Матай 14
14
Жакыянын өлүмү
1Ошол убакта Ыйса жөнүндөгү кабар Галилеянын акими Иродко жетти. 2Ал малайларына:
– Бул Жакыя чөмүлдүрүүчү, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон, – деди.
3Ирод бир тууганы Филиптин аялы Иродиянын айынан Жакыяны карматып, кишендеп, түрмөгө отургузуп койгонунан улам ушундай деген эле. 4Анткен себеби Жакыя: «Сенин Иродияга үйлөнгөнүң туура эмес!» – деп айткан болчу. 5Ушул сөзү үчүн Ирод аны өлтүргүсү келди, бирок элден корккондугунан батына албады, себеби эл Жакыяны пайгамбар деп эсептечү. 6Анткен менен Ироддун туулган күнүндө Иродиянын кызы меймандардын алдында бийлеп, Ироддун купулуна толду. 7Ошондо Ирод ага каалаган нерсесин берүүгө ант берди.
8Иродиянын кызы болсо, энесинин кеңеши боюнча: «Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын азыр табакка салып, алдырып келиңиз» деди. 9Кыздын сураганы падышаны капалантса да, меймандарынын алдында берген антынан улам талабын орундатууну буюрду. 10Жакыянын башын кесип келүү үчүн түрмөгө кишилерин жиберди. 11Алар башты табакка салып келип, кызга беришти. Кыз болсо энесине алып барып берди. 12Ошондо Жакыянын шакирттери келип, анын сөөгүн алып чыгып, көргө коюшту да, Ыйсага барып, болгон ишти айтып беришти.
Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу
13Бул кабарды уккан Ыйса кайыкка түштү да элден бөлүнүп, ээн жерге жалгыз кетип калды. Ыйсанын кайык менен кеткенин уккандар шаарлардан чыгып, жөө-жалаңдап артынан түшүштү. 14Ыйса кайыктан чыкканда, көптөгөн элди көрүп, аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды. 15Кеч киргенде, шакирттери Ага келип:
– Бул жер ээн экен, кеч да болуп кетти, ошондуктан элди коё бер, айылдарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, – дешти.
16Бирок Ыйса аларга:
– Элдин кетишинин кереги жок, жегенге бирдемени силер бергиле, – деди.
17Шакирттери:
– Бул жерде эч нерсебиз жок, болгону беш нан менен эки балыгыбыз гана бар, – дешти.
18Ыйса:
– Аларды Мага алып келгиле, – деди.
19Анан элди чөптүн үстүнө олтургула деп буйруду да, жанагы беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 20Баары жеп тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду. 21Аялдар менен балдарды айтпаганда, жеген эркектердин эсеби беш миңдей эле.
Ыйсанын суу үстү менен басышы
22Ушундан соң, Ыйса шакирттерин кайыкка олтургузду. Элди коё бергичекти Өзүнөн мурда аркы өйүзгө сүзүп өткүлө деп буюрду. 23Элди таркаткан соң, Өзү жалгыз сыйынуу үчүн тоого чыкты. Түн киргенге чейин тоодо жалгыз калды. 24Кайык болсо жээктен алыстап, бет маңдайдан соккон шамалдан улам чоң толкундарды жирей, араң жылып баратты. 25Таң азанда Ыйса суу үстү менен басып, шакирттерине келди. 26Анын суу үстүнөн басып келе жатканын көргөн шакирттердин үрөйү учуп, Аны арбак экен деп ойлоп, корккондугунан бакырып жиберишти.
27Ыйса ошол замат аларга:
– Коркпогула, бул Мен элемин! – деди.
28Петир болсо:
– Устат, эгер бул сен болсоң, анда «суу үстү менен басып кел» деп буйручу мага, – деди.
29Ыйса:
– Кел, – деди.
Ошондо Петир кайыктан чыгып, суунун үстү менен Ыйсага жөнөдү. 30Бирок шамалды көрүп, коркуп кетти. Чөгүп баратып:
– Эгем, мени сактап кал! – деп кыйкырып жиберди.
31Ыйса дароо колун созуп, аны сүйөй калды да:
– Ишеними аз десе, эмне үчүн шектендиң? – деди.
32Алар кайыкка түшкөндө, шамал басылды. 33Кайыктагылар Ыйсага таазим кылышып:
– Сен чындыгында Кудай Уулусуң, – дешти.
Генисареттеги оорулуулардын сакайышы
34Алар көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, Генисарет жерине жетишти. 35Жергиликтүү эл Ыйсаны таанышып, бүткүл аймакка кабар таратып, Анын алдына бардык оорулууларды алып келишти. 36Анан Ыйсадан «алар жок дегенде киймиңиздин этегине колун тийгизсе болобу» деп суранып жатышты. Ал эми колун тийгизгендердин баары куландан соо болуп айыгып кетип жатышты.
Currently Selected:
Матай 14: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: