YouVersion Logo
Search Icon

Аян 1

1
Кириш сөз
1Бул Ыйса Машаяктын аяны. Муну Ага Кудай берген. Машаяк жакында боло турган окуяларды Өз кулдарына ачып көрсөтүү үчүн периштесин жөнөтүп, кулу Жаканга аян көрсөттү. 2Жакан көргөнүнүн баары үчүн күбөлүккө өтүп, муну баяндады. Анын баяны болсо Кудайдын сөзү жана Ыйса Машаяктын күбөлүк сөзү тууралуу. 3Бул китептеги пайгамбарчылык сөздөрдү окугандар, уккандар жана андагы жазылгандарды аткаргандар бактылуу. Себеби булардын аткарылышына аз калды.
Саламдашуу жана Кудайды даңктоо
4-5Асия аймагындагы жети жыйынга Жакандан салам кат. Азыр да бар, мурда да болгон жана келечекте да боло турган Кудайдын, анын тактысынын алдындагы жети Рухтун жана Ыйса Машаяктын ырайымы менен тынчтыгы араңарда болсун. Ал ишенимдүү Күбө – өлүктөн тирилгендердин тунгучу жана жер жүзүндөгү падышалардын башкаруучусу.
Ал бизди абдан жакшы көрөт. Андыктан канын төгүп, күнөөлөрүбүздөн арылтты. 6Кудай Атасына диний кызмат кылышыбыз үчүн бизден жаңы падышачылык кураган Ыйса Машаяктын кудурет-күчү менен салтанаттуу улуулугу түбөлүктөн түбөлүккө улана берсин! Оомийин.
7Карагыла, Ал булуттардын арасында келатат. Аны баары, алтурсун айкаш жыгачка кадагандар да көрүшөт. Жер жүзүндөгү бардык элдер Аны көрүп боздоп ыйлашат. Ооба, ушундай болсун! Оомийин.
8«Мен Альфа жана Омегамын,#1:8 Грек алфавитиндеги биринчи жана акыркы тамгалар. Бул – Кудай Эге баарынын баштоочусу жана бүтүрүүчүсү дегенди билдирет. – дейт Кудай Эгебиз, – азыр да бар, мурда да болгон жана келечекте да боло турган кудуреттүү Кудаймын».
Ыйса Машаяктын көрүнүшү
9Силердин боордошуңар жана Ыйсага ишенүүнүн азап-муңун, шаң-салтанатын, кыйынчылыктарын чыдамдуулук менен көтөрүүдө шеригиңер болгон мен, Жакан, Кудайдын сөзүн сүйлөп, Ыйсанын күбөсү болгондугум үчүн Патмос#1:9 Байыркы тарых китептеринде Жакан жыйындагы кадыр-барктуу адам болгондуктан, Рим бийлиги аны Патмос аралына сүргүнгө айдаган деп айтылат. аралында жүргөн болчумун. 10Эгебиздин күнүндө#1:10 Бул жуманын биринчи күнү болсо керек. Ушул күнү Эгебиз Ыйса Машаяк өлүп, кайра тирилген. мен Ыйык Рухтун таасири астында элем, аңгыча, арт жагымдан сурнайдыкындай катуу үндү уктум. 11Ошол үн мага:
– Көргөнүңдү түрмөккө жаз да жети жыйынга: Эфеске, Смирнага, Пергамга, Тиатирага, Сардиске, Филаделфияга жана Лаодикияга жибер, – деди.
12Мага угулган үн кимдики экенин көрөйүн деп артыма бурулдум. Бурулуп, жети алтын шамдалды көрдүм. 13Шамдалдардын ортосунда Адам Уулуна окшогон, узун чапан кийген, бооруна алтын тасма тагынган Бирөө туруптур. 14Башы менен чачы кардай аппак жүн сымал, көздөрү алоолонгон оттой, 15буттары жалтыраган, көөрүккө салынып тазаланган жездей, үнү деңиздин күүлдөгөнүндөй эле. 16Оң колуна жети жылдызды кармап, оозунан эки миздүү курч кылыч чыгып, жүзү болсо күчүнүн барынча жаркыраган күндөй нурданып турду.
17Аны көргөнүмдө, өлгөн кишидей аягына сулк жыгылдым. Ал менин үстүмө оң колун койду да, мындай деди:
– Коркпо! Мен Биринчимин, Акыркымын жана 18Тирүүмүн. Мен өлгөн элем, бирок мына, эми түбөлүккө өмүр сүрөм. Өлүм менен о дүйнөнүн ачкычтары менин колумда. 19Ошондуктан эмнелерди көрдүң, эмнелер болуп жатат, мындан кийин эмнелер болот, баарын жазгын. 20Жети алтын шамдалдын жана оң колумдагы сен көргөн жети жылдыздын жашырын сыры мындай: жети жылдыз жети жыйындын периштелерин, ал эми жети шамдал болсо жети жыйынды билдирет.

Currently Selected:

Аян 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy