YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 13

13
Басып алына элек жерлер
1Жашыянын жашы өтүп, абдан картайып калган кезде, Жараткан Эге ага мындай деди:
– Сенин жашың өйдөлөп, карыдың. Бирок басып алчу жерлер али да болсо көп. 2Ал жерлер мына булар: пелиштилер менен гешурлардын бүт жерлери, 3Мисирдин чыгыш чек арасындагы Шихор дарыясынан тартып, түндүктөгү Экрондун чектерине чейинки аймактар. Бул жерлер канаандыктарга таандык. Ал жерлерде пелиштилердин беш падышасы Газа, Ашдод, Ашкелон, Гат, Экрон шаарларында бийлик кылышат. Түштүктөгү ав элинин жерлери да басып алына элек. 4Түндүктө болсо сидондуктарга таандык Ара жеринен баштап, аморлордун чеги болгон Апек шаарына чейинки канаандыктардын бүт жери. 5Ошондой эле Гебал жери, Хермон тоосунун этегиндеги Баал-Гат шаарынан тартып Хаматка кире бериш жерге чейинки бүткүл чыгыш Ливан жерлери. 6Ошондой эле Ливандан тартып Мисрепот-Майимге чейинки тоолорду мекендеген бардык сидондуктар. Мен бул элдердин баарын ысрайыл элинин алдында кууп чыгарам. Сен болсо, Мен сага буйругандай кылып, ошол жерлерди ысрайыл элине энчи кылып бөлүп бер. 7Азыр болсо, ал жерлерди тогуз урууга, анан дагы менаше жарым уруусуна энчиге бөлүп бер.
Иордандын күн чыгышындагы бөлүнгөн жерлер
8Ал эми рубен менен гаддар жана менаше жарым уруусу Жараткан Эгенин кулу Муса аркылуу Иордандын чыгыш тарабынан энчиге жер алган. 9Ал жерлерге Арнон өрөөнүнүн четиндеги Ароер шаарынан, өрөөндүн ортосунда жайгашкан шаарчага чейин созулуп, Медеба шаарынан баштап, Дибон шаарына чейинки бүт бөксө тоолор кирет. 10Анан дагы Хешпондо бийлик кылган аморлордун падышасы Сихондун аммондордун чек арасына чейинки бардык шаарлары, 11Гилат жери, гешур жана мааха элдери жашаган жерлер, бүт Хермон тоолору, Салха шаарына чейинки Башан аймагы, 12ошондой эле Аштарот менен Эдрейде Башан жерине бийлик кылган жана рафа элинин калдыктарынан болгон Октун падышалыгынын бүт жерлери. Муса аларды талкалап, ал жерден кубалап чыккан болчу. 13Бирок ысрайыл эли гешур жана мааха элдерин кубалап салган жок. Ошондуктан алар Ысрайылдын арасында ушул күнгө чейин жашап келе жатышат.
14Бир гана леби уруусуна энчи берилген жок. Жараткан Эге айткандай, Ысрайылдын Кудайына арналган азык тартуулары – алардын энчиси.
Рубен уруусунун энчисине тийген жерлер
15Рубен уруусунун уулдарына уруктары боюнча Муса бул жерлерди берген: 16Алардын чектери Арнон өрөөнүнүн четиндеги Ароер шаары жана өрөөндүн ортосунда жайгашкан калаадан баштап, Медеба шаарына чейинки бөксө тоолор, 17Хешпон жана анын бөксө тоолорундагы бардык шаарлар: Дибон, Бамот-Баал, Бейт-Баал-Мейон, 18Жахаз, Кедемот жана Мефаат, 19Кириятайым, Сыбма, анан дагы өрөөндөгү дөңдө жайгашкан Серет-Шахар, 20Бейт-Пейор, Физга тоо кыркасынын боорлору жана Бейт-Ашимот, 21анан дагы бөксө тоолордогу бардык шаарлар, Хешпондо бийлик кылган аморлордун падышасы Сихондун бүт падышалыгы. Аны жана ошол жерлерде жашаган Сихондун төрөлөрүн – мидияндардын эл башчылары Эбини, Рекемди, Сурду, Хурду, Ребаны Муса жеңген. 22Ысрайыл уулдарынын кылычынан өлгөндөрдүн арасында Беордун уулу көзү ачык Билам да бар эле. 23Рубен уулдарынын батыш тараптагы чеги Иордан дарыясынан бүтөт. Ушул жердеги шаарлар менен айылдар Рубен уруктарынын энчиси болуп калды.
Гад уруусунун энчисине тийген жерлер
24Муса гад уруусуна да уруктары боюнча жер берген. 25Алардын чегине Жазер шаары, ошондой эле Гилаттын бардык шаарлары, Рабба шаарынын жанындагы Ароер шаарына чейинки аммон элинин жеринин жарымы кирди. 26Ошондой эле түштүктөгү Хешпон шаарынан тартып, түндүктөгү Рамат-Миспе шаары менен Бетоним шаарына чейин, Маханаим калаасынан Дебирдин чегине чейинки жерлер берилген. 27Гад уруусунун жерине дагы өрөөндөгү Бейт-Арам, Бейт-Нимра, Суккот, анан дагы Сапон шаарлары, Хешпон падышасы Сихондун калган падышалыгы кирген. Алардын батыш чек арасы Иордандан тартып, түндүктөгү Киннерет көлүнө чейин созулуп жатат. 28Бул шаарлар менен айылдар Гаддын урпактарына уруктары боюнча энчисине тийген.
Менаше жарым уруусунун энчиси
29Муса менаше жарым уруусуна уруктары боюнча мына бул жерлерди үлүшкө берген болчу: 30Алардын чеги Маханаимга чейин созулуп, ага бүт Башан жери, ошондой эле ал жердин падышасы, Октун бүт падышалыгы, Жайыр басып алган Башандагы шаарлар толугу менен, баары болуп алтымыш шаар кирген. 31Гилаттын жарымы, Башандын падышасы Октун падышалыгындагы Аштарот менен Эдрей шаарлары Менашенин уулу Махирден тараган уруктардын жарымына берилди. 32Ошентип, Муса Иордандын чыгышында, Маап түздүгүндө, Иерихондун маңдайында үлүшкө бөлүп берген жерлер ушулар. 33Бирок леби уруусуна Муса энчи берген эмес. Себеби, Жараткан Эге, Ысрайылдын Кудайы аларга: «Мен Өзүм силердин энчиңер болом» деп айткан эле.

Currently Selected:

Жашыя 13: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in