YouVersion Logo
Search Icon

Аян 2

2
Эфестеги жыйынга
1Эфестеги жыйындын периштесине жаз:
«Оң колуна жети жылдызды кармап, жети алтын шамдалдын ортосунда басып жүргөн мындай дейт:
2Мен иштериңди билем: сен мээнет кылдың, көтөрүмдүү болдуң, жаман адамдар менен келише албадың, элчи болбой туруп, өздөрүн элчи аташкандарды сынап көрүп, калпын чыгардың. 3Мен үчүн көп кыйынчылыктарды башыңан кечирип, чыдадың, чаалыкпадың. 4Бирок сага бир жерден каршымын: сен алгачкы сүйүүңдү таштадың. 5Ошондуктан каерден жыгылганыңды эсте! Ниетиңди өзгөрткүн да, баштагы иштериңди жаса. Эгер ниетиңди өзгөртпөсөң, анда келем да шамдалыңды ордунан жылдырып таштайм. 6Канткен менен сенин дагы бир жакшы жагың бар – ал николаиттердин#2:6 Николаиттер – жалган ишеним менен жалган идеяларды жолдогондор (2:15 ти да караңыз). иштерин жек көргөнүң. Алардын иштерин мен да жек көрөм. 7Кимдин кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңип чыкканга Кудайдын бейишиндеги дарактын түбөлүк өмүр берүүчү жемишинен жегенге уруксат берем».
Смирнадагы жыйынга
8Смирнадагы жыйындын периштесине жаз:
«Биринчи жана Акыркы, Өлгөн жана кайра Тирилген мындай дейт:
9Мен сенин тарткан азап-кайгыңды, жакырлыгыңды (анткен менен сен чыныгы байлыкка ээсиң) жана өздөрүн „биз Кудай тандап алган элбиз“ деп атагандардын жаман сөздөрүн угуп кордук тартканыңды билем. Бирок алар андай эмей эле, шайтанга караштуу топтун мүчөлөрү. 10Жакында башыңа келе турган азаптан эч коркпо. Айтып коёюн: силерди сынап көрүү үчүн араңардан бир нечеңерди ибилис түрмөгө отургузуп, он күндөй кайгы тарттырат. Өлүм алдында турсаң да ишенимиңди бекем тут, ошондо мен сага түбөлүктүү өмүрдү сыйлык кылып берем. 11Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңип чыккан экинчи өлүмдөн#2:11 экинчи өлүм – Аян 20:12-15ти караңыз. залал тартпайт».
Пергамдагы жыйынга
12Пергамдагы жыйындын периштесине жаз:
«Эки миздүү курч кылычы бар мындай дейт:
13Мен сенин каерде жашап жатканыңды билем. Сен жашап жаткан жайда шайтандын тактысы#2:13 Пергам шаарында эң байыркы ийбадаткана болгон. Адамдар ал жерге барып, Рим падышасына табынган. бар. Ошондой болсо да, сен мага бекем ишенесиң. Мага деген ишенимиңден баш тартпадың, атүгүл силердин араңарда, шайтан жүргөн жерде, менин ишенимдүү кабарчым Антипа өлтүрүлгөн күндөрдө да ишенимдүү бойдон кала бердиң. 14Бирок ошентсе да мен сага бир аз каршымын, анткени сенде Биламдын#2:14 Санак 25:1 – 3. окуусун карманган адамдар бар. Билам Балакты Ысрайыл элин күнөөгө азгырууга: аларды буркандарга чалынган курмандыкты жеп, бузукулук кылууга үйрөткөн. 15Ошондой эле сенде николаиттердин#2:15 Аян 2:6ны караңыз. окуусун кармангандар да бар. 16Андыктан ниетиңерди өзгөрткүлө, эмесе жакында барып, ошол күнөөкөрлөргө каршы оозумдагы кылычым менен салгылашам. 17Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңүүчүгө катылган маннадан берем. Ошондой эле Мен ага бетине жаңы ысым жазылган бир ак таш берем. Андагы жазылган ысымды алган адамдан башка эч ким билбейт».
Тиатирадагы жыйынга
18Тиатирадагы жыйындын периштесине жаз:
«Көздөрү алоолонгон оттой, буттары жалтыраган жездей болгон Кудайдын Уулу мындай дейт:
19Сенин иштериң, сүйүүң, ишенимиң, кызматың жана чыдамкайлыгың Мага белгилүү. Алгачкы кездегиге караганда, азыр көбүрөөк иш кылып жатканыңды да билем. 20Бирок Менин сага бир нааразы болгон жерим бар: өзүн пайгамбар атаган Изебел деген аялдын башкаларга таалим беришине жол берип жатасың. Ал кулдарымды бузукулук кылганга жана буркандарга курмандыкка чалынган тамакты жегенге азгырууда. 21Ага бузукулук ниетин өзгөртүүгө убакыт берген элем, бирок ал антүүнү каалабады. 22Эми мына, Мен аны оору менен жазалап, төшөккө жаткырам. Кылган иштерине өкүнүп, ниеттерин өзгөртмөйүн, Мен аны менен бирге бузукулукка баткандарды чоң азапка салам. 23Балдарына ажал жиберем. Ошондо жыйындардын баары адамдардын ичиндеги ойлору менен жүрөк түпкүрүндөгү сырлары Мага белгилүү экенин билишет. Ошондой эле ар бириңер кылган ишиңерге жараша тиешелүү жазаңарды аласыңар. 24-25Бирок силер, Тиатирадагы башка ишенүүчүлөр, Изебелдин тескери окуусун кабыл алган жоксуңар. Анын жолун жолдоочулары „шайтан ачып берген терең чындыктар“ деп атаган окууга аралашпадыңар. Мен кайра келгиче, Мага болгон бекем ишенимиңерден кайтпагыла дегенден башка силерге оор милдет жүктөбөйм. 26-28Жеңип чыкканга жана Менин тилегимди аягына чейин аткарганга бардык элдерди башкаруу үчүн Атам Мага бергендей кудурет берем. Ал алардын үстүнөн карападай быркыратчу, темирдей катуу бийлик орнотот. Ошондой эле жеңүүчүгө таңкы жылдызды берем. 29Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»

Currently Selected:

Аян 2: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy