YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 21

21
Леби уруусунун энчиси
1Лебилердин уруу башчылары дин кызматчы Элазар, Нундун уулу Жашыя жана ысрайыл элинин уруу башчыларынын алдына келишти.
2Алар ал убакта Канаандагы Шило шаарында эле. Лебилер:
– Жараткан Эге Мусага: «Лебилерге жашаганга шаарлар, төрт түлүк малына жайыттар берилсин» деп буйруган болчу, – деп айтышты. 3Ошондо Жараткан Эгенин ошол буйругуна ыйлайык ысрайыл эли өз энчилеринен лебилерге шаарларды тегерек-четиндеги жайыттары менен кошо берди.
4Биринчи өкчөмө таш леби уруусунун Кааттын уругунан чыккан дин кызматчы Арундун урпактарына түштү. Аларга иуда, ысман жана бенжамин урууларынын жерлеринен он үч шаар энчиге берилди.
5Кийинки өкчөмө таштын түшкөнү боюнча Кааттын калган уруктарына эпрайым, дан жана Иордандын батыш тарабындагы менаше жарым уруусунун жерлеринен он шаар бөлүнүп берилди.
6Кийинки өкчөмө таштын түшкөнү боюнча Гершон уругуна ысахар, ашыр, напталы жана Иордандын чыгыш тарабындагы Башан жериндеги менаше жарым уруусуна тийиштүү жеринен он үч шаар бөлүнүп берилди.
7Мерари уругуна рубен, гад уруулары жана забулун урууларынын жеринен он эки калаа берилди.
8Жараткан Эгенин Муса аркылуу берген буйругуна ылайык, ысрайыл эли өкчөмө таш таштап, ушул шаарларды тегерек-четиндеги жайыттары менен кошо леби уруусуна бөлүп берди.
9Иуда жана ысман эли төмөнкү аты аталган шаарларды 10леби уруусунун Каат уругундагы Арундун тукумдарына бөлүп берди. Анткени биринчи өкчөмө таш ошолорго түшкөн эле. 11Аларга Иуда тоолорундагы Кирият-Арба, башкача айтканда, Хеврон шаары айланасындагы жайыттары менен кошо берилди. Арба анактардын түпкү атасы болгон. 12Бул калаага караштуу талаалар менен айылдар болсо Жепундун уулу Калепке энчиге берилди.
13Дин кызматчы Арундун урпактарына, киши өлтүргөн адам үчүн баш паана шаарлардын бири болгон Хеврондон сырткары, төмөнкү шаарлар да жайыттары менен кошо берилди: Ливна, 14Жаттир, Эштемаа, 15Холон, Дебир, 16Айын, Утта, Бейт-Шемеш шаарлары. Ушул тогуз шаар иуда жана ысман урууларынын жерлеринен берилди. 17Ал эми бенжамин уруусунун жеринен Гибон, Геба, 18Анатот жана Алмон шаарлары – баары болуп төрт калаа айланасындагы жайыттары менен кошо берилди.
19Арундан тараган дин кызматчыларга баары кошулуп он үч шаар жайыттары менен тийди.
20Өкчөмө таштын түшкөнү боюнча Леби уруусундагы Кааттын калган уруктарына эпрайым уруусунун жеринен бул шаарлар тийди: 21кокустан киши өлтүрүп алгандар үчүн баш паана шаарлар болуп саналган Эпрайым тоолорундагы Шекем менен Гезер, 22Кипсайим, Бейт-Хорон – баары болуп төрт шаар жайыттары менен берилди. 23Дан уруусунун жеринен Элтеке, Гиббетон, 24Аялон жана Гат-Риммон – баары болуп төрт шаар жайыттары менен берилди. 25Иордандын батышындагы менаше жарым уруусунун жеринен эки шаар: Таанах менен Гат-Риммон жайыттары менен берилди. 26Каат уругунун калган тукуму жайыттары менен он шаарды алды.
27Леби уруусундагы Гершон уругуна болсо кокустан киши өлтүрүп алган адамдар үчүн Иордандын чыгышындагы менаше жарым уруусунун жеринен баш паана шаарлардын бири Башандагы Голан жана Беештера – эки шаар жайыттары менен берилди. 28Ысахар уруусунун жеринен болсо Кишион жана Даберат, 29Жармут, Эн-Ганим – баары болуп төрт шаар берилди. 30Ашыр уруусунун жеринен Мишал, Абдон, 31Хелкат, Рехоп – баары болуп төрт шаар берилди. 32Напталы уруусунун жеринен кокустан киши өлтүрүп алгандар үчүн баш паана шаарлар болуп саналган Галилеядагы Кедеш жана Хаммот-Дор, Картан – баары болуп үч шаар берилди.
33Гершон уругуна болсо айланасындагы жайыттары менен он үч шаар берилди.
34Леби уруусунан калган Мерари уругуна Забулун уруусунун жеринен Жокнеям, Карта, 35Димна, Нахалал – баары болуп төрт шаар айланасындагы жайыттары менен берилди. 36Рубен уруусунун жеринен Бесер, Жахаз, 37Кедемот жана Мефаат – баары болуп төрт калаа жайыттары менен берилди. 38Гад уруусунун жеринен киши өлтүрүп алгандар үчүн баш паана шаарлардын бири Гилаттагы Рамот жана Маханаим, 39Хешпон, Жазер – баары болуп төрт шаар айланасындагы жайыттары менен берилди. 40Леби уруусунун Мерари уругуна өкчөмө таштын түшкөнү боюнча баары болуп, он эки шаар бөлүндү.
41Лебилерге ысрайыл элинин менчигинин арасынан баары болуп кырк сегиз шаар айланасындагы жайыттары менен тийди. 42Бул шаарлардын ар биринин тегерек-четинде жайыттары бар эле.
43Ошентип, Жараткан Эге ысрайыл элине алардын ата-бабаларына беремин деп ант кылган жерлердин баарын энчиге берди. Алар ошол жерлерге ээлик кылып, мекендеп жашап калышты. 44Жараткан Эге алардын ата-бабаларына ант берип убада кылгандай, ысрайыл элинин төрт тарабын тынч кылды. Ысрайылдын душмандарынын эч кимиси аларга каршы тура алышкан жок. Себеби Жараткан Эге алардын колуна бардык душмандарын салып берди. 45Жараткан Эге ысрайыл элине берген изги убадаларынын бирөө да аткарылбай калган жок, баары аткарылды.

Currently Selected:

Жашыя 21: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in