1
Матай 12:36-37
Инжил ЛС (2005)
Силерге айтып коёюн: адамдар оозунан чыккан ар бир куру сөзү үчүн кыяматтагы сот күнү Кудай алдында жооп беришет. Анткени айткан сөзүң боюнча акталасың жана соттолосуң.
Compare
Explore Матай 12:36-37
2
Матай 12:34
Эй, жылан тукумдары! Өзүңөр жаман болуп туруп, анан кантип жакшы сөз сүйлөй алмак элеңер? Анткени адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат.
Explore Матай 12:34
3
Матай 12:35
Жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты берет.
Explore Матай 12:35
4
Матай 12:31
Ошондуктан силерге айтып коёюн: адам баласынын күнөөлөрү менен жаман сөздөрү бүт кечирилет, а бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт.
Explore Матай 12:31
5
Матай 12:33
Даракты жакшы баксаңар, мөмөсү да жакшы болот, жаман баксаңар, мөмөсү да жаман болот. Анткени дарактын кандай экени мөмөсүнөн билинет.
Explore Матай 12:33
Home
Bible
Plans
Videos