YouVersion Logo
Search Icon

Матай 12

12
Дем алыш күнү тууралуу
1Дем алыш күндөрдүн биринде Ыйса эгин талаасын аралап өтүп бара жатты. Жанындагы шакирттери ачка болуп, буудайдын башын жулуп жей башташты. 2Муну фарисейлер көрүп калышып Ыйсага:
– Карачы, шакирттериң дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатышат! – дешти.
3Ыйса мындай жооп берди:
– Дөөт жанындагы адамдар менен бирге ач калганда эмне кылганын окуган жок белеңер? 4Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды жанындагылар менен бирге жебеди беле! Бирок ал нандарды жегенге эч акысы жок болчу. Аларды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон. 5Дин кызматчылар ийбадатканада дем алыш күнү ошол күндүн мыйзамын бузуп коюшса да айыпсыз экендиги тууралуу Тоорат мыйзамынан окуган жок белеңер? 6Силерге айтып коёюн: бул жерде ийбадатканадан да улуу Бирөө турат. 7Эгерде силер Кудайдын: «курмандыкты эмес, боорукердикти каалайм!»#12:7 Ош. 6:6. деген сөзүнүн маанисин түшүнгөн болсоңор, анда айыпсыз адамдарды соттобос элеңер. 8Анткени Адам Уулу дем алыш күнүнүн да ээси!
Колу сенек адам
9Ыйса ал жактан кетип, синагогага келди. 10Синагогада колу сенек бир адам бар эле. Ошол жерде тургандардан бирөөлөр Ыйсадан кынтык таап, айыпка жыгуу максатында:
– Кудайдын мыйзамы боюнча дем алыш күнү да адамды айыктырууга болобу? – деп сурашты.
11Ыйса:
– Бир кою дем алыш күнү чуңкурга түшүп калса, араңардан кимиңер аны көрүп туруп, алып чыкпай таштап коёт? 12Адам баласы койдон алда канча өйдө эмеспи! Демек, дем алыш күнү жакшылык кылса болот, – деди.
13Анан колу сенек адамга кайрылып:
– Колуңду сунчу! – деди.
Тигил адам сунары менен айыгып, берки колу соо колундай болуп калды. 14Ошондо сыртка чыгып кетишкен фарисейлер өз ара Ыйсаны кантип өлтүрүш керектигин акылдашышты.
Ыйса – Кудайдын сүйүктүү Кулу
15Ыйса болсо алардын бул ниетин билип, ал жактан кетип калды. Анын аркасынан көп эл ээрчиди. Ыйса алардын баарын айыктырып, 16адамдарга Өзү жөнүндө жарыя кылууга тыюу салды. 17Кудайдын Ышая пайгамбар аркылуу айткан сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду:
18«Бул Менин тандап алган Кулум,
Жаным ыраазы болгон Сүйүктүүм.
Мен Анын үстүнө Өз Рухумду түшүрөм,
Ал бардык элдерге өкүмүмдү жарыя кылат.
19Талашпайт да кыйкырбайт,
Көчөдө кыйкырып жатканын эч ким укпайт.
20Менин өкүмүмдү аягына жеткирмейин,
Бүктөлгөн камышты сындырбайт,
Быкшыган шамды өчүрбөйт.
21Ага бардык улуттар үмүттөрүн артышат».#12:18-21 Ыш. 42:1-4.
Ыйса жана шайтан
22Аңгыча жин даарыган бир сокур, дудук адамды Ыйсанын алдына алып келишти. Ыйса аны айыктырды. Сокур дудук сүйлөп, көзү көрүп калды.
23Элдин баары таң калып:
– Бул Дөөттүн урпагы эмеспи? – деп бири биринен сурашты.
24Муну угуп калган фарисейлер:
– Бул жиндерди алардын башчысы – Бээлзебулдун#12:24 Бээлзебул – шайтандын дагы бир аты. күчү менен кубалап жатат. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес! – дешти.
25Алардын оюн билген Ыйса мындай деди:
– Ичинен бөлүнүп-жарылган мамлекет кыйрайт, ыркы кеткен шаар же үй-бүлө соо калбайт. 26Эгер шайтан шайтанды кубалап жатса, демек, ал өз ичинен бөлүнүп-жарылып, өзүнө өзү каршы чыкканы. Анан анын падышачылыгы кантип аман калмак эле? 27Эгер Мен жиндерди шайтандын күчү менен кубалап жаткан болсом, анда өзүңөрдүн шакирттериңер кимдин күчү менен кубалап жүрөт? Ушул себептен шакирттериңердин кылган иштери силерге калыс болсун. 28А эгер Мен жиндерди Кудайдын Руху менен кубалап жаткан болсом, демек, силерге Кудай Өз Падышачылыгын орното турган мезгилдин келип жеткени! 29Алдуу адамдын үйүнө кирген бирөө алды менен анын өзүн байлабай туруп, үй-мүлкүн кантип тоноп кетет? Алдууну байлагандан кийин гана анын үйүн тоной алат. 30Ким Мен тарапта болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен бирге жыйнабаса, ал чачат. 31Ошондуктан силерге айтып коёюн: адам баласынын күнөөлөрү менен жаман сөздөрү бүт кечирилет, а бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт. 32Кимде ким Адам Уулуна каршы сөз айтса кечирилет, а бирок Ыйык Рухка каршы сүйлөгөн адам бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да кечирилбейт.
Дарак жана анын мөмөлөрү
33Даракты жакшы баксаңар, мөмөсү да жакшы болот, жаман баксаңар, мөмөсү да жаман болот. Анткени дарактын кандай экени мөмөсүнөн билинет.
34Эй, жылан тукумдары! Өзүңөр жаман болуп туруп, анан кантип жакшы сөз сүйлөй алмак элеңер? Анткени адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат. 35Жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты берет.
36Силерге айтып коёюн: адамдар оозунан чыккан ар бир куру сөзү үчүн кыяматтагы сот күнү Кудай алдында жооп беришет. 37Анткени айткан сөзүң боюнча акталасың жана соттолосуң.
Жышаан көргүсү келгендер
38Ошондо дин мугалимдери менен фарисейлердин кээ бири Ыйсага:
– Устат, сиздин бизге бир кереметтүү жышаан көрсөтүшүңүздү каалайбыз, – дешти.
39Ыйса мындай жооп берди:
– Бузулган жана күнөөкөр муун кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт! 40Жунус деңиз жырткычынын курсагында үч күн, үч түн болгон сыяктуу Адам Уулу да жер түбүндө үч күн, үч түн болот.#12:40 Жун. 2:1. 41Нинебиликтер#12:41 Нинеби шаары Ашур империясынын борбору болгон. кыямат кайымда ушул муун менен бирге кайра тирилип, аны айыпка жыгат, анткени алар Жунустун сөзүн угуп, ниеттерин өзгөртүшкөн. А бул жерде болсо Жунустан улуу Бирөө турат. 42Түштүк#12:42 Бул жер түштүк Арабия болушу мүмкүн. ханышасы да тирилип, ушул муунду айыпка жыгат, анткени ал Сулаймандын акылман сөзүн угуп кетейин деп, дүйнөнүн аркы четинен келген. А бул жерде болсо Сулаймандан да улуу Бирөө турат.
Кайра келген жиндер
43Кара күч адамдан чыккан соң, жанына тынчтык издеп, какшыган чөлдөрдү кыдырып-кыдырып таппайт. 44Анан: «Кой, чыккан үйүмө кайра барайын» деп кайра келет да, анын шыпырылып, жыйналып бош турганын көрөт. 45Кайра барып, өзүнөн ашкан жети жинди ээрчите келет да, кирип, жашай башташат. Ошондо жанагы адамдын кийинки абалы мурункусунан да жаман болот. Азыркы жаман замандын адамдары менен так ошондой болот.
Ыйсанын энеси жана бир туугандары
46Ыйса чогулгандарга сүйлөп жаткан. Аңгыча энеси жана бир туугандары келип, Аны менен сүйлөшөлү деп сыртта күтүп турушту. 47Ошондо кимдир бирөө:
– Сени менен сүйлөшкүсү келип, энең жана бир туугандарың сыртта турушат, – деди.
48Ыйса ушул сөздү айтканга карап:
– Менин энем менен бир туугандарым кимдер? – деди.
49Анан колун шакирттери тарапка сунуп:
– Менин энем менен бир туугандарым булар! 50Анткени ким асмандагы Атамдын каалоосун аткарса, ошол Мага бир тууган ага-ини, эже-карындаш жана эне болот, – деди.

Currently Selected:

Матай 12: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in