YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 12

12
Иордандын чыгышындагы падышалардын жеңилиши
1Мусанын убагында ысрайыл эли Иордандын чыгышындагы жерлерди: түштүктөгү Арнон өрөөнүнөн түндүктөгү Хермон тоосуна чейинки жана Иордан өрөөнүнүн чыгышындагы бүт жерлерди басып алган. Бул аймакта эки падыша бийлик кылчу. 2Алардын бири Хешпондо жашаган аморлордун падышасы Сихон эле. Ал Арнон өрөөнүнүн четиндеги Ароер шаарынан тартып, ошол капчыгайдын ортосунан башталып, аммон элинин чек арасы болгон Жабок дарыясына чейин созулуп жаткан Гилат жеринин жарымын башкарган. 3Ошондой эле Киннерет деңизинин чыгыш тарабындагы Иордан өрөөнүнөн баштап, түштүктөгү Өлүк деңиздин чыгыш тарабындагы Бейт-Ашимот шаарына чейин, андан ары Физга тоо кыркасынын боорлоруна чейин бийлик кылган.
4Падышалардын дагы бири, рафа элинин калдыктарынан болгон Башан падышасы Ок эле. Ал Аштарот менен Эдрейден бийлик жүргүзгөн. 5Ок Хермон тоосунан Салха шаарына чейин, гешурлар менен маахалардын жерлеринин чегине чейинки бүткүл Башан аймагын, Хешпон падышасы Сихондун жерлеринин чек арасына чейинки Гилат жеринин жарымын башкарчу. 6Жараткан Эгенин кулу Муса жетектеген ысрайыл эли аларды кырып салышкан. Жараткан Эгенин кулу Муса ал жерлерди рубен, гад урууларына жана менаше жарым уруусуна энчиге берген.
Иордандын батышындагы падышалардын жеңилиши
7Жашыя менен ысрайыл эли Иордандын батыш жээгиндеги Ливан өрөөнүндө жайгашкан Баал-Гат шаарынан тартып, аягы Сеир тоолоруна чейин өйдөлөп барган Халах тоолоруна чейинки жерлерде жашаган падышаларды жеңди. Алардын жерлерин Жашыя ысрайылдын урууларына үлүш кылып бөлүштүрүп берди. 8Ал жерлер: түштүктөгү хеттер, аморлор, канаандар, периздер, хибилер менен жебустар жашаган тоолор, тоо этектери, Иордан өрөөнү, тоо боорлору, чөл жана Негев.
Ысрайылдар жеңген падышалар мына булар: 9Иерихондун падышасы, Бейтел шаарынын жанындагы Ай шаарынын падышасы, 10Иерусалим падышасы, Хеврон падышасы, 11Жармут падышасы, Лахиш падышасы, 12Эглон падышасы, Гезер падышасы, 13Дебир падышасы, Гедер падышасы, 14Хорма падышасы, Арат падышасы, 15Ливна падышасы, Адуллам падышасы, 16Македа падышасы, Бейтел падышасы, 17Таппуах падышасы, Хефер падышасы, 18Апек падышасы, Лашарон падышасы, 19Мадон падышасы, Хасор, 20Шимрон-Мерон падышасы, Акшап падышасы, 21Таанах падышасы, Мегиддо падышасы, 22Кедеш падышасы, Кармел тоосунун жанындагы Жокнеям падышасы, 23Нафат-Дордогу Дор падышасы, Гилгалдагы Гоим падышасы, 24Тирса падышасы. Баары болуп отуз бир падыша.

Currently Selected:

Жашыя 12: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in