Жашыя 20
20
Баш паана шаарлар
1Ошол күндөрү Жараткан Эге Жашыяга мындай деп айтты: 2– «Мен силерге Муса аркылуу айткандай, баш паана шаарларды тандагыла» деп ысрайыл элине айткын. 3Эгерде кимдир бирөө оюнда жамандыгы жок, кокустан киши өлтүрүп алса, кун куугандардан качып барып, ошол шаарга баш калкалай тургандай болсун. 4Ал адам ошол шаарлардын бирине качып барып, шаардын дарбазасынын алдына келип, эмне кылганын шаар аксакалдарына угуза айтып берсин. Ошондо аксакалдар аны шаарга киргизип, жашай турган жай берсин. 5Анын артынан кун куугандар келишсе, аксакалдар ал адамды кун куугандардын колуна салып беришпесин. Себеби ал тиги кишини атайылап өлтүргөн эмес, аны менен касташкан да эмес. 6Бирөөнү кокустан өлтүрүп алган киши жамааттын алдында иши сотто каралганга чейин же ошол кездеги башкы дин кызматчынын көзү өткөнчө шаарда калышы керек. Ошондон кийин гана ал адам качып чыккан өз шаарындагы үйүнө кайтып келсе болот.
7Ошентип, алар Иордандын батыш тарабындагы Галилеядагы – напталы тоолорундагы Кедеш шаарын, эпрайым тоолорундагы Шекем шаарын, Иуда тоолорундагы Кирият-Арба шаарын, башкача айтканда Хеброн шаарын тандашты. 8Аларга кошуп Иерихондун маңдайында, Иордандын чыгыш тарабында, рубен уруусуна тийиштүү чөлдөгү бөксө тоодо жайгашкан Бесер шаарын, гад уруусуна караштуу Гилаттагы Рамот шаарын, менаше уруусуна караштуу Башан аймагындагы Голан шаарын баш паана шаарлар кылып тандашты. 9Ысрайыл элинен болобу, ысрайыл элинин арасында жашаган келгин болобу, кокустан бирөөнү өлтүрүп алса, качып барып баш калкалоо үчүн тандалган шаарлар мына ушулар. Ал адам жамаат алдындагы сотко келгенге чейин кун кубалап келгендердин колуна берилбей, ошол шаарларда коопсуз болот.
Currently Selected:
Жашыя 20: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: