Матай 17
17
Тоодогу кубулуш
1Ушундан алты күн өткөндө, Ыйса Петирди жана бир туугандар Жакып менен Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоого алып чыкты. 2Алардын алдында Ыйсанын кебетеси өзгөрүп, бети күндөй нурланып, кийимдери болсо аппак болуп, жаркырап кетти. 3Аңгыча Муса менен Илияс пайда болуп, Ыйса менен маек курушту. 4Ошондо Петир мындай деди:
– Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Кел, үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска.
5Петир сөзүн аяктай электе бир аппак, жаркыраган булут аларга көлөкөсүн түшүрүп, ошол булуттан үн чыкты:
– Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса. Мен Ага ыраазы болдум. Аны уккула!
6Муну уккан шакирттердин үрөйү учуп, жерге кулап түшүштү. 7Ошондо Ыйса келип, аларга колун тийгизди да:
– Коркпогула, өйдө тургула! – деди.
8Шакирттер өйдө карап, жалгыз Ыйсадан башка эч кимди көрө алышпады.
9Тоодон түшүп келатышканда, Ыйса аларга:
– Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин бул көрүнүш тууралуу эч кимге ооз ачпагыла! – деп буйруду.
10Ошондо шакирттери:
– Эмне үчүн дин мугалимдери «Машаяк келерден мурун Илияс келиши керек» дешет? – деп сурашты.
11Ыйса:
– Туура, алды менен Илияс келип, баарын ордуна келтирет. 12Силерге айтып коёюн: Илияс келди, бирок аны тааныбай, ага өз каалагандарын кылышты. Эми Адам Уулу да алардын колунан азап чекмекчи, – деп жооп берди.
13Ошондо шакирттери анын Жакыя чөмүлдүрүүчү тууралуу айтып жатканын түшүнүштү.
Жин даарыган баланын айыгышы
14Ыйса шакирттери менен чогулган элге басып келгенде, бир киши Ыйсанын алдына чөгөлөй калып:
– 15Устат, менин балама боорукерлик кыла көр, анын талмасы бар, ошондон азап чегип, кыйналууда. Далай ирет от менен сууга боюн таштады. 16Шакирттериңиздин алдына алып бардым эле, айыктыра алышпады, – деди.
17Ошондо Ыйса:
– Эй, ишеними жок, бузулган эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери! – деди.
18Баланы алып келишкенде, Ыйса буйрук берип, баладан жинди кууп чыкты. Ошол замат ал айыгып кетти. 19Ошондо шакирттери Ыйсадан өзүнчө:
– Эмне үчүн биз аны кубалап чыга албадык? – деп сурашты.
– 20Ишенимиңердин аздыгынан, – деп жооп берди Ыйса аларга. – Силерге бир чындыкты айтып коёюн: сары кычынын данындай кипкиченекей ишенимиңер болсо, мына бул тоого: «Бул жактан тигил жакка которул!» – десеңер, которулат. Силердин колуңардан келбеген нерсе болбойт.#17:20 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат
22Шакирттери менен Галилеяда бир жерде болушканда, Ыйса аларга айтты:
– Адам Уулу кишилердин колуна түшөт, 23Аны өлтүрүшөт, анан үчүнчү күнү Ал кайра тирилет. Муну укканда, шакирттери абдан кайгырышты.
Ийбадатканага төлөнчү салык
24Ыйса шакирттери менен Капарноомго барганда, ийбадатканага төлөнүүчү салыкты жыйноочулар Петирге келип:
– Устатыңар салыкты төлөмөк беле? – дешти.
25Петир:
– Төлөйт, – деди.
Петир үйгө кирип, сүйлөйүн дегенде, Ыйса озунуп:
– Сен кандай дейсиң, Ысман, жердеги падышалар салык менен жылдык төлөмдү кимдерден алышат? Өз элиненби же башкаларданбы? – деген суроону узатты.
26Петир:
– Башкалардан, – дегенде, Ыйса:
– Анда өз эли – салыктан эркин. 27Бирок аларды нааразы кылбоо үчүн деңизге барып, кайырмак сал да, биринчи түшкөн балыкты алып, оозун ачсаң, бир тыйын бар, ошону алып, экөөбүз үчүн берип кой, – деди.
Currently Selected:
Матай 17: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018