Матай 13
13
Дыйкан тууралуу ибарат
1Ушундан соң, Ыйса үйдөн чыгып, кайрадан көл жээгинде элди окута баштады. 2Ошондо жыйылган элдин көптүгүнөн кайыкка түшүүгө туура келди. Эл болсо жээкте карап турду. 3Ыйса көп нерселерди ибараттап айтты. Ал мындай деди:
– Бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр. 4Сепкен үрөндөрдүн кээси жол боюна түшүп, учуп келген чымчыктарга жем болот. 5Кээ бири аз гана топурагы бар таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат. 6Бирок күн чыкканда күйүп, тамыры терең болбогондуктан куурап калат. 7Кээси тикендин арасына түшөт. Анан өсүп чыккан тикен астында басылып калат. 8Ал эми кээ бирлери жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, кээси жүз, кээси алтымыш, кээси отуз эсе түшүм берет. 9Уга турган кулагы барлар уксун!
Ибараттын мааниси
10Шакирттер Ыйсага келип:
– Эмне үчүн тигилерге ибараттап айтып жатасың? – деп сурашты.
11Ыйса мындай жооп берди:
– Анткени Асман Падышачылыгынын сырларын билүү силерге буюрган. Аларга болсо буюрган эмес. 12Кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилип, аныкы көбөйөт. Ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат. 13Ушул себептүү Мен аларга «карап турушса да көрө алышпасын, тыңшап турушса да уга алышпасын» үчүн башкаларга ушинтип ибарат аркылуу сүйлөп жатам. 14Ошондуктан Ышая пайгамбардын айткандары аткарылат. Ал мындай деген:
«Уксаңар да эч нерсе туйбайсыңар,
Карап туруп эч нерсе көрбөйсүңөр.
15Анткени
Бул элдин дилин дат басып,
Оорлошуп кулагы,
Көздөрү калган тунарып.
Антпесе көрмөк көздөрү,
Кулактары ачылмак,
Жүрөгү туймак алардын.
Мага кайтып келишип,
Сакайтмакмын аларды».#13:14-15 Ыш. 6:9-10.
16А силер бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угат. 17Силерге бир чындыкты айтып коёюн: далай пайгамбарлар менен адилдер силер көргөндү көргүсү келген, бирок көрө алышпады, силер укканды уккусу келген, бирок уга алышпады.
Дыйкан тууралуу ибараттын мааниси
18Ошондуктан силер дыйкан тууралуу ибараттын маанисин угуп алгыла: 19Кудайдын Падышачылыгы тууралуу сөздү угуп, бирок маанисин түшүнбөгөнгө азгыруучу келет да анын жан дүйнөсүнө түшкөн Кудайдын сөзүн уурдап кетет. Жол боюна түшкөн үрөндүн мааниси ушуну билдирет. 20Ал эми таштак жерге түшкөн үрөн болсо Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамды билдирет. 21Бирок тамыры болбогондуктан бир азга гана ишенип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат ишенимден баш тартат. 22Тикендердин арасына түшкөнү Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгү менен акчанын азгырыгына алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат. 23Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү болсо Кудай сөзүн угуп, маанисин түшүнгөн адамды билдирет. Мындай адам жүз, алтымыш, отуз эсе жемиш берген үрөнгө окшош.
Отоо чөптөр тууралуу ибарат
24Ыйса аларга дагы бир ибаратты айтып таалим берди:
– Асман Падышачылыгы өз талаасына жакшы үрөн сепкен адамга окшош. 25Бирок, эл уктап жатканда душманы келип, буудайлардын арасына отоо чөптөрдүн үрөнүн себет да кетип калат. 26Буудай көгөрүп, баш байлай баштаганда, отоо чөптөр да кошо чыгат. 27Ошондо талаанын ээсине кулдары келип: «Төрөм, сиз талааңызга жакшы үрөн эктиңиз эле го. Отоо чөптөр кайдан чыга калды?» – дешет. 28Кожоюн: «Душмандарымдын бирөөсү кылган муну», – деп жооп берет. Кулдары: «Барып, отоп салалыбы?» – дешет. 29Кожоюн: «Кереги жок, отоо чөптөрдү жулабыз деп, алардын тамыры менен кошо буудайларды жулуп салышыңар мүмкүн. 30Оруу-жыюу маалы келгичекти өсө берсин. Кийин орокчуларга адегенде отоо чөптөрдү жулдуруп, өрттөө үчүн боо-боо кылып байлатып, буудайды болсо өзүнчө кампаларыма төктүртөм», – дейт.
Сары кычынын даны тууралуу ибарат
31Ыйса аларга дагы бир ибарат айтты:
– Асман Падышачылыгы бир адам өз талаасына эгип койгон сары кычынын данына окшош. 32Сары кычынын даны уруктардын эң кичинеси болгон менен өсүп чыкканда, бардык өсүмдүктөрдөн чоң болот да, бутактарына канаттуулар учуп келип уялаган даракка айланат.
Камыртуруш тууралуу ибарат
33Ыйса аларга дагы бир ибарат айтып берди:
– Асман Падышачылыгы бир аял камыр ачытыш үчүн үч чара унга салган ачыткыга окшош.
Ыйсанын ибарат менен айтышынын себеби
34Ушунун баарын Ыйса элге ибарат кылып айтты, ибаратсыз аларга эч нерсе айткан жок. 35Пайгамбар аркылуу айтылган сөз аткарылышы үчүн ушундайча сүйлөдү. Пайгамбар мындай деген: «Мен ибарат менен сүйлөйм. Дүйнө жаралгандан бери жашыруун болуп келген нерселерди жарыя кылам».#13:35 Заб. 77:2.
Отоо чөп тууралуу ибараттын мааниси
36Ошондо Ыйса элди коё берип, үйгө кирди. Шакирттери жанына келип:
– Талаадагы отоо чөптөр жөнүндөгү ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, – дешти.
37Ыйса аларга мындай деди:
– Жакшы үрөн сепкени – бул Адам Уулу. 38Талаа болсо бул дүйнөнү билдирет. Жакшы үрөн – бул Кудай Падышачылыгынын атуулдары. Отоо чөптөр болсо азгыруучунун ишин кылган адамдар. 39Аларды сээп кеткен – ибилис, оруу-жыюу мезгили – акыр заман, орокчулар – периштелер. 40Ошондуктан акыр заманда да отоо чөптөр отолуп отко ыргытылгандай окуя болот. 41Адам Уулу Өз периштелерин жиберип, Өз падышачылыгынан бардык азгырыктар менен дин безерлерди тердирет. 42Анан аларды жалбырттап күйгөн мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштерин кычыратышат. 43Ошондо адил адамдар асмандагы Атасынын Падышачылыгында күндөй болуп жаркырашат.
Уга турган кулагы барлар уксун!
Катылган кенч тууралуу ибарат
44Асман Падышачылыгы талаага катылган кенчке окшош. Аны бир киши таап алып, эч жанга билгизбей кайра катып коёт да, кубанганынан колундагынын баарын сатып жиберип, кайра ошол талааны сатып алат.
Бермет тууралуу ибарат
45Дагы Асман Падышачылыгы таза берметти издеген соодагерге окшош. 46Ал кымбат баалуу берметти таап, аны сатып алуу үчүн келип, колундагысынын баарын сатып жиберип, ошол берметти сатып алат.
Тор тууралуу ибарат
47Дагы Асман Падышачылыгы деңизге ыргытылып, ар түрдүү балыктарды жыйнап алган чоң торго окшош. 48Тор толгондо, аны жээкке сүйрөп чыгышып, анан олтуруп алып жакшысын себеттерге салышып, жамандарын ыргытып жиберишет. 49Акыр заманда ушундай болот: периштелер келип, жаман адамдарды адилдерден бөлүп алышат да, 50жалындаган мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштерин кычыратышат.
Асман Падышачылыгы тууралуу билим
51Анан Ыйса шакирттерине:
– Айткандарымдын баарын түшүндүңөрбү? – деди.
Шакирттери:
– Ооба, – деп жооп беришти.
52Ыйса сөзүн улады:
– Ошондуктан Асман Падышачылыгы тууралуу билимге ээ болгон ар бир дин мугалими өзүнүн кенч сактагыч жайынан жаңы буюмдарын да, эски буюмдарын да сыртка алып чыккан үй ээсине окшош.
Ыйсанын Өз мекенинде четке кагылышы
53Ыйса ушул ибараттарын айтып бүтүп, ал жактан кетип калды. 54Анан Өзүнүн чоңоюп өскөн шаарына келди да, андагы синагогага барып, таалим берди. Анын таалими адамдарды таңдантты. «Мындай акылмандык менен укмуштарды жасай турган кудуретти ал кайдан алды экен? 55Бул биздеги эле жыгач устанын баласы эмеспи?! Энеси – Мариям, ал эми Жакып, Жосе, Ысман жана Жүйүт бир туугандары эмеспи?! 56Карындаштарынын баары тең арабызда жашашат го?! Мынчалык акылмандык менен кудуреттин баарын ал кайдан алды болду экен?!» – дешип, 57Ыйсага ишене албай баштары катты. Ыйса болсо:
– Пайгамбар бардык жерде кадыр-барктуу болсо да, өз эл-журту менен үй ичинде анын кадыры билинбейт, – деди аларга.
58Алардын ишенбестигинен улам Ыйса ал жерде көптөгөн укмуштарды жасаган жок.
Currently Selected:
Матай 13: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: