Иуда 1
1
Саламдашуу
1Ыйса Машаяктын кулу жана Жакыптын бир тууганы Жүйүттөн Кудай Атабыз тарабынан чакырылып, Анын сүйүүсү менен Ыйса Машаяктын сактоосунда жашап жаткандардын баарына.
2Ылайым араңарда мээрим, тынчтык жана сүйүү мол болсун!
Жалган окутуучулардан оолак болгула
3Кымбаттуу боордошторум, баарыбызга тиешелүү куткарылуу жаатында жазууну абдан самасам да, насаат айтуу муктаждыгы бар экенин сезип, бул катымда ыйыктарга бир кезде берилген ишенимди коргоо керектигин жазып отурам. 4Себеп дегенде, кээ бир кудайсыз адамдар арабызга акырын гана жылып кирип алышыптыр. Алар өздөрүнүн бузуку кылыктарын жымсалдаш үчүн Кудайыбыздын ырайымы тууралуу кабарды бурмалашкандар, бирден-бир Өкүмдарыбыз жана Эгебиз Ыйса Машаякты четке каккандар. Алардын жазалана турганы Ыйык Жазууларда илгери эле айтылган.
5Эгебиз бир кезде Ысрайыл элин Мисирдеги кулчулуктан куткарган, бирок ошондон кийин ишенимсиздерди жок кылган. Силер муну айтпасам деле билесиңер, ошондой болсо да, дагы бир сыйра эсиңерге салып койгум келди. 6Кудай уруксат кылган чектен аша чаап, жашаган жайын таштап кеткен периштелерге эмне болгонун эстегиле. Кудай аларды жазалаш үчүн келечектеги улуу сот күнүнө даярдап, түбөлүктүү чынжырларга чырмап, туңгуюктагы капкараңгы жайга байлап койгон. 7Содом менен Гомор шаарлары жана алардын айланасынан орун алган айылдар эмне болгонун эстегиле. Алардын жашоочулары да жогоруда айтылган периштелер сыяктуу бузулуп, күнөөлүү кумарларына чыланып калганда, Кудай бардыгына сабак болсун деп алардын шорун катырып, түбөлүк отко орогон.
8Так ушулар сыяктуу, силердин араңардагы алиги кыялкечтер өздөрүн күнөөгө түрткөн аяндарды көрүп, денесин күнөөлөргө малып, көктөгү Жараткан орноткон бийликке да, Анын периштелерине да акарат айтышканын коюшпады. 9Ал тургай периште башчыларынын бири болгон Михаэл да ибилис менен Мусанын сөөгүн талашып жатканда, аны сөгүп, айыптоого барбастан: «сени Эгебизге койдум!» – деген сөз менен гана чектелген. 10А булар болсо өздөрү түшүнбөгөн күчтөрдүн баарына тил тийгизишет. Ал эми жырткычтар сыяктуу табигый сезими менен туйган нерселери аларды ойрон кылат. 11Кабыл түшкөн жолду тандап алган алардын шору кайнайт. Байлык деп Биламдын каталыгын кайталап, Корах сыяктуу Кудайга каршы чыгып жүрүп, акыры жок болушат.
12Алар силердин кечелериңерге катышып, башкаларга жолтоо болуп, өздөрүнүн гана кара курсагынын камын ойлогондон уялбаган койчу сөрөйлөр. Шамал кубалаган жаан бербес, пайдасыз булуттар. Эч качан, атүгүл күзүндө да мөмө байлабаган, тамыры менен коңторулуп, кагайып калган дарактар. 13Уятсыз жосундарын деңиз толкундары сымал көбүктөнтүп, көккө чачыраткандар. Түбөлүк турагы көзгө сайса көрүнгүс караңгыда болуучу адашкан жылдыздар.#13 Деңиз толкундары, адашкан жылдыздар – бул сүрөттөө ааламдын Кудайга каршы чыкканын билдирет.
14Адам атанын жетинчи тукуму болгон Анак мындан көп убакыт илгери алар тууралуу мындай деп пайгамбардык сөз айткан: «Мына, Жараткан Эге Өзүнүн түмөндөгөн ыйык периштелери менен чогуу келе жатат. 15Ал баарынын үстүнөн сот жүргүзүп, бардык кудайсыздардын бардык жамандыктарын ашкере кылат». Ага каршы айтышкан ар бир акарат сөзү үчүн аларды Эгебиз сөзсүз жазалайт.
16Алар эч качан ыраазы болушпайт, ар качандан бир качан бирөөлөрдү жамандаганы жамандаган. Керт башынын гана кызыкчылыгын көздөшөт. Өздөрүн жерге-сууга тийгизбей мактап, бир нерсе өндүрүп калыш үчүн көрүнгөндүн этегине намаз окушат.
17А силер болсо, кымбаттуу бордошторум, Эгебиз Ыйса Машаяктын элчилеринин эскерткендерин унутпагыла. 18Алар акыр заман келгенде, бузуку каалоолорунун жетегинен чыкпаган мазакчылар чыгат дешкен. 19Араңарды бөлүп жарган, табигый каалоолорунун кулчулугунан чыга албаган, жан дүйнөсүндө Кудайдын Руху жок адамдар ошолор.
20А силер болсо, кымбаттуу боордошторум, эң ыйык ишенимиңерди негиз кылып өсө бергиле. Ыйык Рух менен сыйынып, 21Кудайдын сүйүүсүнө бөлөнүп, түбөлүк өмүрдү бере турган Эгебиз Ыйса Машаяктын мээримин күтүп жашагыла. 22Эки ойдо тургандарга боорукердик көрсөткүлө. 23Куткарылууга муктаждарды оттон сууругандай куткарып калгыла. Кайрымга муктаждарга коркуу сезими менен абайлап кайрым кылгыла, бирок алардын күнөөгө булганган кийимдери да жийиркеничтүү экенин эстен чыгарбагыла.
Соңку сөз жана бата тилөө
24Силерди мүдүрүлүүдөн сактап, Өз улуулугунун алдына кынтыксыз жана кубанычта жеткире алган 25жападан жалгыз Куткаруучу Кудайыбызга Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу урмат жана даңк болсун! Бийлик жана күч-кудурет илгерки замандардан тартып ушул убакка чейин, ал тургай түбөлүктөн түбөлүккө ошонуку! Оомийин.
Currently Selected:
Иуда 1: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018