаган сүйүктүү боордошум Персиске менден салам айтып койгула.
13Эгебиздин тандамал кызматчысы Рупка жана анын мени да өз баласындай көргөн энесине, 14Асинкиритке, Филегонго, Эрмеске, Патропко, Эрмаска жана алар менен болгон башка боордошторго салам айтам. 15Филолог менен Жулияга, Нерей менен анын карындашына, Олимпге жана анын жанындагы Кудай адамдарына менден салам айткыла. 16Бири-бириңер менен боордошчо беттен сүйүп учурашып жүргүлө. Силерге Машаяктын мындагы бардык жыйындары салам жолдошот.
Акыркы көрсөтмөлөр
17Боордошторум, көптөн көп өтүнөрүм: араңарды бөлүп, элдин ишенимине доо кетирип, өзүңөр кабыл алган таалимге каршы чыккандарды байкап, алардан оолак болгула. 18Анткени мындайлар Эгебиз Машаякка эмес, өз кулкунуна кызмат кылып, жылуу-жумшак сөздөрү жана чечендиги менен түркөйлөрдү алдашат. 19Эгебизге канчалык баш ийип жүргөнүңөр баарына белгилүү болду. Эми силерди ойлоп кубанып жатам. Бирок мен эмне жакшы экенин баамдаганыңарда акыл токтотуп, жамандыктан алыс болууңарды каалайм. 20Тынчтыктын булагы болгон Кудайыбыз жакын арада шайтанды бут алдыңарга жыгып берет.
Эгебиз Ыйса силерге ырайымдуу болсун.
21Кызматташым Тиметей, ошондой эле кандаш бир туугандарым Лукий, Жасон жана Сосипатр силерге өз саламдарын жолдошту.
22Мен да, Пабылдын сөздөрүн кагаз бетине түшүргөн Тертий, ишенимдеш катары силерге боордоштук саламымды айтам.
23Өзүм андан конуш таап, жыйын да үйүндө чогулган Гай силерге салам айтып жатат. Шаар казынасын сактаган Эраст жана боордошубуз Кварт силерге салам айттырышты.#16:23 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
Алкыш айтуу жана соңку сөз
25-26Кудайды даңктайлы! Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялаганым жана Ал Өзү мурда, кылымдар бою адамдардан жашырын сактап, эми ачып берген чындыгын жар салганым аркылуу силердин ишенимиңерди бекемдөөгө Анын кудурети жетет. Түбөлүктүү Кудайдын буйругу менен пайгамбарлар жазып кеткен бул чындыкты жар салганыбыздын максаты – башка элдердин бардыгын ишенимге багындыруу болчу.
27Бирден бир акылман Кудайыбызга Ыйса Машаяк аркылуу кылымдардан кылымдарга даңк болсун! Оомийин.#16:27 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in